Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Адвокат: Гүлнара Каримованын абалы оор


Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты Грегоир Мангет 20-июнда кайрадан Ташкентке келди.

Швейцариядагы “Mangeat Attorneys at Law” компаниясынын негиздөөчүсүн Фанни Маргаираз (Fanny Margairaz) жана Элис Парментье (Alice Parmentier) коштоп жүрөт.

Үч адвокат 21-22-июнда Гүлнара Каримова менен жолугушаары пландалган. Өзбекстандын туңгуч президентинин кызы 2015-жылы беш жылга соттолгон жана учурда башка иш боюнча да тергөө жүрүп жатат.

"Прокуратуранын позициясы өзгөрдү"

"Азаттыктын" өзбек кызматы Өзбекстандын Башкы прокуратурасы менен кабарлашканда адвокаттарга "Каримова менен жолугууга эч кандай тоскоолдук жок" деп билдиришти.

Швейцариялык адвокат Грегоир Мангет Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун азыр абакта жаткан кызы Гүлнара Каримова менен биринчи жолу 2016-жылы декабрда жолуккан, бирок кийин 1,5 жылдай аны менен кездеше алган эмес. Ал акыркы жолу Каримова менен быйыл 25-26-апрелде Башкы прокуратуранын имаратында кездешкенин билдирди. Анда расмий Ташкент Каримова менен 21-22-июнда да жолугушуу уюштуруп берүүгө убада берген.

Ислам Каримов жана Гүлнара Каримова.
Ислам Каримов жана Гүлнара Каримова.

Адвокат Грегоир Мангет 20-июнда Ташкентке учуп кетээр алдында "Азаттыктын" өзбек кызматы менен маегинде Ташкенттин, өзгөчө Башкы прокуратуранын акыркы бир канча айда өзгөргөн позициясын белгилеп, анын себебин түшүндүрүүгө аракет кылды:

- Өзбекстандын өкмөтү акыркы айларда Гүлнара Каримованын Швейцарияда камакка алынган акчасынын кайсы бир бөлүгүн же баарын кайтарып келүү үчүн биз менен кызматташуу зарыл экенин аңдап жатат. Алар мага өз ишимди аткарууга мүмкүнчүлүк берүү менен өздөрүнө карата каршылыкты азайтып, акчаны кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтө алышарын түшүндү. Жыйынтыгында апрелде мага Гүлнара Каримова менен жолугууга мүмкүнчүлүк беришкен. Бул иш ушул жумада да уланат.

Гүлнара Каримова төрт жыл мурда, атасынын көзү тирүүсүндө эле камакка алынган. Швейцариялык жактоочунун айтымында, биринчи эки жарым жылы ал үчүн оор болгон. Учурда ал Ташкенттен болжолу үч сааттай аралыктагы абакта жазасын өтөп жатат.

Каримованын тагдырын бир гана адам чечет...

Каримованын абактагы шарты жана ага карата мамиле Мирзиёев бийликке келгенден кийин бир аз да болсо жакшырган, өзгөчө быйыл коопсуздук кызматынын укуктарын кыскарткандан кийин алда канча оңолгон. Ага карабастан жактоочусу анын азыркы абалын “дагы деле оор” деп сыпаттады. Быйыл 25-26-апрелде Каримова менен жалгыз бир канча саат сүйлөшкөн адвокат Грегоир Мангеттин белгилешинче, Гүлнара Каримованы анын ишиндеги белгисиздик абдан бушайман кылууда.

Кездешүү учурунда Каримованын маанайынын тез-тез өзгөрүүсү, чарчагандыгы жана дарынын күчү ага өз иши боюнча ой токтотууга тоскоол болгон.

– Бирок ал кайраттуу жана өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келе жатат, - деди адвокат.

Шавкат Мирзиеёв.
Шавкат Мирзиеёв.

Каримованын абалын "өтө жаман" деп сүрөттөгөн адвокат бул жолу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы менен бул маселени талкуулап көрүү ниетин билдирген. Ошондой эле ал президент Шавкат Мирзиёев менен да жолугушууну каалап жатканын кошумчалады.

Швейцариялык жактоочунун айтымында, Гүлнара Каримованын абалын өзгөртө ала турган жалгыз киши бул – Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Ал ушул максатта мамлекет башчысы менен жолугушууну уюштуруп берүүнү сурап эки ирет өкмөттөгү аткаминерлерге кайрылган.

- Бул адвокат катары өзүмдүн демилгем болду. Гүлнара менден бул тууралуу суранган жок. Мен президентке анын түрмөдөгү абалын жеткирүүнү каалайм. Мен мамлекет башчысына ага карата колдонулуп жаткан кыйноолор тууралуу айтайын дегем. Ошондой эле анын ишиндеги белгисиздик такыр орунсуз экенин түшүндүргүм келет. Өзбекстанда козголгон кылмыш иши боюнча материалдар менен таанышууга тыюу салуу адвокаттардын ишин кыйындатат.

Грегоир Мангет​тин сөзүнчө, 2012-жылы Швейцарияда Гүлнара Каримовага жана дагы алты өзбекстандыкка козголгон кылмыш иши татаал. Ал бул иште Каримованын кызыкчылыгын эске албастан, конструктивдүү чечим табуу мүмкүн эмес. Бардыгына пайдалуу болгон мунасалуу келишимге келүү үчүн ушул күнгө чейин өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келе жаткан Гүлнара Каримова “компромисске барышы мүмкүн" дейт ал.

- Мен адвокат катары ишимди аткаруу учурунда өзүм коргоп жаткан адамга эл аралык стандарттарга жооп берген шарт түзүлүшү үчүн күрөшөм. Эгер Өзбекстандын бийлиги бир гана максатты – Каримованын байлыгын тартып алууну көздөсө, анда биз буга тоскоолдук жасайбыз. Эгер зарылчылык болсо Страсбургдагы Европа сотуна чейин барабыз.

Швейцариялык жактоочунун айтымында, азыркы учурда адвокаттар тобу Гүлнара Каримованын эл аралык коомчулукка белгилүү болгон ишинде ага да, Өзбекстанга да пайдалуу боло тургандай пайдалуу чечим табуунун үстүндө иштеп жатышат. Ал бул жараяндын жыйынтыгында Каримова эркиндикке чыгып, жаңы жашоо баштап, өз байлыгын кайтарып алат деп үмүттөнөт.

Өзбекстан Башкы прокуратурасы былтыр 28-июлда берген маалыматка караганда, Гүлнара Каримова 2015-жылы августта, атасы тирүү кезинде эле Ташкент соту аны салыктарды жашыруу, уурдоо, опузалап акча талап кылуу жана офшордогу компаниялардагы документтерди жок кылуу фактысы боюнча беш жылга соттолгон.

Кийин Гүлнара Каримовага каршы дагы бир кылмыш иши ачылган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ага алдамчылык, чет элдик валютаны жашыруу, бажы мыйзамдарын бузуу, кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу боюнча айыптар коюлган. Расмий маалыматтар боюнча, жалпы алты берене боюнча айып койгон бул кылмыш иши учурда тергелип жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG