Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:21

Гүлнара Каримованын тагдыры дале бүдөмүк


Гүлнара Каримова. 2010-жыл, 10-сентябрь.
Гүлнара Каримова. 2010-жыл, 10-сентябрь.

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара азыр кайда? Тирүүбү? Же көзү өтүп кеткен деген айыңдарда жан барбы? Абакта болсо укук коргоочулар абалын билишеби?

Борбор азиялык башка лидерлердин уул-кыздары сыяктуу эле эрке, ыры менен да, чыры менен да белгилүү Гүлнаранын тагдыры кайрадан журналисттерди кызыктырууда.

"Эрке кыздан" дайын жок

Бир кезде Гүлнаранын ырлары теледен, өзү болсо көңүл борборунан түшчү эмес. Ал өзүн ийгиликтүү маданий ишмер, берешен меценат, ишкер катары таанытып келген. Дипломатия тармагында да бир топ жыл иштеген. Атасынын мураскору болуп саналчу. Азыр мунун баары жок. Гүлнара Каримованын өзү да 2014-жылдан бери ың-жыңсыз. Үй камагына алынганы, кылык-жоруктарынан улам атасынын каарына калганы расмий эмес чөйрөдө айтылып келген.

Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёев Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүл коюуда.
Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёев Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүл коюуда.

2016-жылдын сентябрында Ислам Каримов дүйнөдөн өттү. Бирок ага топурак салгандардын арасынан Гүлнара көрүнгөн жок.

Андан бери ага чет өлкөлүк телекоммуникация компанияларына байланыштуу коррупциялык жаңжал, жүздөгөн миллион долларлык каржылык шылуундук, паракорчулук үчүн Европада, АКШда кылмыш иштери козголгон.

2017-жылы июлда гана ал камакта экени, мекенинде да бир топ берене боюнча айыпталып жатканы расмий билинген. "Фергана" сайтынын башкы редактору Даниил Кислов өзбек Башкы прокуратурасы маалыматка сараң экенин ырастайт:

- Жаңы да, эски да бийлик тушунда Башкы прокуратуранын пресс-релиз, расмий маалыматын гана ала алдык. Акыркы беш жылда болгону эки ирет маалымат берилди. Биринде Гүлнара Каримова кылмыш иши боюнча тергелип жатканы кабарланган. Болжолу бир жыл мурда чыккан. Экинчисинде болсо 2ал камакта жана экинчи кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары сурак берип жатат" деп айтылат. Башка эч кошумча маалымат жок.

Абакта ажал тапканбы?

Жакында Ташкентке барган америкалык "New York Times" гезитинин кабарчысы Род Нордлэнд да ушул суроо кызыктырган. Дайнын сураган катына Башкы прокуратурадан жооп болбогон соң Самарканддагы Ислам Каримовдун мүрзөсүнө зыяратка келген карапайым өзбекстандыктардан сурап көрдү. Айрымдары бул темада сүйлөшүүдөн качса, башкалары азыр анын тагдырына кызыкпай турганын айтышкан. Ошол эле маалда "Каримова көз жумган" деген айыңга ишенип жүргөндөр да бар экен. Мындай кептер мурда да тарап, уулу Ислам аны жокко чыгарган болчу.

Журналист Даниил Кислов да жакында Ташкентте болуп келди. Бирок ал Гүлнара Каримова тирүү жана абакта деп болжойт:

- Өзбекстанга келген европалык адвокаттары да аны менен көрүшө алышпаганы бизге белгилүү. Бирок бул - "ал тирүү эмес" дегенге негиз бербейт. Бийлик аны обочо кармап турган болушу мүмкүн. Анткени Гүлнара Каримова көптү билет. Эгер адвокаттары, журналисттер менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берилсе, ал азыркы бийликке да зыян алып келе турган көп кызыктарды ачышы ыктымал.

Гүлнаранын уулу Ислам Каримов.
Гүлнаранын уулу Ислам Каримов.

Гүлнара Каримованын уулу, таятасынын адашы Ислам Каримов Лондондо жашайт. Ал апасы адам чыдагыс шартта кармалып, укуктары бузулуп жатканын айтып келген. Би-Би-Сидеги акыркы маегинде өткөн жылдын аягында ал “апама байланыштуу чоң окуя болду. Ал абдан купуя сакталууда" деген эле. Бирок ал кандай окуя экенин тактаган эмес.

"Укук коргоочулар Гүлнаранын тагдырына кызыкпайт"

Ушундан улам “Маркум президенттин кызынын тагдыры эмне болду, расмий органдардан сурап көрдүңүздөрбү?” деп өзбекстандык укук коргоочуларга кайрылдым.

- Күч түзүмдөрүнө "Гүлнара Каримованын тагдыры эмне болду?" деп кат жазган жокмун. Анткени биздин ичибизде кесиптештерибиздин айрымдары анын тагдырына кызыкмакчы болгон. Мисалы, анжияндык укук коргоочу Саиджахон Зайнабидинов Гүлнаранын укуктарын коргоо тууралуу демилге көтөргөндө коомчулук, журналисттер тарабынан басымдар болду. Ушундан улам кесиптештеримдин демилгелери сынды, - дейт “Эзгулик” укук коргоо уюмунун өкүлү Абдурахман Ташанов.

Ислам Каримов жубайы, кызы Лола жана анын үй-бүлөсү менен.
Ислам Каримов жубайы, кызы Лола жана анын үй-бүлөсү менен.

Өзбекстанды чейрек кылымдан ашуун башкарган Ислам Каримовдун үй-бүлөсүндө ынтымак жогун үй-бүлө мүчөлөрү өздөрү ачыкка чыгарышкан.

Кенже Ислам апасы Гүлнаранын эркиндикте болушун таенеси Татьяна Каримова, жалгыз таежеси Лола Каримова каалабай турганын айтат. Ал үй-бүлө башчысы өлгөндөн кийинки жарашуу аракеттеринен майнап чыкпаганын баса белгилеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG