Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Саймаитинин өлүмүн парламент иликтейт


Жогорку Кеңеште кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай демилгени киши колдуу болгон ишкер менен байланышы айтылган депутаттар көтөрдү.

Акыркы апталарда Кыргызстандын маалымат каражаттарынын башкы темасына айланган, Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин маселеси бул жолу парламентте көтөрүлдү.

Уйгур тектүү ишкердин өлүмү боюнча маселени Саймаити менен байланышы бар экени айтылган депутаттар айтып чыгышты.

Комиссия түзүү демилгесин буга чейин социалдык тармактарда Саймаити менен байланышта болгону жазылган "Бир Бол" фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов көтөрүп, комиссия түзүү боюнча фракциясынын чечимин көрсөттү:

- Депутаттарды, мени каралаган күчтөр көбөйдү. Бул жерде алаксытуучу маневр болуп жатат. Кандайдыр бир күчтөр өзүнөн башка жакка бургусу келип жатат. Саймаити ким, Кыргызстанга качан келген, кантип кеткен, кыргыз паспортун кантип алган, кыргыз дипломатиялык машинасында кантип жүргөн, ал ким менен жакын, ким менен душман болгон - мына ушуларды иликтеш керек.

Мындай демилгени уйгур ишкери менен байланышы болушу мүмкүн деген Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров да колдоду:

- Өлүмгө биздин тиешебиз жок. Укук коргоо органдары текшерет. Түркиянын полициясы өтө күчтүү иштейт.

Натыйжада парламент жумуш бүтөөрдүн алдында комиссиянын курамын бекитти. Ага 12 депутат кирди. Алар: КСДП фракциясынан Искендер Матраимов, Өмүрбек Бакиров, Сайдиломжон Жураев жана Аалы Карашев, «Республика - Ата Журт» фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов кирди. «Кыргызстандан» Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Өнүгүү-Прогресстен» Тынчтык Шайназаров, «Бир Болдон» Алтынбек Сулайманов, «Ата Мекен» фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов кирди.

Эми комиссия Саймаитинин өлтүрүлүшү, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттар боюнча жана "Азаттыктын" иликтөөсүндө айтылган Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтөөнү ниеттенүүдө. Алтынбек Сулайманов комиссия Түркиянын расмий органдары менен кызматташып, тиешелүү маалыматты алууга аракет кыларын "Азаттыкка" айтып берди.

Саймаитинин иши: Сулайманов депкомиссия тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00

Буга чейин социалдык тармактарда депутат Алтынбек Сулайманов менен анын фракциялашы Дүйшөн Төрөкуловдун уйгур ишкери менен тааныш болгону айтылса, КСДПнын мүчөсү Төрөбай Зулпукаровду Саймаити автоунаасын айдап жүргөнү кабарланган Кыргызстандын Стамбулдагы экс-баш консулу Эркин Сопоков аркылуу байланыштырган маалыматтар чыккан.

Мындан сырткары Саймаитинин Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Раимбек Матраимов менен байланышы боюнча буга чейинки журналисттик иликтөөдө айтылган. Анда Саймаити жана анын жубайы аркылуу Матраимовдордун атасынын атынан түзүлгөн фондго каражаттар которулганы кабарланган. Матраимовдор "Саймаитини тааныбайбыз" дегенден башка жоопту айтышпайт.

Жанар Акаев
Жанар Акаев

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Саймаитинин өлүмүнөн соң өлкөдөгү саясий күчтөр ишкер менен байланышын биринен-бирине түртүп, жоопкерчиликтен кутулууга аракет кылып жатканын белгилейт:

- Азыр ар кайсы саясий күчтөр бул маселени бири-бирине оодарууга аракет кылганы туура эмес. Депутаттык комиссия иликтегенде “Азаттыкта” айтылган Кыргызстандан чыгарылган акчанын баарынын тарыхына сөзсүз кызыгышыбыз керек. Түркияда башкы консулубуз баш болуп Кыргызстандын атына чоң көлөкө түшүрдү. Элибиздин башы айланып калды, “Кыргызстанда соо саясатчы калдыбы?” деген суроо пайда болду.

"Саймаити менен сүйлөшүп тургам"

Чынында эле Саймаити өлтүрүлгөндөн бери бул ишкерди Кыргызстанга байланыштырган маалыматтар күн сайын ачыкка чыгууда. Эки жылдан бери издөөдө жүргөн ишкер менен жакын тааныш болгонун улам бир саясатчы моюнуна алууда. Маселен, парламент депутаты Дүйшөн Төрөкулов Саймаити менен Кыргызстандан качып кеткен соң да байланышып турганын "Азаттыкка" айтып берди:

- Аны менен ишкерлик байланышым болгон эмес. Бирок жеке байланышым бар болчу. Ош, Кара-Суу кичинекей эле аймак да. Ал жерде баары бири-бирин тааныйт. Айеркен Саймаити чуу жараткан жигит. Анын аты миллиондогон акча боюнча айтылып жатат. Ал иши жүрүшкөн уйгур улутундагы соодагерлердин бири болгон. Аны көп киши таанычу, көбү менен мамилеси бар болчу. Саймаитини Кыргызстандан чыгып кеткен соң Стамбулдан деле көргөм. Учурашканбыз, мамиле кылганбыз.

Мындан сырткары Саймаити менен муфтий Максат ажы Токтомушев менен түшкөн сүрөтү Интернетке жарыяланып, Муфтият түшүндүрмө берди. Андагы маалыматка ылайык, муфтий Саймаити менен сүрөткө эки-үч жыл мурун Сауд Аравиясында чогуу түшкөн. "Бирок эч кандай байланышы болгон эмес" деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңеш чуулгандуу ишкердин өлүмүн иликтөөгө киришип жаткан чакта комиссиянын курамынан жана жыйынтыгынан күмөн санагандар чыгууда. Эксперт Руслан Акматбек Саймаитинин мыйзамсыз иштерге катышы жөнүндө буга чейин айтылса да, депутаттардын аттары аталган учурда гана аракетке өткөнүн сындап жатат:

- Бир чети популизм. Элге жан тартымыш болуп, күйүп жатканын көрсөткүсү келди. Экинчиден, бул маселени колуна алып, көзөмөл кылышы керек. Иликтөөнүн жүрүшүндө күтүлбөгөн бир жыйынтык болуп кетсе, аны көзөмөлдөп туралы деген да далалат болушу мүмкүн. Үчүнчүдөн, бизде мамлекет бир нерсени чече албаса же чечкиси келбесе комиссия түзө коюп, чиелештирүүнү адатка айландырган. Ошондой деле болушу мүмкүн.

Кыргызстанда чуулгандуу иштер боюнча далай депутаттык комиссия түзүлгөн. Бирок алардын көпчүлүгүнүн жыйынтыгы бас-бас болуп, эмне менен бүткөнү белгисиз бойдон кала берүүдө.

Эмне үчүн Саймаитинин иши маанилүү?

Уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде атып кетишкен. Ал ооруканада каза тапкан. Эртеси күнү аны өлтүрүүгө байланышы бар делген үч киши - сириялык Али Исбех жана кыргыз паспортун алып жүргөн Хусейн Ахметалиев менен Абдулла Энвер Адана шаарында кармалган. Мамлекеттик каттоо кызматы жогорудагы эки адам "Кыргызстандын жарандары эмес" деп билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейнж Ровер» автоунаасынын номуру Стамбул шаарындагы кыргыз консулдугуна таандык экенин ырастаган. Ал эми жолтандабас окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковго таандык экени аныкталган.

“Азаттыктын” иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG