Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Кимсановдун жакындары жардам сурашты


Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсанов сабалды деген сүрөт. Сүрөт Кимсановдун аялы Мария Заворотняянын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсанов сабалды деген сүрөт. Сүрөт Кимсановдун аялы Мария Заворотняянын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун жакындары президент Сооронбай Жээнбековго видео аркылуу кайрылышты. Алар Кимсановдун аялы жана төрт баласы коркутууга кабылып жатканын билдиришүүдө.

Буга чейин «Жарандык көзөмөл комитети» да Кимсановго окшогон ири коррупциялык иштердин негизги күбөсүн коргоп калыш үчүн президентке кайрылуу жолдогон. Бирок укук коргоочулар менен Кимсановдун туугандары бийлик тарабына буга эч кандай реакция болбой жатканын белгилеп жатышат.

4-майда «Фейсбукта» жарыяланган кайрылуу тасмадан 30дай кишини, арасынан карыяларды көрүүгө болот. Алар Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун Ош облусуна караштуу Алай районунда жашаган туугандары. Чогулгандар Кимсанов негизсиз куугунтукталып жатканын айтып, президенттен иштин калыс чечилишине жардам сурашты.

Ошондой эле алар Жээнбековго буга чейин да кайрылышканын, бирок натыйжа болбой жатканын айтышты. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ишти жеке карамагына алууга убада берсе да калыс чечим болбой жатканын белгилешти. Кимсановдун аялы жана төрт баласы коркуп жашап келатканын билдиришти.


Өзүн Эмилбек Кимсановдун бир тууган карындашымын деп тааныштырган Элиза Кимсанова буларга токтолду:

«Урматтуу Сооронбай Шарипович, биз, Кимсанов Эмилбектин бир туугандары, үй-бүлөсү сизден суранабыз. Агам Эмилбекке карата мыйзамсыз болуп жаткан аракеттерди жана анын коопсуздугун өз көзөмөлүңүзгө алып, ага акыйкат чечим чыгарарына көз салат деп ишенебиз».


Кимсанов токмоктоо тууралуу арыздын негизинде Орусиядан кармалып келген. Ал азыр Бишкектин №1 тергөө абагында отурат. Анын аялы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган. Интернетке видео менен чогуу чыгарган сүрөттөн Кимсановдун каруусу көгала болуп канталап калганын көрүүгө болот.

Мына ушул «абактан сабалды» деген кабардан кийин «Жарандык көзөмөл комитети» да президентке кайрылган. Аталган комитеттин координатору Динара Ошурахунова «бийлик коррупция менен чындап күрөшөбүз десе, Кимсановго окшогон негизги күбөнү коргоп калышы керек. Бир кезде Кытайдын жараны деген Айеркен Саймаити иликтөөчү журналист Али Токтакуновго коррупциялык иштерди ачыкка чыгарганы үчүн аны өлтүрүп кетишти. Эми Кимсановду да өлтүрүп койбосун деп чочулап жатабыз» деп билдирген болчу. Бирок андан бери президенттик аппараттан да, Жогорку Кеңештен да эч кандай реакция болбой жатканын белгиледи.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Менинче, бул жерде кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар. Ошондуктан көрмөксөнгө салып жатышат. Болбосо башка иштерди бат эле карап, тездик менен чечим чыгарып жатышпайбы. Коомчулукка «мамлекеттик органдардын көпчүлүгү Матраимовдорго иштеп калган» деп айтылып эле жатат. Ушул себептен бул ишке келгенде билмексен, укмаксан аракеттер болуп жатат», - деди Ошурахунова.

Президенттик аппарат бул кайрылууга карата жообун алууга мүмкүн болгон жок.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өзүнө карата дооматка комментарий бере элек. Анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «шайлоонун алдында мындан да укмуштуу, фантастика жанрдагы башка жомоктор чыгат» деп билдирген жайы бар.

Кимсановдун сабалышы боюнча анын жактоочусу Назгүл Сүйүмбаева Башкы прокуратурага кат жолдогон.

«10-апрелде жазган каттын жообун 30-апрелде алдым. Алар «бул ишти ЖАМКнын жетекчисине тапшырыптыр. Ошолор карап чыгып сизге жооп берет деп айтышты. Мындан башка сөз болгон жок. Негизинен биздин арызды Башкы прокуратурага караштуу жабык жайлардагы мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмү карашы керек эле. Бирок эмнегедир ЖАМКга кайра жөнөтүп коюшту».

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген дооматты четке каккан. Мекеменин басма сөз кызматы Кимсанов эч кандай коркутуп-үркүтүү, кол көтөрүү болбогонун, эч кимге доосу жок экенин айтып, түшүнүк кат жазып бергенин маалымдаган.

Акыйкатчы Токон Мамытов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кат жиберген соң «Кимсановдун өмүрү коркунучта болбой калды» деп ишендирди.

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

«Биз Жаза аткаруу мамлекеттик кызматтын жетекчилигине кайрылганбыз. Кимсановдун коопсуздук маселесин карап, ал отурган камерага видео көзөмөл коесуңарбы же вахталык нөөмөтчү коёсуңарбы, кыскача айтканда жеке коопсуздук маселесин чечкиле деп айтканбыз. Бул билдирүүдөн кийин биз койгон маселени ЖАМК чечкен. Учурда Кимсанов видео көзөмөлү бар камерада отурат».

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Ал башка бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин аны Эмилбек Кимсанов менен Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу адам токмоктогону тууралуу жазган арызынын негизинде быйыл февралдын этегинде Орусиядан кармалып келген жана сот чечими менен үй камагына чыгарылган.

Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы 31-мартта өзгөртүлүп, №1 тергөө абагына киргизилген. Мурдагы бажычынын камак мөөнөтү 16-июнга чейин узартылганын.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG