Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Саймаитинин иши: Эки күбөнүн көрсөтмөсү жана «Азаттыктын» тактоосу


Депутаттык комиссиянын жыйыны, 2-июнь, 2020

Кытайдын жараны, маркум Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссияга УКМКнын тергөөчүлөрү журналистке каршы көрсөтмө берген эки күбөнүн видео тасмасын көрсөттү.

Былтыр 10-ноябрда Стамбулдун чок ортосунда уйгур тектүү жеке ишкер Айеркен Саймаити киши колдуу өлтүрүлгөн. Андан мурда ал журналисттерге Кыргызстандын Бажы, фискалдык кызматтарындагы коррупцияны ашкерелеген документтер менен бөлүшкөн. Анда Бажы кызматынын бир кездеги төрага орун басары Райымбек Матраимовдун бул иштерге байланышына, Хабибула Абдукадыр менен бизнес өнөктөштүгүнө кенен орун берилген.
Ошондой эле Саймаити бир нече жылдар бою Кыргызстандан чет өлкөлөргө кеминде 700 млн. долларды чыгарып кеткенин билдирип, документтерин берген. Анда ал өзүн тымызын акча адалдоонун адисине айланганын айтып берген. Бул ишке Борбор Азияда көмүскө иш жүргүзгөн, кыргыз бажысы тарабынан калкаланган "Абу-Сахий" компаниясынын ээси Хабибула Абдукадырдын тапшырмасы менен барганын ырастаган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Хабибула Абдукадыр Кыргызстандагы жогорку кызмат адамдары менен байланышта болгону аныкталган.
Саймаитинин өлүмүнөн кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары тергөө иштерин баштаган. Ошол эле маалда убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.
2-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат аталган депутаттык комиссиянын отурумунда эки күбөнүн видеосун көрсөттү. Улам түрдүрүлүп, айрым гана жерлери көрсөтүлгөн видеодо сүйлөгөн адамдардын сөзүн өзгөртпөстөн сунуштайбыз.
Айрым жерлеринде алардын айткандары боюнча "Азаттыктын" тактоосу бар.

Али Токтакунов: УКМК карандай калпты таратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00

Биринчи күбөнүн көрсөтмөсү

Бишкек шаары, 16.05.2020 убактысы: 11 саат 16 мин

Кошумча тергөөнүн протоколу.

Мекеме аралык тергөө тобунун тергөөчүсү, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, юстициянын майору Майлыбеков.

Мен Сопоков Эркин Мамасалиевич,

Туулган күнү, жылы: 20-март, 1967-жыл

Туулган жери: Ош облусу, Фрунзе району, Кадамжай айылы.

"Азаттыктан" тактоо: Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков 28-ноябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2020-жылдын 28-январына чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалып, ошондон бери камакта жатат.
УКМКнын түшүндүрмөсү боюнча, Эркин Сопоковго үч эпизод боюнча айып коюлган.
Алардын бири - «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу». Сопоков дипломаттык номер тагылган өзүнө таандык «Рейнж Ровер» үлгүсүндөгү автоунаасын Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге жана башкаларга мыйзамсыз берген деп шек саналууда.
Мындан сырткары мурдагы башкы консул Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча 200 миң доллар тапкан, 47 миллион сомго кыймылсыз мүлк алган деп шек саналып жатат.
Буга кошумча катары Эркин Сопоков консул болуп турган кезинде жубайы Стамбулда жашабаганына карабай бюджеттен 30 пайыздык төлөмдү, медициналык жана башка чыгымдарга 31 миң доллардан ашык каражатты мыйзамсыз алып жүргөнү айтылган.

Сопоков: Башкы консулдуктагы иш-чарага Айеркен Саймаити болжол менен сентябрь айында келген. Кирип учураштык. “Сиз мени билесизби?” – деп сурады. “Билем, 2010-жылы Ноогарданда базар курбадың беле”. “Ооба, ооба” – деп, учурашып, сүйлөштүк. Ал уулунун паспортунун мөөнөтүн узартканы келиптир.

"Азаттыктан" тактоо: Кытай жараны Айеркен Саймаитинин уулунда Кыргызстандын жарандыгы жана паспорту бардыгы тууралуу маалымат буга чейин эч бир жерге чыккан эмес. Ал эми Саймаити өзү Кыргызстандын жасалма паспортун алганы ашкереленген.

Сопоков: Жолугушуп, чай ичишип калганда, Өзбекстандагы “Абу-Сахинин” ээси, Ажыке... деген ага чоң суммадагы акча карыз экенин айткан. Карызды бербей жатат, аны алсам өз ишимди жүргүзөм...деген сыяктуу нерселерди айтчу.

Андан кийин биз жолугуп, сүйлөшүп, чай ичкенде “Абу Сахинин” ээси Абдукадыр Хабибула 830 миң доллар карыз экенин айткан.

Тергөөчү: Саймаитигеби?

Сопоков: Ооба, бирок карызын кайтаргысы келбей жатканын айткан.

Тергөөчү: Айткан жокпу?

Сопоков: Мен андан «карызды нак акча менен бердиңби» деп сурадым. Ал «жок, мен анын кол алдында иштегем, «Абу-Сахинин» акча каражатын Стамбулга ташыгам. Ал менин иштеп тапкан эмгегимди төлөшү керек. Канча жылдан бери төлөбөй жүрөт. Карыз топтолуп отуруп ... 830га жетти» деп айткан.

Ал негизинен Өзбекстандан Кыргызстан аркылуу Стамбулга деп айткан. Айеркен карызын кайтаруунун жолун тапканын – журналисттер менен сүйлөшүп жатканын айткан.

«Кандай журналист» деп сурадым. Ал «Азаттыктын» журналистти Али Токтакунов менен сүйлөшкөнүн айтты. Ал бир [акча] ташыганын квитанцияларын ага бердим деген. Маалымат каражаттарына, «Азаттыкка».

Тергөөчү: Эмнеге ал квитанцияларды бериптир? Качан бериптир?

Сопоков: Ал мага айткандай, жалпысынан 2018-жылы, ал 2018-жылы мына журналисттер менен сүйлөшүп жатам, «Абу-Сахиге» карызымды кайтарып алуу үчүн таасир эткенди сүйлөшүп жатам деген.

(Тергөөчү дагы тактайт)

Сопоков: февраль-мартта Айеркен бир нече квитанцияны Али Токтакуновго материал даярдаганга бердим деген. Айеркен Саймайити Хабибула, Ажыке менен такай телефондон сүйлөшүп турчу. Кээде биз бир столдо отурганда да телефондон сүйлөшчү. Алар бири бири менен сый сүйлөшчү. Телефондон сүйлөшкөндө Айеркен «Ажыке, качан карызды бересиз?» дечү.

"Азаттыктан" тактоо: Токтакунов февраль-март айларында Айеркен Саймаитини таанычу эмес. Алгачкы жолу Саймаити журналистке 2019-жылдын 18-апрелинде телефон чалган. 11-майда Стамбулда документтерди алуу жана Саймаитинин түшүндүрмөлөрүн угуу үчүн жолугушкан.

Сопоков: ​Андан кийин Айеркенге дагы бир жолу жолукканда, менимче 2019-жылдын апрель айы болчу.

«Абу-Сахинин» ээси ажыке 830 миң доллардын 300 миң долларын берди. Ошонун ичинен 300 миң долларын кайтарды» деп айткан. Апрелде алдым деп айткан. «Кантип кайтарды, банк аркылуубу?» десем, Айеркен бирөөлөрдөн берип жибергенин айткан. Май айында дагы жолуктук.

Тергөөчү: Кайсы жылдын майы?

Сопоков: …миң тогуз жүз он тогузунчу жылы. Майда жолугуп, чай ичтик. 300 миң доллар берди, калганын бербей жатат деп айтты. Калганын бербей койду. Ал акчанын баарын берсе жакшы болот эле деп калчу. Июнда башында «Абу-Сахинин» ээси, ажыке 200 миң доллар карызын Стамбулга Айеркенге берип жибергенин айткан.

Тергөөчү: Качан?

Сопоков: 2019-жылы, июндун башында

(тергөөчү тактайт)

Сопоков: Ал жакында «Азаттыктан» журналист Али Токтакунов Стамбулга келиши керек. Аны менен жолугам. Кайтарылган акчадан ага 50 миң доллар берем деп айткан.

"Азаттыктан" тактоо: Али Токтакунов Бишкектен Прагага 19-июнда Стамбул аркылуу учуп келген. Стамбулдун аэропортунан сыртка чыккан эмес жана Саймаити менен жолуккан эмес. Учактан учакка отуруу убактысынын кыскалыгы сыртка чыгууга да мүмкүндүк бермек эмес. (Бул маалыматты Токтакуновдун колундагы учакка отурган билети жана үч эл аралык аэропорттогу маалымат тастыктайт).

Тергөөчү: Кимге?

Сопоков: Али Токтакуновго, журналистке. Ал 50 миң АКШ долларын беришим керек деген.

Тергөөчү: Эмне үчүн?

Сопоков: Мен эмне үчүн деп сурасам, ал “биз ошентип макулдашканбыз, ал ММК аркылуу карызымды кайтарганга жардам берет, мен ал суммадан мен ага берем» деп. Жалпы суммасы 50 миңби – деп айттым. Ал жок, жалпы суммасы 100 миң доллар беришим керек. Азыр 50 миң берсем, кийин калган суммасын. Эгер «Абу-Сахиден» карызымды алсам, дагы 50 миң берем.

Анан кийинчерек жайында болчу. Июндун аягы же июлдабы Айеркин мага жолугуп, жакында эле «Азаттыктын» журналисти Али келгенин айтты. "Мен ага 50 миң бердим" деди.

"Азаттыктан" тактоо: Биринчиден, Сопоков Саймаитинин "50 миң доллар бердим" дегенине эч кандай далил, документ көрсөтө алган жок.

Экинчиден, Али Токтакунов 2019-жылы 31-июлда Стамбулда Саймаити менен жолугушуп, документтердин дагы бир бөлүгүн алган. Экөөнүн жолугушуусуна күбө болгон башка адамдар дагы бар. Ага чейин Али Токтакунов Чехиянын аймагынан чыккан эмес. Муну паспортундагы чек ара кызматтарынын мөөрлөрү тастыктайт.

Тергөөчү: Калганын бериптирби же бербептирби?

Сопоков: Ал жалпысынан 300 миң, анан эки жүз, жалпысынан 500 миң алганын айтты.

Тергөөчү: Ал кимден алыптыр?

Сопоков: Ажыкеден, Хабибуладан.

(тергөөчү тактайт)

Сопоков: Айеркен Саймаити августта Ажыке, Хабибула Абдукадыр Өзбекстандан Стамбулга учуп келерин айткан. Ал августта же сентябрда учуп келерин убада кылган. Жакында келет, бул жерде жолушуп, сүйлөшүп, чай ичебиз. Ошондо ал калган акчаны алып келерин айтты.

Тергөөчү: Айеркен Саймаити «Азаттык» мекемесинин журналисти Али Токтакуновго кандай документтерди бергенин айтты беле?

Сопоков: Айеркен Саймаити өзү банк аркылуу жиберген кандайдыр бир квитанцияларды айткан. Ал Кыргызстанда жашап жүргөндө Стамбулга, Кытайга акча жиберчү. Мен түшүнгөндөн ошол квитанциялар.

Экинчи күбөнүн көрсөтмөсү

Бишкек шаары, 6-декабрь, 2019-жыл, убактысы: 11:50 мүнөт.

Күбөнү сурак кылуу протоколу.

Ведомстволор аралык тергөө тобунун тергөөчүсү, УКМКнын Башкы тергөө башкармасынын башчысы, өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчү, юстициянын майору Эржан Майлыбеков КР Жазык-процессуалдык кодексинин 163, 189, 190, 191, 192 жана 195-беренелеринин талаптарынын негизинде күбө катарында Тиллабаев Рустам Сатибаевичти суракка алдым.

Тиллабаев: Эки жыл. Ошо 2018-жыл.

Тергөөчү: Гид жана котормочу катары? Эки миң кайсы жыл дейсиз?

Тиллабаев: 2018.

Тергөөчү: Болжол менен да, примерно да?

Тиллабаев: Примерно да. Может 2017-жыл, анда да болушу мүмкүн, бирок 2018-жыл скорее всего.

Тергөөчү: Фирма өзү Сауди Арабиясындабы, ээ?..

Тиллабаев: Ооба. Мекке шаарында, Медина, эки шаарда..

Тергөөчү: Та-ак... Сиз жумушуңуз эмнеде? Эмне иш кыласыз?

Тиллабаев: Ал жердеби?

Тергөөчү: И-и...

Тиллабаев: Ал жерде гид катары же болбосо таржима [б.а. котормо].

Тергөөчү: Мекке шаарын көрсөтөсүз. Башка шаарга да чыгасызбы?

Тиллабаев: Мен Мединада жашайм. Ошого Мединага келе турган адамды тосуп алам.

Тергөөчү: А-а, сиз Мединадасыз, э?

Тиллабаев: Ооба.

Тергөөчү: Фирма Меккеде, сиз Мединадасыз.

Тиллабаев: Жок, фирма – ал туристический фирма болгондон кийин булар менен иштегенден кийин... айтор...

Тергөөчү: Кимдин?

Тиллабаев: Саймаитинин. Эркин Самиятов окшойт...

Тергөөчү: Самиятовдун атында?

Тиллабаев: Ошондой, паспортто ошондой.

Тергөөчү: Эркин Самятов... У-гу... Виза чыгарыптыр...

Тиллабаев: Визасын чыгарыптыр, анан фирма мага сүрөтүн чалды... Сенин тилиңи түшүнбөйм жана келип коюптум... Ошо нема... тосуп кал.

Тергөөчү: У-гу...

Тиллабаев: Извините, биринчи болуп таанышканыбызда Мекке шаарында эмес, Жидда шаарында тосуп алгам.

Тергөөчү: Жидда шаарында тосуп алынды, да?

Тиллабаев: Жидда шаарында тосуп алдым. Анан мен аны тосуп алгам.

Тергөөчү: Аэропорттон?

Тиллабаев: Ооба. Аны менен бирге... Ахмед Хамди.

Тергөөчү: Ахмед?

Тиллабаев: А-ха, Хамди. 2018-жыл кышында. Умра масанында алып келинген.

Тергөөчү: Өзүн кандай деп, ким деп тааныштырды өзүн? Кандай деп атады, Эркин деп атадыбы?

Тиллабаев: А-а... [Пауза] Фирма мага виза менен анын паспортун жөнөтүп коёт. Аны мен таанышым үчүн.

Тергөөчү: Сиз экөөнү тосуп алдыңыз, ээ?

Тиллабаев: И, экөөнү тосуп алдым, Кыргызстандан акча котором деп айткан.

Тергөөчү: А тиги жанында жүргөнчү, Ахмед Хамдичи?

Тиллабаев: Жок, ал түрк экен, аны менен анчалык деле сүйлөшкөнүм жок.

Тергөөчү: Ал эмне иш кылган түрк билбейсиз, э?

Тиллабаев: Жок, ал сүйлөгөн жок да.

Тергөөчү: Май айынын акырында, э?

Тиллабаев: Ооба.

Тергөөчү: Жанындагысы ким эле?

Тиллабаев: Ахмед. Анан чогуу жүрдүк. Ахмед Хамди менен келипти.

Тергөөчү: Ахмед. Хамди. Учуп келди. [Пауза] Экинчи жолу, үчүнчү жолу келгенде сапарларынын негизги максаты кандай болгон?

Тиллабаев: Бардыгынын негизги максаты мындай болгон. [Пауза] Ал жолдо көп сүйлөшүп кетет эле телефон менен. [Пауза] Сүйлөшүп жаткан кезде жума, шанба [ишемби], жекшемби күндөргө кылбагыла. Ал күндөрдө....

Тергөөчү: Та-ак, жума...

Тиллабаев: Шамба... Шамба кандай болот?

Тергөөчү: Так, суббота да.

Тиллабаев: Жума – пятница, суббота, воскресенье. Шамба – ишамбабы кандай? [Пауза]

Тергөөчү: Бейшемби болуп калабы?

Тиллабаев: Жок, суббота.

Тергөөчү: Жума...

Тиллабаев: Ну, в общем-то суббота.

Тергөөчү: У-гу...

Тиллабаев: Унчукпай, оозуңду чыгарбай, телефонду ойнобой оту-ур... деди.

Тергөөчү: Эркин унчукпай, үнүңдү чыгарбай да...

Тиллабаев: Үнүңдү чыгарбай, телефонду алып ойнобой. [Пауза] Вообще, овозиңизди чикарбай отириң деди. - Былк этпей отуруң деди да. Орусча түшүнбөйт.

Тергөөчү: Такыр үнүң чыгарбай отур деди э?

Тиллабаев: Деди. Эмнеге дегенде мен интервю берем деди. [Пауза] Анан интервюсун берди.

Тергөөчү: Жанагы видеодон көрсөтүлгөн. Сидели на стульях, получается. Мындай болуп.

Тиллабаев: Жанагы телефондон.

Тергөөчү: Ким тартып атты, ошондо?

Тиллабаев: Жок, эч ким тартып аткан жок.

Тергөөчү: Мындай да, телефонун коюп койгон, колунда телефон барбы? За столом.

Тиллабаев: Мындай коюп. [Пауза]

Тергөөчү: Калганы гостиницада э?

Тиллабаев: И.

Тергөөчү: Кайсы жерде?

Тиллабаев: Эмне, кандай?

Тергөөчү: Помещение? Номериндеби?

Тиллабаев: Гостиница... Озининг номерида. [Пауза]

Тергөөчү: Телефон менен сүйлөштү да?

Тиллабаев: Сүйлөштү, өтө, аябай чоң хурсанд болду.

Тергөөчү: Курсант болдубу э?

Тиллабаев: Ооба. [Пауза] Анан мага дагы көрсөттү, көргүлө деп. [Пауза]

Тергөөчү: “Азаттыктын” иликтөөсү экен, ээ?

Тиллабаев: А кандай дейт билбейм, иши кылып видеону тартышкан, иликтөө, э?

Тергөөчү: Иликтөөсүнүн биринчи чыгарылышы болгон э, эң биринчи чыгарылышы?

Тиллабаев: Ооба. “Миллиондор изи» дейби, кандай дейт, ошондой э?..

Тергөөчү: Эсте да жок, ушу “Миллиондордун изиби” деп ушу чыккан.

Тиллабаев: Ошондой, биринчи чыккан чыгар. [Пауза] Андан кийин бир сүйлөп берди. [Пауза]

Тергөөчү: У-гу...

Тиллабаев: Али менин досум болот... [Пауза]

Тергөөчү: Так, Алини, и-и... Токтакуновду айтып атат да, э?

Тиллабаев: Мен фамилиясын билбейм. Ошо...

Тергөөчү: ...журналист... “Азаттыкты” айтып жатат да?

Тиллабаев: “Азаттыктын” журналистын.

Тергөөчү: Менин досум болот ....

Тиллабаев: Деди, бул мага жардам берип атат. Катуу туруп берер деди.

Тергөөчү: У-гу...

Тиллабаев: Мединадан кайтып келгенден кийин... анан... нема... телефонго кели-ип көрүп, анан урушту баштадык. Кээ бир кезде жанымда сүйлөштү, кээ бир кезде тышкарыга чыкып сүйлөштү. [Пауза]

Тергөөчү: Көп жолу, э?

Тиллабаев: Ооба. [Пауза] Анан мага Медина шаарына... [Пауза]

Тергөөчү: Так, азыр, бүтүрө коёюн... [Пауза] Көп урушуп сүйлөшүп баштады, ээ?

Тиллабаев: Ооба.

Тергөөчү: Эмне себеп, түшүндүрдүңөрбү?

Тиллабаев: Азыр айта берейин. Чыкып калса... нема... сурайсыз да, а?

Тергөөчү: Хорошо.

Тиллабаев: Анан... а-а... бул чыгармачылык эки бөлүмү экен, бирок айтпайт. [Пауза] Экинчи бөлүмүсүн Али буну рухсат берувини карап анан чыгарат экенын... [Пауза] мага айтты. [Пауза]

Тергөөчү: У-гу...

Тиллабаев: Анын бул... неге кылыватканы шу да... [Пауза] Ошол урушуп жаткан жактан акча алуу. [Пауза] «Истеген» деген не болот, кандай болот?.. Каалоосун мага сүйлөдү... [Пауза] Анан мен ага мындай кылбайт эмес... алдамчылык кылган... [Тасмада үзүк]

Тергөөчү: И-и, айта бериңиз.

Тиллабаев: Андан ким билбейм, ал экки миллион сураватат эле... ошо урушуп аткан адамдан да...

Тергөөчү: Та-ак, азыр, «ким экенин билбейм»...

Тиллабаев: Эстей албай жатам да...

Тергөөчү: ... адамдан эки миллион, Эркин, ээ?

Тиллабаев: Ооба, Эркин. 2 миллион АКШ долларын сурап атат. [Пауза]

Тергөөчү: Ии.

Тиллабаев: Анан алар мага 600 миң берди деп айтты Эркин. [Пауза]

Тергөөчү: 600 миң долларбы, э?

Тиллабаев: Доллар.

Тергөөчү: Аны эмнеге берди?

Тиллабаев: Ы-мм... Ушу, и-и, мындай... мен кийин сүйлөйүн, анан сүйлөйүн. Анан мен ага без ничего акча алган болбойт го, неге мындай кыласыздар? Мындай иштерди кылбагыла деп айттым.

Тергөөчү: Та-ак, «акчаны алганга болбойт, мындай иштерди кылбаңыз», э?

Тиллабаев: И-и.

Тергөөчү: Укпады, ээ?

Тиллабаев: Десем ал: «минеге кылбайм? Анан... мен үч күндө эки машинеден көп пул тапсам?» деп шундай айтты.

Тергөөчү: Үч күндө кандай дейсиз?

Тиллабаев: Үч күндө 600 миң доллар тапып, эң жакшы, мошенниктен дагы жакшы иш кылып атсам, неге кылбайм деп ушинтип айтты. [Пауза]

(Кийинки бөлүм)

Тергөөчү: Видео жүргүзүлүп жатат. Күбөнү кошумча суракка алуу протоколу. Бишкек шаары, 2019-жыл, 12-декабрь...

Тергөөчү: Катуураак эле сүйлөй бересиз.

Тиллабаев: Мен ошол Айеркен Саймаитинин тосуп алганда фирманын заказы менен.

Тергөөчү: Кайсы жерден тосуп алганда?

Тиллабаев: Мединанын аэропортунан. [Пауза] Биринчи жолу айтканымдай, ал мынабу күндөрдө жасаба, бул күндөрдө жаса деген сөздөрдү сүйлөп кетет эде. [Пауза] Ушул жерге кошумча кылып кетүүнү кааладым. Ал биринчи чыгармалык чыккандан кийин... Тергөөчү: Видео...

Тиллабаев: ...ага катыны Мариям паспорттогу аты Вуфули, мага чалды, Стамбулга, чалып, ал мени добушун көтөрүп урушуп атты. Мени бул иштериңе аралаштырба, сен менин да өлүмүмдү каалайсыңбы, мен сага керек болбосом, балдарыма керекмин, бардыгы жаш. Неге аялыңыз мунча ачуусу чыгып сиз менен урушуп атат, эмнеле болду десем, ал [Айеркен] мага, ал – Айеркен мага: «Бул жасалган документтердин ичинде анын аты да бар эле. Ал ошого ачуусу келип...»

Тергөөчү: Бул документтин ичинде, ээ?

Тиллабаев: «Анын атынан да жасалганы дагы бар эле» деди. Мен: «Кантип түшүнөт бул нерселерди, сиз менен иштешеби?» десем, ал: «Жок, ал иштебейт. Ал үйдө эле отурат. Балдарды карап». Отдельный жасатып, өзүнүн сөзүнөн түшүнүп кеттим. Минеге дегенде ал мага айтты: «Берекет жолу жөнөкөйдөн акча да болушу мүмкүн. Бирок жасалган дагы документтер да бар».

Тергөөчү: Ким айтты?

Тиллабаев: Айеркен Саймаити. Анан дагы кайсы документти жасаганын мен көргөн эмесмин. Бирок банковский котормолорду жасап жатканын ози сүйлөп берген.

Тергөөчү: Тактаган эмессиз, ээ, кайсы документтерин?..

Тиллабаев: Жок тактаган эмесмин. Башында айтканымдай, ал фирма бар-жокту сурай беришти... сурай беришкенде бербейт. Уруксат жок.

Тергөөчү: Ал ким жасаган?

Тиллабаев: Ким менен сүйлөшкөнүн да сүйлөбөйт, атын дагы айтпады. [Пауза]

Тергөөчү: А-а.. аялы Вуфули Бумалийам менен урушуп жатканда бу адам, аялы эмнеден корккон? Юридикалык жоопкерчиликтенби же башкаданбы?

Тиллабаев: Ал айткан кезде «мени дагы өлтүрүп кетишин каалайсыңбы? Неге андай кылыватасыңар?» деп айтты. Ал катыны юридикалык дагы, башка дагы жагынан дагы корккон. Минеге коркту, аны точно билалбайм.

Тергөөчү: А-а.. Кандай документтерди подделка кылганын билесизби?

Тиллабаев: Ал акча которуу жолдору жөнүндө сүйлөгөн. Значит, банковский документтерди подделка кылган. [Үзүк]

Тергөөчү: Аа документтерди ким жарыялаган?

Тиллабаев: Ал документтерди «Азаттыкка» берген. Озининг айтышы бойича. [Пауза] «Азаттыкка» бергенин мен ошо биринчи жолу сүйлөп бердим го. Ал «Азаттыкка» интервью берди деп. Ошол кезде уже айткан, ошондон билдим. [Пауза]

Тергөөчү: Так, айтыңызчы, Айеркен Саймаити жасаган документтерди «Азаттыкка» ким аркылуу берген жана бул тууралуу эмнени көрсөтүп бере аласыз?

Тиллабаев: А-а... Ким аркылуу? Прямой эле берген. Сразу «Азаттыктын» журналисти менен сүйлөшүп туруп, берген. Анын ким экендигин мен көрсөтүүдөн кийин билдим. Ал чыгармачылык чыккыча чейин билбейт элем. Ал журналистти ошондо тааныдым, мен аны мурда билбейт элем.

Тергөөчү: Так, сиз «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов менен телефон аркылуу интервью берип, башка нерселерди сүйлөткөн деп көрсөткөнсүз. Айтыңызчы, булар документтер тууралуу эмнени талкуулашкан? Жана жолугушкан беле булар?

Тиллабаев: А-а... Алардын жолугушуви жөнүндө анан мен Эркинден анан угуп калдым. Ал Истамбулга келген.

Тергөөчү: Стамбулга келген?

Тиллабаев: Аны менен учурашкан... деген сөздү Эркин айтты, бирок мен көзүм менен көргөн эмесмин. [Пауза] Оригинал –– оригинал эмес, болсо дагы документтерден баридан ал Истамбулда алган. Истамбулда учурашкан. [Пауза]

Тергөөчү: ...бу алган документтерди, э?

Тиллабаев: Ооба.

Тергөөчү: ...Али, э?

Тиллабаев: Али. [Пауза] Анан Эркин менен көп жолу сүйлөштүк да бул жөнүндө. Анан мен дагы суроо бердим. Али жөнүндө дагы мен сурадым. Ал мага: «Аны дагы раазы кылам» деп... [Пауза] Экөөбүз дагы акча таап аткандай сөз кылды.

Тергөөчү: Экөөсү дагы акча таап аткандай?..

Тиллабаев: Ну, за кызмат кылганга акча берем дегендей сөз кылды, «раази кылам» депчи. Но точный сумма... мага айткан жок. [Пауза] Мен дагы аны тактап сурабадым. Мага керексиз суроодой туюлду.

Тергөөчү: ... керексиз суроодой?

Тиллабаев: ...көрүнлү...

Тергөөчү: У-гу...

[Тиллабаевдин көрсөтмөсүнүн сунушталган үзүндүсүнүн соңу].

"Азаттыктан" тактоо: Айеркен Саймаитиден журналисттер ондогон документти, банк дүмүрчөктөрүн, анын ичинде ал өзү аралашып жүргөн иштерди ашкерелеген көрсөтмөлөрүн алган. Саймаитиден башка дагы ондогон күбөнүн, коррупциялык схеманы ичинен билгендердин маалыматынын, берген документтеринин негизинде иликтөө жасалган.

Кыргыз бийлиги Саймаити жана анын аялынын атынан кыргызстандык банктардан чет жактарга которулган акчанын жалпы суммасы 930 миллион доллардан ашык болгонун ырастаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (33)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG