Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

«Биз коррупционерлерден коркпойбуз»


«Биз коррупционерлерден коркпойбуз»
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:10 0:00

12-февралда «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурган «2019-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул сыйлык иликтөөчү журналисттерге эки жылдан бери берилет. Сынакты «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштуруп келатат.

12-февралда «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурган "2019-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул сыйлык иликтөөчү журналисттерге эки жылдан бери берилет. Сынакты "Журналисттик иликтөөлөр фонду" уюштуруп келатат.

«2019-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынагынын жеңүүчүлөрү:

1- орун - Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык үч медиага - «Азаттыкка», «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбооруна» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop Media» басылмасына - Кыргызстандан көмүскө жолдор менен мыйзамсыз чыгарылып кеткен миллион долларлар тууралуу чогуу жүргүзгөн иликтөөсү үчүн ыйгарылды.

2-орун - «Kloop Media» басылмасынын Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагынан сатылган жерлер тууралуу иликтөөсү үчүн ыйгарылды.

3-орун Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын жасалгаларынын баасын иликтеген эмгеги үчүн​ «FactChek» басылмасынын редактору​ Болот Темировго берилди.

Атайын кызыктыруучу сыйлыктар «T-Media» журналисти​ Марат Акимбек уулуна «​Ош: ипотекага жамынган үй сатуу бизнесиби?» деген эмгеги үчүн; журналист​Абдылда Темирбердиевге «Уурдалган алтындар» деген эмгеги үчүн ыйгарылды.

XS
SM
MD
LG