Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

«Аймак аралык кастыкты козутту» деген активисттин иши жабылды


Сүрөт Жоробековдун «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
Сүрөт Жоробековдун «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

Жарандык активист Афтандил Жоробековго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул маалыматты 27-майда «Азаттыкка» Жоробеков өзү тастыктап, иш Жазык-процессуалдык кодекстин «Иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар» деген беренесинин негизинде токтотулганы тууралуу расмий кат келгенин айтып берди.

Активист абактан бошонушуна коомчулуктун колдоосу жардам болгонун белгиледи:

«Эгерде коомдо жанагыдай нааразылык болбогондо, толук ишенем, башка нукка бурулуп кетмек. «Фейсбуктагы» ар бир лайк менин абактан чыгышыма миллиметрден салым болуп жатты. Пландары кандай болгонун билбейм, бирок менин ишим боюнча өзүнчө атайын тергөө тобу түзүлгөн, олуттуу эле пландары болгон».

«БеспределKG» баракчасынын модератору Афтандил Жоробековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Аймак аралык кастыкты козутту» деген шек менен 2019-жылы 24-ноябрда кармаган.

Атайын кызмат ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген айып койгон.

Бул чечим жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, бир катар укук коргоо уюмдары активистти эркиндикке чыгарууга үндөгөн.

5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жоробековду үй камагына бошоткон.

«БеспределKG» баракчасына Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып турган. (RK)

XS
SM
MD
LG