Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 04:34

Активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыгарылды (видео)


Афтандил Жоробековду колдоп сотко келгендер.

Камакта отурган активист Афтандил Жоробеков 24-январга чейин үй камагына чыгарылды. Анын бөгөт чарасы 5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.

Жарандык активист, «Фейсбуктагы» «БеспределKG» баракчасынын модератору Афтандил Жоробековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Аймак аралык кастыкты козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган.

Афтандил Жоробеков үй камагына чыгарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00

Атайын кызмат ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген кине коюуда.

«БеспределKG» баракчасына акыркы учурларда Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар боюнча маалыматтар байма-бай жарыяланып турган. (SE\ATo)

Пикирлерди көрүңүз (42)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG