Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:24

«Чоң казатчылар» сурала баштады


Максат Мамытканов, Сыймык Жапыкеев жана Канат Хасанов.
Максат Мамытканов, Сыймык Жапыкеев жана Канат Хасанов.

Кыргыз коомчулугунда талкууга түшкөн «Чоң казат» кыймылынын лидерлери Ички иштер министрлигинде (ИИМ) сурак бере баштады.

«Чоң казат» коомдук бирикмесинин мүчөсү Сыймык Жапыкеев 2-июнда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгында беш саат сурак берип чыкты. Анын сөзүнө караганда, тергөөчүлөр кыймылдын максаты, ишмердиги тууралуу сурашкан. Ал тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарбоо боюнча тилкатка кол коюп бергенин билдирип, башка эч нерсе айткан жок.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) май айынын соңунда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин арызынын негизинде Жапыкеевдин Интернеттеги билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча сотко чейинки териштирүү баштаган. Мекеме лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен анын сөзүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакырык бар экени аныкталганын кабарлаган.

Бул ишке байланыштуу 3-июнда «Чоң казат» кыймылынын лидерлеринин бири Максат Мамытканов да ИИМде сурак берди. Ал тергөөдө «"Чоң казаттын" эмне кызыкчылыгы бар? Саясатка аралашасыңарбы?» деген суроолор берилгенин айтты. Саясат демекчи, кыймыл алдыда болчу парламенттик шайлоого катышарын жарыялаган. Мамытканов ушул жана кыймылдын айланасындагы сөздөр тууралуу комментарий берди:

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

«Мисалы, «Чоң казат» саясий партиясы шайлоого даярданып жатат. Мен анын мүчөсүмүн. Башка балдар бизге кошулабы же жокпу, аны өздөрү чечет. Бизди Матраимовдорго жана башкаларга жабыштырып жатышат. Бирок бизде андай кызыкчылык жок, бул туура эмес».

«Чоң казат» партиясы 2012-жылы каттоодон өткөн. Анын жетекчиси катары журналист, саясат талдоочу Турат Акимов көрсөтүлгөн. Партия 2017-жылы Акимовду президенттикке талапкер кылып чыгарган.

Ал эми ушул тапта коррупцияга каршы күрөшөрүн айтып жаткан «Чоң казат» кыймылынын жетекчилери - Максат Мамытканов, Сыймык Жапыкеев жана Канат Хасанов. Мамытканов - УКМКнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөш бөлүмүнүн мурдагы башчысы. Ал партиянын да, кыймылдын да мүчөсү. Жапыкеев – прокуратуранын мурдагы кызматкери жана активист. Ал эми Хасанов адвокаттык иш менен алектенет.

Жапыкеевдин бир канча аткаминердин, анын ичинде Кубанычбек Жумалиевдин байлыгы тууралуу видео кайрылуусу коомчулукта талкууга алынган. Ал депутаттын күмөндүү жол менен тапкан байлыгы 2,5 миллиард долларга жетерин айтып, Жумалиевдин жана башка кишилердин байлыгынын мыйзамдуулугун текшерип чыгууга чакырган. Жумалиев бул маалыматтарды четке кагып, «чоң казатчыларды» сотко берди.

Саясат талдоочу Марс Сариев «Чоң казат» кыймылынын аракетин Армениядагы окуя менен салыштырды:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

«Алар Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жолу менен бара жатышат. Ал Интернетте эле Армениянын өзүндө жана сыртта жүргөн миллиондогон армяндардын колдоосун алып бийликке келди. «Чоң казаттын» чакырыктары да Пашиняндыкына үндөш. Кыргызстанда да буга шарт түзүлүп жатат. Себеби, коррупцияга каршы күрөш эл ойлогондой жүргөн жок».

Коомчулукта бул кыймылды бийликтин долбоору катары санагандар жана «артында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов турат» деген да сөздөр айтылууда. «Чоң казат» бул маалыматтарды четке кагып келет.

Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков бийлик коомчулукта күмөн жараткан суроолорго жооп бериши керек деп эсептейт.

«"Бул бийликтин долбоору" деген сыяктуу сөздөр көп, - деди ал. - Ошондуктан тиешелүү адамдар «биздин тиешебиз бар же жок» деп айтышы керек. Анткени Интернетте азыр кандай гана маалыматтар чыкпайт? Комментарий бербесе болбойт».

«Чоң казаттын» ишмердүүлүгү тууралуу пикирлер бир кылка эмес. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков кыймылдын айрым чакырыктары радикалдуу экенин эскертип, «Чоң казаттын» саясий кызыкчылыгы тууралуу ою менен бөлүштү:

Турабек Мадылбеков.
Турабек Мадылбеков.

«Кыймыл «артыбызда эч ким жок» деп жатат. Мейли, ишенели. Бирок булар ушул маселени бир-эки жыл мурун эмнеге чыгарган эмес? Баары тең Кыргызстанда жашаган, баарын билишет. Качан гана шайлоого жарым жыл калганда маалыматтарды жарыялап чыгышы саясий оюн болуп турат. Өздөрү деле «шайлоого катышабыз» дешти. Кыймылдын аракети саясий иш болуп кетти. Бул жигиттер Кыргызстанда саясатта анча аты белгилүү эмес эле. Азыркы иштери - саясатка аралашуунун бир жолу. Кыймылдын мүчөлөрү чоң-чоң ишканалар сатылып кеткенин айтып жатышат. Бул жерде чындык бар. Бирок аны укук коргоо органдары териштирип, кайсы ишкана канча акчага, кимге сатылган жана мыйзамдуу сатылганбы, иликтеши керек».

«Чоң казаттын» билдирүүсүнөн кийин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) депутат Кубанычбек Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатат. Финансы полициясы Жумалиевге жана анын жакындарына таандык көп сандагы мүлк аныкталганын 26-майда билдирген. Анын жактоочусу Жумалиев батир менен жер тилкесине гана ээлик кыларын кабарлаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG