Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Айтылып бүтпөгөн антикоррупциялык саясат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коопсуздук кеңеши төрт жылдык планды камтыган жаңы антикоррупциялык стратегиянын долбоору иштелип чыкканын жарыялады.  

Ал өлкөнүн коррупцияга каршы күрөш саясатын күчтөндүрө турганы көрсөтүлгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга аралашкандар ээлеген кызматына жана сиңирген эмгегине карабастан жазаланышы керек экенин айтты. Ал эми оппозиция коррупцияга каршы күрөш тандалма же жасалма жүрүп, жогорку эшелондогу коррупциянын бети ачылбай жатканын белгиледи.

Кайрадан жаңырган күрөш

Президент Сооронбай Жээнбеков бул жумада Коопсуздук кеңешинин катчысы менен Соттор кеңешинин төрагасын кабыл алып, коррупцияга каршы чаралар боюнча маалыматтар менен таанышты.

Анда президент коррупцияга каршы күрөш токтобошу керек экенин айтып, коррупционерлер ээлеген кызматына жана алган наамына карабастан жазаланышы зарыл экенин белгиледи.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев президентти жаңыдан иштелип чыккан антикоррупциялык стратегиянын долбоору менен тааныштырды:

Дамир Сагынбаев.
Дамир Сагынбаев.

«Долбоорду даярдоодо көз каранды эмес эксперттер тартылып, алардын сунуштары эске алынды. Тиешелүү алымча-кошумчалардан кийин документ Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн кароосуна коюлат. Стратегиянын долбоору бүгүнкү күндүн чакырыктарына жана коркунучтарына жооп берет, мамлекеттик органдардагы бардык коррупциялык көрүнүштөр менен системалуу күрөшүүгө багытталган жаңы антикоррупциялык механизмдерди иштеп чыгууну жана киргизүүнү караштырат. Ал өлкөнүн антикоррупциялык саясатын күчөткөн бир катар жаңы тартиптерди ичине камтыйт».

Чыныгы сот реформасынын мааниси

Андан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Соттор кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаровду кабыл алды. Анда мамлекет башчы сот тутумун санариптештирүүнү күчөтүү менен бардык сот залдарына аудио-видео жаздырууну толук киргизүү, электрондук сот өндүрүшүн камсыз кылуу зарыл экенин баса белгиледи.

Мониторинг боюнча эксперттик топтун мүчөсү Бегалы Пирманов коррупцияга каршы жаңы стратегия үчүн чыныгы сот реформасы маанилүү экенин айтты:

«Бул иштин максаты абдан жакшы. Негизги жыйынтык - элибизге жеңилдик. Буга чейин жүргөн соттук реформалардын жыйынтыгы көрүнбөй, үстүртөн болуп, толук аягына чыкпай келген. Азыр болсо ар бир багыты боюнча өзүнчө жумушчу топтор түзүлүп, азыркы сот реформасы башынан баштап көзөмөлгө алынып, ишке ашырылып жатат».

«Имитация жана тандалма күрөш»

Анткен менен оппозициячыл саясатчылар бийликтин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү тууралуу сөз козгоп калганын алдыдагы парламенттик шайлоо менен байланыштырышты.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров коррупцияга каршы чыныгы күрөш эмес, аны жасалма окшоштуруу гана жүрүп жатканын айтты:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

««Четинен алып келип кама» дейт. Ооба, башта, өзүңдөн башта. Ким ага тсокоолдук кылып жатат? Жээнбековдон эч кандай реакция күтпөш керек. Анткени ал улам эле бир нерсени чыгара коюп, «мына, эми жаңыланганы калдык» деп элди эчактан бери тил эмизип келе жатканына канча болду? Булардын колунан коррупция менен күрөш келбейт. Анткени алар башынан малынган. Бийликке өздөрү коррупциялык жол менен келген. Булар жөн эле айтып коюшканы менен өмүрүндө коррупциядан арыла албайт. Себеби, коррупциянын башында бийликтин өзү турат».

Санариптешүүнүн сансыз чарасы

Анткен менен бийлик өкүлдөрү Бишкек ЖЭБиндеги ири коррупциянын башын ачканын мисал келтирип, ким болбосун жазага тартыла турганын белгилеп келишет. Талдоочулар антикоррупциялык саясатты күчөтүш үчүн санариптештирүүнү тездетүү зарыл деп эсептешет.

Саясат талдоочу Табылды Акеров коррупцияга каршы күрөштө жана анын алдын алууда адам факторун азайтуу маанилүү экенин айтты:

Табылды Акеров.
Табылды Акеров.

«Коррупцияга каршы күрөштүн бир түрү – бул санариптештирүү. Бул - жарандар менен мамлекеттик кызматкерлер бет келишпей турган шартта ишти санариптик технологиялар аркылуу чечүү жолу. Мындай коррупциялык тобокелдиктерди азайтып, чечим кабыл алууга адамдын таасир этүү факторун жокко чыгарууга мүмкүн болот. Мына ушул тутум иштей баштаса, коррупциялык көрүнүштөр жана аларга каршы күрөштөгү кооптуу жагдайлар да өзүнөн-өзү азаят эле».

Буга чейин Коопсуздук кеңешинде коррупцияга каршы туруу боюнча бир катар документтер кабыл алынган. Алардын негизинде коррупцияга каршы аракеттерден кандай жыйынтык чыгарылганы азырынча белгисиз.

Бирок азыр иштелип чыккан «Коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча 2020-2024-жылдарга карата жаңы мамлекеттик стратегия» деген документ мурдагылардан эмнеси менен айырмалана турганына кызыгуу менен президенттик аппараттын басма сөз кызматына кайрылып, бирок жооп ала алган жокпуз.

Президент мамлекеттик органдардын коррупция менен күрөшүү багыттарынын бири - декларациялоо жөнүндө мыйзамдарды сактабагандын жоопкерчилигин күчөтүү болушу керек экенин белгиледи. Бирок талдоочулар бул демилге көптөн бери көтөрүлүп, эмнегедир ишке ашпай келе жатканын айтып жүрүшөт.

Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча демилге шайлоо сыяктуу маанилүү саясий окуялардын астында гана көтөрүлүп калганы белгилүү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG