Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Партиялардын бийликке жетүү амалы


Мандат.

Кыргызстандагы саясий күчтөрдүн парламентке шайлоонун камын көрүп, биригип жатышы ар кандай талкууларга жем таштоодо.

Алардын башын кошкон негизги критерий эмне? Идеологиялык, саясий көз караштарынын төп келгениби, же аймактык кызыкчылыктар басымдуулук кылабы? Демократиялык принциптерди туу туткан, таасирдүү саясий партиялардын калыптанышы үчүн дагы эмне кылуу керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алманбет Матубраимов жана коомдук ишмер Алмаз Кулматов катышты.

«Азаттык»: - Акыркы күндөрү маалым болгондой «Ата Мекен»- «Жаңы дем» саясий бирикмеси пайда болду. Бул окуяда «эски гвардия» менен «жаңы гвардиянын» баш кошушунун негизги критерийи эмне болду деп ойлойсуздар?

Алманбет Матубраимов
Алманбет Матубраимов

Алманбет Матрубраимов: - Партиялардын парламентке 7 пайыздык босогодон өтүү талабы мыйзам боюнча чечилгенден кийин саясий күчтөрдүн биригиши жана ага жараша муундар ортосундагы тил табышуу жүрүп жатат десек болот. Акыркы убакта ошол максатты көздөп, «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» деген жаңы партиялар түзүлдү.

Партиялардын биригишинин негизги максаты – кандай жол менен болсо да Жогорку Кеңешке келип, бийликке жетүү. Бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгына караганда жеке кызыкчылыктар менен биригүү процесси жүрүүдө. Депутат болуу менен бийлигин, байлыгын жана кол тийбестигин сактап калууга аракеттери күч.

Ушул убакка чейин Жогорку Кеңешке келген партиялардын шайлоо мезгилинде айткан идеялары, программалары, убадаларынын бири да аткарылган жок. Ошого карабай булар кайрадан парламентке келүүнү көздөп жатышат.

Парламентке турмуштук тажрыйбасы, кесиптик даярдыгы бар юристтер, экономисттер, айыл чарбасын мыкты билген адистер келсе жакшы болмок.


Дүйнө өлкөлөрүндө эки жана бир палаталуу парламенттер бар. Алар ошол өлкөнүн такталган, чектелген аймактардан элдин элегинен өтүп келишет. Партиялар округдарда ат салышат, мүчөлөрү ошол жерлерден шайланышат. Кыргызстанда да ошондой болгондо жакшы болмок.

Бизде партиянын мүчөсү болбосо, шайлоо күрөөсүн төлөй албаса, акчасы жок болсо эч ким шайлана албайт, көп жарандардын шайлануу, шайлоо укугу бузулууда. Партия аркылуу тизме менен келген депутаттын ким экендигин шайлоочу билбейт, тааныбай калууда. Анткени шайлоочу конкреттүү адамды тандаган эмес, партияга добуш берген.

Парламентке келгенден кийин партиялар ичинде ажырымдар болду. «Республика-Ата Журт» партиясы бөлүнүп кетти, КСДП ажырап бүттү. Бул - партиялардын идеялар, программалар аркылуу бирикпегендигинин далили. Мындан сырткары партияларда жеке жана кландык кызыкчылыктар да үстөмдүк кылууда.

Алмаз Кулматов
Алмаз Кулматов

Алмаз Кулматов: - Биз ушул убакка чейин шайлоолорду ичинен болбосо да сыртынан көп эле көрүп келатабыз. Азыркы окуяларда эч кандай идеологиялык жана программалык биригүүлөрдү көргөн жокпуз. «Эзелки партия лидерлер менен жаңы партиянын жаш лидерлеринин көз караштары дал келди» деп айтуудан карманат элем. Алардын коом алдындагы жоопкерчилиги жок болууда. Эптеп эле шайлоодон өтүп алуу. Жоопкерчилик элде да жок болууда.

Шайлоочулар «депутаттар жаман» дешет, акча берип койсо дагы эле баягыларды шайлайт. Дагы эле ошого келатабыз, анткени элибиз материалдык жактан каржалып турат. «Акча алдым эле, сөз берип койдум эле» деп эл баягы шылуундарды шайлашат. Мындай оңой жол тургандан кийин партиялар үчүн программалары жөнүндө сөз кылуу маанилүү эмес.


«Азаттык»: - Мындан бир аз күн мурда юристтердин тобу «Чоң казат» кыймылына бириккенин, аты уйкаш партиянын аты менен алар да парламенттик шайлоого катышарын жар салышты, бул биригүүдө прогрессивдүү жагдайлары байкалабы?

Алманбет Матубраимов: - «Чоң казатка» биригип жаткандардын башында билимдүү эле юрист жигиттер турганы менен алардын билдирүүлөрүндө, маектеринде бир топ кемчиликтер кетүүдө. Бизде коррупция менен күрөшүү иш жүзүндө эмес, сөз жүзүндө болуп келатканы чындык.

«Чоң казаттын» коррупция менен чындап күрөшөлү, парламентке таза адамдар келсин деген ниети жакшы. Бирок алардын Кыргызстанды кантип өнүктүрөбүз деген программасын көргөн жокпуз.

Баарыбыз Конституцияны сындайбыз, аны күнөөлөйбүз. Дүйнөдө Баш мыйзамы жок өлкөлөр бар. Алар мыйзамдар менен эле иштеп жатышат. Кеп Конституцияда эмес, кеп жогорку бийлик органдарында, ошол Жогорку Кеңештин өзүндө.

Бүгүнкү Кыргызстандагыдай аралаш башкаруу формасы эч жакшылыкка алып келбейт, бизде толук кандуу президенттик же толук кандуу парламенттик башкаруу болушу керек. Бул деген «мамлекет үчүн президент, же парламент жооп бериши керек» деген сөз.

Алмаз Кулматов: Коомчулукта «бийликке жаштар, жаңы жүздөр келсин» деп жаткандардын да жөнү бар. Эскилер канча жылдан бери элди тоноп келгендерин көрүп-билип жатышат. Эл алардан кутулууну көздөп жатат. Бирок «жаштарбыз» дегендерди да терең талдап карап көрүшүбүз керек. Алар кандай шартта, ким менен бирге болду, улуттук, демократиялык баалуулуктарды кандай өздөштүргөн, аны карайлы. Ошондуктан бийликке, парламентке «жалаң чалдар келсе трагедия, жалаң жаштар келсе комедия» болуп калышы мүмкүн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG