Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 18:41

Шайлоого жакын мандаттын баркы кетти


Бейшенаалы Нурдинов, Замирбек Эсенаманов, Руслан Чойбеков жана Алмазбек Батырбеков. (солдон оңго карай)

Кыска убакыт ичинде Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери баш болгон төрт депутат арты-артынан мандатын тапшырды.

Муну алар алдыда болчу парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана мандат алуу үчүн кезекте турган адамдарга орун бошотуп берип жатканы менен түшүндүрүштү.

VI чакырылыштын мөөнөтү аяктап баратканда депутаттык мандаттын колдон-колго өтүшү, мандаттын маанисине байланышкан маселени козгоду.

Талдоочулар депутаттык орундун баркы кетип, мандат кол жоолукка айланганын айтып жатышат.

«20 жылдан кийин буюрган мандат»

Борбордук шайлоо комиссиясы 9-июнда өздөрү берген арызынын негизинде парламенттеги «Кыргызстан» фракциянын лидери Алмазбек Батырбеков менен ушул эле фракциянын мүчөсү Руслан Чойбековдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Алардын мандаттары партиялык тизме менен Бейшенаалы Нурдинов жана Замирбек Эсенамановго өттү.

Ушул жерден жаңы депутат болуп келчү адамдардын өмүр баянына кыскача токтололу. Чойбековдун мандатын алган Замирбек Эсенаманов 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Андан кийин Чүй облусунун Жайыл районунун акими болуп иштеген. 2010-2011-жылдары жаратылыш ресурстары министри кызматын аркалаган. 2013-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Антикоррупциялык кызматы Эсенамановду мыйзамсыз лицензия берген деп айыптап, бир жарым ай тергөө абагында кармаган. Кийинчерээк ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен акталган.

Батырбековдун ордуна келген Бейшенаалы Нурдинов болсо жеке ишкер. Алмазбек Батырбеков мандатын тапшырган себеби боюнча «Азаттыкка» комментарий берип жатып Нурдинов көп жылдан бери депутаттыкка ат салышып келатканын айтты.

Алмазбек Батырбеков.
Алмазбек Батырбеков.

«2015-жылы парламенттик шайлоого баратканда партия жаңы болуп, ар кимибиз өз дараметибизге жараша шайлоо участкаларына бөлүнүп, белгилүү бир добуш алуу үчүн иштегенбиз. Менден кийин келе турган Бейшенаалы Нурдинов деген агабыз Бишкекте иштеп, эң көп добуш алган. Бирок партиядагы кээ бир адамдар берген убадаларын аткарбай калган учурлар болгон. Ошондуктан бул киши кезегин көп күтүп калды. Мен «кезегиңиз келсе, керек болсо ордумду бошотуп бергенге даярмын» деп айткам. Анан ал кишинин кезеги келгендиктен сөзгө туруп бошотуп бердим. Бейшенаалы Нурдинов 20 жылдан бери депутаттыкка аракет кылып келаткан. Бир мандаттуу округдан да депутаттыкка талапкерлегин коюп анча чоң эмес айырма менен Карганбек Самаковго уттуруп койгон. Кийин партиялар менен да шайлоого катышып мандат буюрган эмес. Эми азыр буюруп жатат го дейм».

Батырбеков мандатын тапшыруунун дагы бир себеби катары алдыда болчу парламенттик шайлоого даярдык көрүү менен түшүндүрдү. «Кыргызстан» партиясынын төрагасы, депутат Канатбек Исаев Чойбеков деле шайлоого байланыштуу партиянын штабынын иши менен алектенерин билдирди.

Ушундай эле негиз менен 13-майда сөз болуп жаткан фракциянын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев да мандатын тапшырган. Алардын ордуна «Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримов менен Жаныбек Жоробаев келген.

Мандаттын мааниси кеттиби?

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү дээрлик аяктап, депутаттар бүгүн-эртең эс алууга чыгат деп турганда парламенттеги орун алмашуу коомчулуктун сынына кабылып, депутаттык кызмат жана мандаттын мааниси боюнча маселени козгоду.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов мандатка байланышкан окуяга мындайча баа берди:

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

«Бул – жеңил ойлуулук жана мандатты элден албагандын дагы бир белгиси. Алар партиянын алдында милдеттенме алып «кезектешип кызматка келебиз» деген келишим менен акчаны берип туруп депутат болуп шайланышкан. Аларда эл алдында берген убадасы, мамлекеттин алдындагы милдеттери жөнүндө түшүнүктөрү да жок. Өз милдетин билбегендиктен ушундай окуялар болууда. Анын арты менен Жогорку Кеңештин функциясы, мамлекеттеги орду, мааниси жоголуп баратат. Элдин өкүлдөрү отуруп, элдик орган боло турчу бийлик бутагы абдан көп нааразылыкты пайда кылды. Депутаттар мандатты кол жоолукка айлантканы мына ушуга негиз болгон дагы бир көрүнүш. Алар балдардын оюнуна окшотуп мандатты кол жоолукка айлантканы жеңил ойлуулуктун белгиси».

Жогорку Кеңештин тарыхында кадыр-баркы эң төмөн деп сыпатталып жүргөн VI чакырылыштагы азыркы парламенттин депутаттарынын мөөнөтү 2020-жылдын күзүндө аяктайт. Ага чейин июнь айынын аяк ченинде каникулга кетип кайра сентябрда жумушка чыгышат. Шайлоо октябрь айында өтөөрүн эске алганда депутаттардын эки айдай гана жумушчу күнү калды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков бул убакыт ичинде жаңы келген депутат мыйзам жазып да, элдин көйгөйүн көтөрүп аны чечүүгө да жетишпей турганын айтат. Анын сөзү боюнча, резюмесине болгону «Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты» деген сөз жазылат.

Эсенгул Исаков.
Эсенгул Исаков.

«Депутаттык мандат – элдин ишеними. Эл ишенип шайлаган соң депутат парламентке баргандан кийин баарын унутуп калбай «Эртең элге барганда эмне деп жооп берем?» деп ойлонуп, шайлоочуларга отчёт бериши керек. Ошондуктан мандатты алгандан кийин аягына чейин иштеш керек да. Азыр болсо бири кетип, экинчиси мандат алып эле ар кандай окуялар болуп атат. Эл ичинде болсо «мандатын сатыптыр» деген да сөздөр чыгат. «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзам боюнча депутат мандатын тапшырабы же жокпу муну өзү билет дечи. Бирок ал башка кишиге ордун бошотуп берсе, парламент ишин жыйынтыктоого жок дегенде бир жыл калганда кетиш керек. Анткени бир же бир жарым жыл убакыт калганда «менин ордума келчү киши да өзүн көрсөтсүн» десе түшүнөбүз. Эми саналуу гана отурумдан кийин Жогорку Кеңеш эс алууга кетет. Күзүндө болсо иштебейт деле. Ал эми азыр келген депутат эмне иш кылат? Кайсы мыйзамды жазат? Ал шайлоочуларына «мен депутат болуп ушул маселени чечтим» деп айта албайт да. «Мен депутат, министр болдум» деп кызматта бир-эки ай отурган кишилерге түшүнбөйм».

Шайлоонун шарапаты

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан депутаттардын саны азайып баратат. Жакында эле эл өкүлү Дастан Бекешев жалпы жыйында саналуу эле депутаттар мыйзам долбооруна башка кызматташтары үчүн шаша-буша добуш берип жаткан видеону чыгарган. Ал депутаттардын отурумга катышпай жатышын шайлоо менен байланыштырган.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Зайнидин Курманов парламенттин иши аксабаш үчүн мыйзамды өзгөртүү керек деп эсептейт.

Зайнидин Курманов.
Зайнидин Курманов.

«Парламенттик шайлоо жакындаганда депутаттар шайлоо маселеси менен алек болуп жарым жыл иштебейт. Жогорку Кеңеш жаңы шайланып келгенде кайра дагы жарым жыл-бир жыл иштебейт. Анткени жаңы шайланып келип жумуш менен таанышып, көргүчөктү эле бир топ убакыт өтөт. Бул туура эмес. «Мамлекетте парламент бир саат да иштебей калбаш керек» деген сөз бар. Кыргызстанда болсо убакыт бекер эле кетет. Муну өзгөртпөсө болбойт. Мисалы, АКШда ар бир эки жылда парламенттин 30% жаңы шайланат. Парламент иштей берет депутаттардын 30% жаңы шайланып келет да мурдагы депутаттарга кошулуп иштеп кете беришет. Убакыт текке кетпейт».

Негизи Жогорку Кеңештин ушул чакырылышы шайланып ишин баштап-баштай электе эле мандат талаш болгон. «Кыргызстан», «Республика-Ата Журт» фракцияларынын мүчөлөрү соттошуп, айрымдары соттун чечими менен алган мандатынан айрылышкан. Бул маселе айрымдар шайлоодо добуш ала албаса, өз эрки менен кетүү тууралуу партиянын ички эрежесин аткарбаганы менен түшүндүрүлгөн.

«Согушта армияны таштап кетүү кандай чыккынчылык болсо, мандатын тапшырып басып кетүү да ошого тете чыккынчылык. Себеби, парламентте элге каршы болгон кандай гана мыйзамдар кабыл алынып жатат? Депутат элдин атынан шайланып келгенден кийин ошого каршы чыгып каталарды көрсөтүп бериши керек эле. Бирок Өмүрбек Текебаевдин партиялык системасында бул тартип жок болуп кетти. Депутат эл менен эсептешпей эле ордун таштап кеткени «мен элден бата алып келген эмесмин. Партиядагы бир ууч топ менен эле сүйлөшүп келгем. Ошолор менен кеңешип эле кете берем» дегенди билдирет. Бул – эл менен депутаттардын ортосундагы ажырымды көргөзүп жатат», - деди жарандык активист Гүлжигит Исаков.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча өлкөдө беш жыл сайын Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Азыркы, VI чакырылыштагы парламент 2015-жылдын октябрында шайланган. 120 орунга алты партия өтүп, КСДП фракциясына 38 мандат, «Республика - Ата Журтка» 28, «Кыргызстанга» 18, «Өнүгүү-Прогресске» 13, «Бир Болго» 12 жана «Ата Мекенге» 11 орун тийген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG