Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Беш пайыздык босого колдоо тапкан жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламентке өтүүнүн босого чегин тогуздан беш пайызга түшүрүп, шайлоо күрөөсүн бир млн. сомго азайтуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинен колдоо тапкан жок.

Өткөн жумада чекти жети пайызга төмөндөтүү тууралуу мыйзам кызыл чеке талаш менен парламентте биринчи окуудан өткөн. Шайлоо жакындаган сайын ага байланыштуу мыйзамдарды талкуулоо да кызыды.

Жогорку Кеңешке шайлоонун негизги эрежесин аныктай турчу босого балл боюнча мыйзам долбоорлорун парламент өткөн аптадан тартып карай баштады.

19-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети чекти беш пайызга түшүрүү тууралуу долбоорду талкуулады. Ушул эле документте партияларга шайлоого катышуу үчүн күрөөнү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго азайтуу жөнүндө сунуш да бар. Мыйзам «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» деп аталат. Ал парламенттин сайтына 2019-жылдын 29-октябрынан тартып коомдук талкууга коюлган.

Мыйзамды депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жанарбек Акаев, Наталья Никитенко жана Дастан Бекешев иштеп чыккан. Комитетте аталган долбоор боюнча Масалиев баяндама жасап, партиялардын парламентке өтүү чегин беш пайызга төмөндөтүү зарылчылыгын мындай негиздеди:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Жеке менин эркиме койгондо үч пайыз деп сунуш киргизет элем. Мыйзамдын авторлору талкуулагандан кийин беш пайызга токтодук. Беш пайыз жалпы партиялык курулушка жол ачат. Ошондо парламентке жети-сегиз партия келиши ыктымал. Мүмкүн күчтүү партия чыгып, мандаттын жарымын алып калган партияларга аз эле орун калат. Муну эч ким алдын-ала айта албайт. Биздин пикир боюнча жети же үч пайыз эмес, беш пайыз ыңгайлуу».

Шайлоодо партиялардын Жогорку Кеңешке өтчү чегин беш пайызга түшүрүүчү мыйзам комитеттин жыйынына чоң талаш-талкуу менен чыкты. 15-майда парламенттин жалпы жыйынында чекти жети пайызга төмөндөтүү боюнча долбоор каралып, биринчи окууда колдоо тапкан. Беш пайыздык чектен кеч жазылган мыйзам андан биринчи каралып жатканы сынга кабылып, депутаттар Жогорку Кеңештин регламенти бузулганын айтып төраганы айыпташкан. Парламенттеги кызыл чеке талаштан кийин алты айга чукул каралбай жаткан документ комитеттин талкуусуна эми гана чыгарылды.

Шайлоо босогосун тогуздан жети пайызга түшүрүү боюнча демилге көтөргөн 20дан ашык депутаттар тобу алар сунуш кылган мыйзам өтөт деп ишенип турушат. Анын үстүнө президент Сооронбай Жээнбеков февраль айында парламенттеги кайрылуусунда жети пайызга ачык эле ыктаган. Ал тогуз пайызга саясий күчтөр даяр эмес экенин, ал эми беш, үч пайызды саясатчылар өз кызыкчылыктарына колдонуп кетерин айткан. Жети пайыздык чек тууралуу мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Алтынбек Сулайманов босого баллды бешке түшүрүү реалдуу эмес деп эсептейт.

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Беш пайыз болсо жакшы болмок, - деди ал. - Бирок жети пайыз боюнча мыйзам өтүп кетерине менин көзүм жетип турат. Реалдуулук да ушундай. «Төө сурасаң бээ берет» дегендей пайызды бешке түшүрүү тууралуу көтөрүлгөн демилге өзүн актады. Ушундан кийин гана жети пайызга токтодук. Азыр беш пайыз менен кыйналбай беш млн. сом күрөөнү бир млн. сомго азайтууну калтырып, беш пайыз дегенден баш тартып эле койсоңор жакшы болот. Бул комитеттен да колдоо таппайт».

Айткандай эле босого чекти тогуз пайыздан беш пайызга түшүрүп, шайлоо күрөөсүн бир млн. сомго азайтуу боюнча мыйзам тармактык комитеттен колдоо тапкан жок. Ал Жогорку Кеңештин жалпы кароосуна качан чыгарылары азырынча белгисиз.

Депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жети пайыздан тогуз пайызга көтөргөн мыйзам долбоорун 2017-жылы кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Аталган документ парламентаризмди өнүктүрүп, партиялардын ирилешүүсүнө алып келери айтылган.

Эми тогуз пайыздан жаңы партиялар өтө албайт жана парламентке административдик ресурсу, акчасы бар гана партиялар келет деген жүйө менен босого чегин түшүрүү жөнүндө сунуш киргизилди.

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

«Ушул маселе боюнча биздин позициябыз туруктуу болуп, бул чакырылыш аны өзгөртүүгө барбаш керек болчу. Же болбосо тогуз пайыз киргизилгенде ошону кабыл албашыбыз керек эле. Бирок кызматташтарыбыз жетиге түшүрүү боюнча сунуш киргизип, парламентте биринчи окууда карадык. Азыр эми беш пайыз деп дагы бир мыйзам алынып келди. Эртең дагы бирөө үч пайыз кылалы деп сунуш кылсын эми. Жогорку Кеңешке канчалык майда партиялар келип коалицияны түзсө талаш-тартыш ошончолук көп болуп, кийинки чакырылыш өкмөттүн курамын жарым жылда кура албай калышы мүмкүн», - деди депутат Иса Өмүркулов.

Кыргызстанда 2010-жылы парламенттик шайлоо беш пайыз менен өтүп, ага 29 саясий партия катышкан. Анын ичинен беш партия жеңип чыгып, Жогорку Кеңешке келген. 2015-жылы шайлоо чеги жети пайыз болчу. Анда 14 партиядан алты партия парламентке өткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, ушул тапта өлкөдө 3 млн. 385 миң шайлоочу бар. Боршайкомдун эсеби боюнча, шайлоо босогосу тогуз пайыз бойдон калса бир партия Жогорку Кеңешке келиш үчүн кеминде 182 миң добуш алыш керек. Жети пайыз болсо 142 миң, беш пайыз болсо 101 миң добуш керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоонун оюну алдын-ала аныкталышы керек экенин, шайлоого жакын мыйзамдар өзгөртүлбөшү зарыл экенин айткан эле. Депутат Аида Касымалиева да ушундай эле пикирде.

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

«Шайлоого бир жыл калганда эч кандай эрежер өзгөртүлбөшү керек деген эл аралык принципке макулмун. Парламент босого пайызды тогуз деп кабыл алган. Кийин парламенттин мөөнөтү бүтүп баратканда аны беш пайызга түшүрүү саясий оюнга окшоп жатат деген пикирдемин», - деди ал.

Жогорку Кеңешке шайлоо жакындаган сайын шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча да бир катар демилгелер көтөрүлүүдө. Жакында эле депутаттар тобу партияга жана партия ичиндеги жеке талапкерге добуш берүүнү караган долбоорду талкууга чыгарды.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев партия лидерлеринин жоопкерчилигин камтыган мыйзамды жана кесипкөйлүк квотасын киргизүү боюнча дагы бир долбоорду алып чыкты.

«Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов шайлоо босогосу боюнча мыйзамдар тууралуу пикири менен бөлүштү:

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

«Беш пайыздык чек тилекке каршы комитеттен өтпөй калды. Негизи бул орток сан болчу. Айрымдар «үч пайыз кылыш керек» деп чыгышты. Бирок Кыргызстан үчүн бул кооптуу. Ал демократия өнүккөн Европа мамлекеттерине туура келет. Бизде үч пайыз кылсак жердешчиликке шарт түзүп коёбуз. Шайлоо мыйзамдары мамлекеттин алдыңкы беш жылда өнүгүшүнө же артка кетишине шарт түзөт. Тогуз пайыздык чекти коомчулук, парламенттин тышкары саясий партиялар, анын ичинде «Замандаш» муну кабыл алган жок. «Эгерда шайлоо тогуз пайыздык чек менен өтсө чоң чырга жол ачат» деген сөздөрдөн кийин президент парламентке келип пайызды түшүрүү боюнча үн каткан. Мына ошондон кийин гана парламентке демилгелүү топ түзүлүп, чекти жети пайызга түшүрүү сунушталды. Эң өкүнүчтүүсү - азыр парламенттин өзүндө демилге жок».

Азыркы, алтынчы чакырылыштагы парламент 2015-жылдын октябрында шайланган. 120 орунга алты партия өтүп, КСДП фракциясына 38 мандат, «Республика - Ата Журтка» 28, «Кыргызстанга» 18, «Өнүгүү-Прогресске» 13, «Бир Болго» 12 жана «Ата Мекенге» 11 орун тийген. Кыргызстанда Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо быйыл күзүндө өтөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG