Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Шайлоо мыйзамына кесипкөйлүк квотасын киргизүү сунушталды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилге көтөрдү.

Мыйзам долбоорунда депутаттыкка талапкерлердин тизмесин аныктоодо кесипкөйлүк квотасын киргизүү сунушталды. Ага ылайык талапкерлердин 10% кем эмесин жогорку юридикалык, финансы-экономикалык билими бар жана адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген адамдар, илимдин кандидаты жана доктору даражасындагы окумуштуулар түзүшү керек. Алар депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде алдыңкы 40 орундукта болушу зарыл.

Төрөбаев бул Жогорку Кеңештин депутаттык корпусунун кадрдык потенциалын көтөрөт деп эсептейт. Мыйзамдын негиздемесинде Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшү парламенттин мыйзам чыгаруу ишине байланыштуу экени жазылган.

Жогорку Кеңештин акыркы эки чакырылышында мыйзам чыгаруу бийлигине негизинен техникалык билими бар адамдар, орто же ири бизнеси барлар жана байлар шайланып жатканы айтылган. Бакыт Төрөбаев долбоор боюнча «Азаттыкка» төмөнкүдөй комментарий берди:

«Парламентке мыйзамды түшүнгөн, мыйзамды туура жазган тажрыйбалуу адамдар келсе сапаттуу мыйзамдар чыгат. Акчасы жок, бирок билимдүү, илимдүү адамдар Жогорку Кеңешке келе албай калганын көрүп жатабыз».

Кыргызстанда шайлоо мыйзамына ылайык, талапкерлердин партиялык тизмесин түзүүдө гендердик квота, жаш курагы, улуту боюнча квота жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн квота сакталышы керек. Төрөбаев сунуш кылган мыйзам кабыл алынса ага кесипкөйлүк квотасы да кошулат.

Коомчулукта жана саясат талдоочулар арасында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын иши сынга алынып, олигарх-ишкерлерден турган чакырылыш экени айтылып жүрөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG