Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

Депутаттардын идеяга иштебеген мандаты


Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси.
Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү аяктап баратканда «Кыргызстан» фракциясынан эки депутат кетип, ордуна ишкер Шаршенбек Абдыкеримов менен Жаныбек Жоробаев мандат алды.

Бул орун алмашуу депутаттык мандаттын баркы жана алдыдагы шайлоого даярдык тууралуу талкууну жаратты.

«Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев 13-майда мандатын тапшырган.

Алар жергиликтүү басылмаларга алдыдагы шайлоого даярданыш үчүн ушул кадамга барганын айтышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы ушул эле күнү мандаттарды Шаршенбек Абдыкеримов менен Жаныбек Жоробаевге тапшырып, эртеси эле парламентте антты кагаздан окуп беришти.

Мандатын өткөрүп бергендердин аты-жөнү саясатта өтө деле белгилүү эмес. Мыйзам жагынан алганда, бул орун алмашууда талкуулана турган маселе да жок.

Бирок «Жарандык көзөмөл комитетинин» координатору Динара Ошурахунова мында жеке кызыкчылык болушу мүмкүн деген ойдо.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Бизде депутаттын мандаты кымбат, бирок абройлуу эмес, - деди ал. - Алтынчы чакырылыш буга дагы да чоң салым кошту. Ишкерлер шайлоого эки күн калганда парламентке эмнеге баратышат, анык билбейм. Бирок парламенттин мөөнөтүнүн аякташына дагы төрт-беш ай бар. Ал аралыкта кайсы бир мыйзамдарга өзгөртүү киргизгенге, лобби кылганга мүмкүнчүлүктөрү болот. Балким ошону колдонууга аракет кылып жатышат».

Ошурахунова резюмедеги «Жогорку Кеңештин депутаты» деген пункт да жай турмушта сөөлөт күтүш үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Саясат талдоочу Медет Төлөгөнов болсо чынында кыргыз депутатынын мандатынын баркы резюмеде эмес, шайлоочулардын жана аткаруу бийлигинин алдында бааланышы зарыл деп эсептейт. Анын пикиринде, Жогорку Кеңештин депутаттарында азыр экөө тең арсар, фракциялардын да, комитеттердин таасири байкалбайт.

Медет Төлөгөнов.
Медет Төлөгөнов.

«Парламенттин көзөмөлдөө функциясын байкасак, мамлекеттик органдар депутаттардын талаптарын дайыма эле аткара бербейт. Кээ бир депутаттар шайлоочулардын кызыкчылыгын көздөп, маселе чечүүгө аракет кылып мекемелерге суроо-талаптарды жиберет. Бирок аткарылышы күмөн. Суроо-талапты аткартыш үчүн депутаттын саясаттагы таасири роль ойнойт».

Саясаттагы таасир демекчи, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев бул түздөн-түз акчага, байлыкка барып такаларын билдирди. Анын байкоосунда эгемен Кыргызстандын саясий тарыхында мандат эч качан идея үчүн иштеген эмес.

Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

«Мандаттын өзү – кызыкчылык. Мурдатан эле депутаттар кызыкчылык үчүн шайланып келет. Шайлоо өзү акчага байланыштуу иш-чара болгондуктан, колунда барлардын мандат алуу мүмкүнчүлүгү жогору. 1995-жылдан кийинки тарыхты карасаңыз, көбүнчө акчалуу инсандар депутат болушкан. Дегеле идея менен парламентке келип, аны ишке ашырган учурларды байкай элекмин».

Жогорку Кеңештин тарыхында кадыр-баркы эң төмөн деп сыпатталып жүргөн алтынчы чакырылыштагы азыркы парламенттин депутаттарынын мөөнөтү 2020-жылдын күзүндө аяктайт.

Шайлоо 4-октябрга белгиленген. Учурда саясий партиялар жанданып, катарына капчыктууларды тартып, саясатчылар элге жаккан билдирүүлөрдү жасап, беш жыл мурун сүйлөгөн, бирок унутта калган убадаларын кайра башынан айта баштаган учур.

Эми кайрадан парламенттеги жаңы орун алмашууларга кайтсак, 50 жаштагы Шаршенбек Абдыкеримов - Кыргызстандагы бай адамдардын бири. Ишкер, «Аю холдинг» компаниясынын ээси, Улуттук олимпиада комитетинин жана Күрөш федерациясынын башчысы. Ал башында турган «Кыргызстан» саясий партиясы 2010-жылы негизделген.

42 жаштагы Жаныбек Жоробаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматынын директорунун орун басары болуп иштеген.

Азырынча экөө тең депутаттык ишмердигиндеги пландары жөнүндө эч нерсе айта элек. Байланышып комментарий алууга мүмкүн болгон жок. «Азаттык» радиосу аларга микрофон берүүгө даяр.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG