Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Депутат Интернеттеги чакырыктарды иликтөөнү талап кылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда айрым жарандык активисттер коррупцияга каршы күрөш демилгесин колго алып, кээ бир мурдагы чиновниктердин үйлөрүнө чогулуп барып, алардын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына өткөрүүгө чакырык таштаган өнөкөт күчөдү.

Муну талдоочулар анархияга алып келе турган коркунучтуу өзүм билемдик дешсе, кээ бирөөлөр мамлекет өз милдетин аткара албай жаткан чактагы элдин эркин көргөзүүгө жасалган аргасыздык катары кабыл алышууда.

Мамлекеттин милдетин өзүнө ыйгарган топтор

КСДП фракциясынан депутат Тазабек Икрамов блогер, мурдагы прокурор Сыймык Жапыкеевдин Интернетте коомчулукка жасаган кайрылууларын айыптады:

«Коомду бөлүп-жарууга, элди жеке менчикти басып алууга үгүттөгөнгө эч кимдин акысы жок. Биз укуктук өлкөдө жашап жатабызбы же мына ушундай мыйзамсыздык үстөмдүк кылган өлкөдөбү? «Ашканадан» деп бир адамды бутага алып, кийикке мергенчиликке чыккандай кылып, элди каршы үгүттөп, мыйзамсыз жолдорго чакыруу болуп жатат. Өкмөт эмнеге уктап жатасыңар? Албетте, уурулардын орду түрмөдө болушу керек. Мыйзамсыз байыгандарга мен да каршымын. Ошолордун аты аталып жатканда прокуратура органдары менен Финпол текшербей отурасыңар. Ошол мүлктү качан жана кантип менчиктештиргенин аныктап чыгып, алар тиешелүү жооп бериши керек болчу».


Буга чейин жарандык активист Сыймык Жапыкеев мурдагы премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри болгон азыркы кездеги депутат Кубанычбек Жумалиевдин байлыгы тууралуу бир нече ирет видео блог жарыялап, анысы коомчулукта кызуу талкууга түшкөн.

Сыймык Жапыкеев жарандарды чогулуп, депутаттын үйүнө барууга үндөгөн болчу:

«Уурулардын бардыгын кыргыздар таанып, билип алалы. Бизде азыр отуздан ашуун таанымал ууру бар. Кыргызстанда карантин болуп, алар сыртка чыгып кетише албайт. Эл, тургула, көтөрүлүп, үйүнө баралы. Эч нерсесин чакпайбыз. Мисалы, Жумалиевдин үйүнө он миң адам болуп барып, аны «Кытайдан алынган тышкы карызды төлө» деп айтып, ишеним катты ырастай турган нотариусту кошо ала баралы».

Элдин «эркин» ишке ашыруу

Кыргызстанда «Чоң казат» кыймылы жарандык негизде коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү демилгесин көтөргөн. Атайын кызматтын ардагери, бул кыймылдын мүчөсү Максат Мамытканов бардык коррупционерлер тизмектелип, алардын жегенин коомчулук тарабынан «кустуруу» талабы коюла турганын айтты:

«Сыймык Жапыкеев «Чоң казат» кыймылынын бир баатыры. Биз бул кыймылды коррупцияга каршы күрөш жарыялап, коомдук демилге көтөрдүк. «Ошол күрөштү кимден баштайбыз?» деген суроо туулат. Биз болсо «коррупциянын бардыгы Акаевден башталган» деген негизде анын учурунда кылмыштуу иштерге аралашкандардын бардыгын жоопко тартууну талап кылабыз. Азыр качып кеткен Акаев менен бирге коррупциялашкан системаны түзүп, ошону менен байыгандар эч нерсе болбогондой жыргап, дардаңдап жүрүшөт. Биз ошолордун элден уурдагандарын эми кайра элге, мамлекетке кайтаруу мезгили келгенин айтып, чыгып жатабыз».


«Чоң казатчылар» коомдук комиссия түзүп, Кубанычбек Жумалиевдин байлыгы каяктан табылганын иликтөө демилгесин да көтөргөн. Ал эми мурдагы премьер-министр Кубанычбек Жумалиев анын мүлкүн текшерүүгө мамлекет гана укуктуу экенин айтып, өзүм билемдиктин аягы кагылышка алып барарын эскертти:

«Ушул силер бара жаткан жол сөзсүз түрдө кагылышууга алып барат. Мен муну айтты-айтпады дебегиле. Ошондуктан этият болгула. Ошол эле Сыймык «балдар чыккыла, Жумалиевдин үйүнө барабыз, нотариус алып барып, жаздырып алабыз» деп чакырык салып жатат. Ага ушундай ыйгарым укукту ким бериптир? Мыйзам боюнча соттон башка менчигинен ажырата албайт. Сот, мыйзамдуулук деген бар да».

Анткен менен кезинде Кубанычбек Жумалиевден жабыркаганын жар салган тарап менчигин тарттырып жиберип, сот аркылуу мыйзамдуу укугун калыбына келтирүү кыйынга турганына даттанып, айтып келет. Кочкор-Атадагы «Касым-Ата» базарынын мурдагы ээси Махамад Салимов жети жылдан бери чекит коюлбай келе жаткан соттук талаш-тартыш тууралуу буларды айтты:

«Азыр ушуларды эл көрүп турат. Бул базардын ээси бар. Сиздин иниңиз жети жылдан бери иштетип келе жатат. Кубанычбек Мырзабекович, сиздин кезметчи сотторуңуз ар бир райондо, ар бир облуста бар экенин жана борбордо дагы толтура күчтүү байланыштарыңыз бар экенин билебиз. Ноокендеги райондук сот болгон учурда менин адвокатымды сатып алдыңар. Ал болсо чечүүчү сотко келбей койду. Бир айдан кийин аны Ноокенге сот кылдыңар. Бир нерсе болсо сиз дайыма бардыгын сот чечет дейсиз. Бирок биротоло эле анчалык ишенимдүү боло бербеңиз. Чыныгы сот төбөбүздө карап турат. Бардыгын Алла чечет».

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев пандемиянын айынан каатчылык башталган шартта дүйнөдө кезинде улуттук байлыктын туура эмес бөлүштүрүлгөнүн айтып, социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө чакырык таштаган солчул күчтөр алдыга чыкканын белгиледи.

Өмүрбек Текебаев «Чоң казат» кыймылынын радикалдуу талаптарын азыркы дүйнөлүк жараян менен байланыштырды:

«Сыймык Жапыкеев көтөрүп жаткан маселелер дүйнө жүзүндө солчулдар баш көтөрүп, талаптарын коюп жаткан учурдун бир гана радикалдык көрүнүшү. Пандемиянын айынан ага өзгөчө маани берилип, жүз миңдеген адамдар колдоп жаткан бул көрүнүшкө көңүл бурбай коюу бул бери эле дегенде - чоң тобокелчилик. Ошондуктан өкмөт бул коомдук демилгеге олуттуу карап, кээ бир көзгө көрүнүп турган маселелер боюнча элди ынандыра тургандай текшерүү жүргүзүп, мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн үлгүсүн көрсөтүп, коомчулукка даана маалымат берүүгө тийиш».

Айрым жарандык активисттер канча президент алмашса да кайсы бийликте болбосун тымызын жүргөн күркүлдөрдүн бетин ачууга убакыт келди деген ойдо. Алар азыр да көнүмүш адат менен бийлик партияларына кирип, депутаттык мандат сатып алууга кайрадан камданып жатышканын айтышууда. Ошондуктан саясат талдоочулар парламенттик шайлоонун алдында мурдагы жана кийинки олигархтар маселеси талылуу маселелерден болорун болжошууда. Анткени буга чейин капчыктуу байлар кайсы партиянын катарын толуктаса, ошол партия эң көп добуш сатып алып, парламентке келип, өкмөт түзгөн жагдайлар соңку тарыхтын урунттуу учурлары катары белгилүү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (38)

XS
SM
MD
LG