Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 17:20

Жумалиевдин «империясын» иликтөө аракети


Иллюстрациялык сүрөт.

Депутат Кубанычбек Жумалиевдин бийликте турган кезинде топтогон байлыгын иликтөө боюнча демилге көтөрүлдү.

Блогер, мурдагы прокурор Сыймык Жапыкеев мурда премьер-министр, министр болгон жана азыр депутат болуп иштеп жаткан Кубанычбек Жумалиевдин жер тилкелери менен үй-мүлкүн санап, анын арзанга менчиктештирилип, азыр базарга айланган завод-фабрикалары боюнча кеп козгоду.

Коррупция менен күрөштүн алкагында коомдук комиссия түзүп, Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн мамлекетке алуу жана анын эсебинен мамлекеттин тышкы карызын төлөө туурасында демилге көтөрдү. Ал эми депутат Кубанычбек Жумалиев жогорку кызмат орундарын ээлеген 13 жыл ичинде эч кандай коррупцияга аралашпаганын, ал дүйнө-мүлк анын туугандарына таандык экенин айтып, түз эфирде колуна Куран кармап ант берди.

Мурдагы прокурордун чакырыгы

Мурдагы прокуратура органдарынын кызматкери, блогер Сыймык Жапыкеев туңгуч президент Аскар Акаевдин доорунан бери мамлекеттин эсебинен байыган Кыргызстандагы алгачкы 30 олигархтын тизмесин аныктоо маселеси турганын айтып, бул боюнча коомдук комиссия түзүүнү сунуш кылды.

Блогер Сыймык Жапыкеев бул тизменин башы кезинде премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри болгон азыркы депутат Кубанычбек Жумалиевдин ысымы менен баштала турганын айтып, ага жана анын жакындарына катталган мүлк кандайча топтолгонун иликтеп чыгып, ага тиешелүү баа берүү зарыл экенин белгиледи:

Сыймык Жапыкеев.
Сыймык Жапыкеев.

«Биз прокуратурада иштеп жүргөндө бул кишинин байлыгын талдап чыкканбыз. Кубанычбек Жумалиевдин байлыгы 2,5 млрд. долларга барабар болгон. Ал өзү лаборант болуп иштеп жүрүп мынча байлыкты каяктан топтогон? Андан кийин премьер-министр, губернатор жана министр сыяктуу жогорку кызматтарда жүрүптүр. Кубанычбек Жумалиев «Таатанды» каяктан алган? Ал жерде мурда завод болгон да. «Гоинди», «Мадина» базарын, ЭВМ заводун кантип алган? Медициналык окуу жайын каяктан алды? Жал кичирайонунда эки гектардан ашуун жер тилкеси бар. Бир канча медициналык клиникалары, жүздөгөн батирлери бар экен. Сауна дегендери толтура. Анан 30дай сулуулук салондорун санашкан. 50 компаниядан канча акча түшүп жатканын өздөрү билбейт экен. Анткени 2,5 млрд. доллар деген оңой эмес».

Сыймык Жапыкеев пандемиянын айынан өлкөнүн экономикасы оор зыянга учурап, казына чоң каражатка муктаж болуп турганда кезинде мамлекетти талап-тоноонун эсебинен байыган өлкөдөгү олигархтарга кайрылууну сунуш кылды. Сыймык Жапыкеев тышкы карыздан жана азыркы капсалаң кырдаалдан чыгыш үчүн жарандарды көтөргөн демилгесин колдоого чакырды:

«Уурулардын баарын кыргыздар билип алалы. Мен бардыгын четинен айтып берем. Бизде Кыргызстанда эң эле таанымал 30дай чоң ууру бар. Кыргызстандын тышкы карызын мына ошолор төлөшү керек. Азыр бизде карантин болуп, эч ким эч жакка учуп кете албайт. Эл, тургула, үйлөрүнө баралы, эч нерсесин чакпайбыз. Мисалы, Жумалиевдин үйүнө барып, андан «Кытайдын карызын төлө» деп талап кылалы. 22 хан сарайы бар экен. 150 тандалма батири бар экен. Бул эмне деген неме? Силердин бир тандалма батириңер барбы? Бизди ким ушул акыбалга алып келди?»

Куран кармаган касам

Анткен менен мурдагы премьер-министр, азыр парламенттин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев мурдагы прокурор, учурдагы блогер Сыймык Жапыкеевдин билдирүүсүндөгү маалыматтарды жалган жалаа деп четке кагып, ар-намысын жана беделин коргош үчүн сотко кайрыла турганын билдирди.

Кубанычбек Жумалиев блогердин билдирүүсүндөгү ага таандык деп айтылган Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө жайгашкан ондогон батирлер, хан сарайлар жана жеке менчик клиникалар сыяктуу мүлкү бар экени анык болсо, аларды тапкан адамга белек кылууга убада берди.

Ошол эле кезде анын жубайы Роза Амановага караштуу «СанатТВ» телеканалындагы түз эфир учурунда Кубанычбек Жумалиев бийликте турган 13 жыл ичинде эч кандай коррупцияга катышпаганын айтып, актыгын далилдеш үчүн жарандык активист Мелис Аспековдун сунушу менен Куран кармап берди:

Кубанычбек Жумалиев.
Кубанычбек Жумалиев.

«Мен, Кубанычбек Мырзабекович Жумалиев, 1992-жылдан 2005-жылга чейин иштеген учурумда бир да коррупциялык ишке аралашкан жокмун. Экинчиден, менин туугандарым өздөрүнүн эмгеги менен тапкан акчасына ошол ишкердик объектилерди сатып алып, иштетип келе жатышат. 2005-жылдагы белгилүү окуядан соң көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер чет өлкөлөргө качып кетишкен. Мен бийликте 13 бою иштеп, эч качан бюджеттин акчасын жеген эмесмин. Эч кимге жамандык кылган жокмун. Ошондуктан «мен эч жакка кетпейм» деп, көкүрөгүмдү бийик көтөрүп, эл арасында жүрөм».

«Туугандардын бизнеси»

Кубанычбек Жумалиев Бишкектеги «Гоин» соода борборунан башка ага байланыштырылган мүлктүн баарынын ага таандык экенин жокко чыгарды. Баш калаадагы «Гоин» соода борбору гана ага катталганын айтып, аны учурда улуу кызы Гүлнур Жумалиева жетектеп турганын билдирди. Ал бул соода борборун Кытайдан келген аспирантынын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен курганын айтып, аны азыр теңшериктик негизде иштетип келе жатканын кошумчалады.

Ошол эле кезде Кубанычбек Жумалиев кийин соода борборлоруна жана өндүрүштүк базага айланган мурдагы заводдор ага эмес, анын жакын туугандарына таандык экенин, бирок аларды менчиктештирүүгө анын эч кандай тиешеси болбогонун айтты:

«Эгерде «Таатан» боюнча айта турган болсом, менин эки жээним 2004-жылы аны аукциондон сатып алып, бир чет элдик инвесторлорду алып келип, биргелешкен ишкана ачып, иштетип жатышат. Андагы курулуш материалдарын саткан жагын иштетүүгө 4,2 млн. доллар насыя алышкан. Ошону азыр жыл сайын төлөп турдук, эми 2025-жылы анын төлөө мөөнөтү аяктайт. Ал эми андагы эмеректер сатылган жагын иштеткен экинчи жээним да чет элдик дагы бир инвестор менен салып, ал да курулушка 2 млн. доллар насыя алган. Анын насыяны кайтаруу төлөө мөөнөтү 2024-жылы бүтөт. «Таатанды» менин туугандарым иштетип жаткандыктан аны мага байланыштыра беришет. Ооба, ал менин туугандарымдыкы. Алар Кыргызстандын жарандары. Аукционго катышып, аны сатып алып, иштеткенге алардын толук укугу бар. Эч ким аларды «туура эмес кылдың» деп айта албайт. 2005-жылы «ага Жумалиевдин тиешеси бар» деген негизде Башкы прокуратуранын тапшырмасы менен алты укук коргоо жана фискалдык органдын өкүлдөрүнөн турган мекеме аралык комиссия жети ай бою иштеп, жыйынтыгында "бир да мыйзам бузуу жок" деген корутунду чыгарылган».

Бекназаровго коюлган доомат

Ал эми 2005-жылдары УКМКнын мурдагы Экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгын башкарган Максат Мамытканов мурдагы премьер-министр Кубанычбек Жумалиевге караштуу мүлктөр мурдагы качкын президент Аскар Акаевдин жана анын жакындарынын мыйзамсыз топтолгон дүйнө-мүлкүн аныктоо боюнча мекеме аралык комиссиянын алкагында изилденгенин айтты.

Мурдагы чекист Максат Мамытканов 2005-жылдагы ыңкылаптан соң, ага чейин жогорку кызматтарды ээлеп келген Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн мамлекеттин карамагына өткөрүү эмнеге үзгүлтүккө учурап калганын төмөндөгүчө баяндап берди:

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

«Акаевдин жана анын жакын санаалаштарынын мүлкүн аныктап чыгуу боюнча комиссиялардын баарын жетектеп, прокуратураны, ИИМди, УКМКны жана Финполду башкарып отурган ким эле? Бекназаров болчу. Бул суроону Бекназаровдун өзүнө бериш керек. Эгерде Бекназаров ошондо дурус иштегенде ошолордун баары элге кайтарылып, мамлекеттин карамагына өткөрүлмөк. Буга ким жооптуу? Бекназаров жооптуу. Бакиев качкандан кийин да анын болгон мүлкүн текшерип чыга турган комиссияны да ким жетектеген? Дагы эле Бекназаров. Ошондуктан ал элдин астында жооп бериши керек. Мына бул конкреттүү Жумалиевдин иши, анын мүлкү эмнеге мамлекетке өткөрүлбөй калганы боюнча келип, жооп берсин. Анткени анын баарын Бекназаров текшербеди беле? Бизге «ишенбейбиз» деп текшертпей койгон. Эми болсо ошол мүлк боюнча өзү жооп берсин. Азыр эми Бекназаровго «Сиз Жумалиевди текшердиңиз беле же жокпу?» деген суроону беришибиз керек. Бул жерде маселе - эмнеге ошол кезде заводдор мамлекеттештирүү боюнча тизмеге киргизилип, кайра мамлекеттин карамагына алынбай калган?»

Анткен менен 2005-жылы ынкылапчыл күчтөрдүн атынан башкы прокурорлукка дайындалган Азимбек Бекназаров бул билдирүүнү негизсиз жалаа катары четке какты. Анын айтымында, мурдагы президент Аскар Акаевдин жана анын жакындарынын мүлкүн иликтөө боюнча мамлекеттик комиссияны ошол кездеги вице-премьер-министр Данияр Үсөнов жетектеген.

Туура беш айдан кийин кызматтан алынып калганын айткан Азимбек Бекназаров ага чейин Кубанычбек Жумалиевге карата мүлктү мыйзамсыз менчиктештирип алганы боюнча кайсы бир тараптан арыз түшпөгөнүн жүйө келтирип, бирок кийин бул иштин аягына чекит коюлбай калган жагдайды кийинки келген жетекчилерге оодарды:

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

«Мага президенттик администрациядан жана коомчулуктан «Акаевдин куйругу болгон Жумалиевди эмнеге жоопко тартпайсыңар?» деген суроолор аябай көп түшкөн. Бирок мен ошол кезде «анын мамлекетке келтирген зыяны боюнча негиздеп, арыз жазып бергиле» дегем. Арыз жок болсо кантип текшеребиз? Биз арыз болгондо текшеребиз. Мен ошентип басма сөз жыйындарында да нечен жолу айткам. Ага негиз жок. Мен турган учурда Жумалиевге карата эч ким арыз жазып келген эмес. Бирок албетте, «Таатан» эле эмес, балакеттин бардыгы боюнча сөздөр болгон. Ошондо мамлекеттик комиссия кимдин демилгеси менен уюштурулду эле? Бекназаровдун демилгеси менен. Бирок Данияр Үсөнов комиссиянын төрагасы болуп туруп, ал жактан мени кетиргенден кийин иштин баарын жаап салбадыбы. Ошол кезде Мамытканов иштеген УКМК анын бир объектисин мамлекетке кайтара алыптырбы? Албетте, жок. Бирөө да бир мыйзамсыз кетип калган мүлктү кайтарып келе алган жок. Анан эми азыр эмнени айтып жатышат? Бир гана прокуратура органдары баарын иликтеп чыгып, колунан келишинче мамлекеттин карамагына өткөзгөн».

Базарга айланган уникалдуу заводдор

Бишкектин Чыгыш өнөр-жай зонасында жайгашкан электрондук эсептөөчү машиналар заводу менчиктештирилип, кийин «Жанар» ачык акционердик коому болуп өзгөргөн. Бул завод мурда жарым-жартылай жабык болуп, анда жогорку аскердик техникалык түзмөктөрүнүн автоматтык жабдуулары жасалып турган.

Мындан сырткары турмуш-тиричилик жана эсептөөчү техника каражаттары даярдалчу. Учурда анын өндүрүштүк багыты өзгөрүп, анын аймагында күн батареялары, пенопласт, полистеролбетон жана эшик-каалга сыяктуу курулуш материалдары чыгарылып калган. Ал эми Бишкектеги «Таатан» курулуш материалдар базары жайгашкан аймакта мурда Бишкек электр кыймылдаткычтар заводу жайгашкан эле. Бул завод муздаткыч жана кир жуугуч машинелер сыяктуу электр жабдуулары үчүн кыймылдаткычтарды чыгарып турган.

Заводдун мурдагы жетекчиси Жарасул Осмоналиев уникалдуу заводдор өткөн 20 жылда базарларга айланганын айтып, анын станокторун талап-тоноп, ошол кездеги мамлекеттик жетекчилер өнөр жайын талкалоого чоң кол кабыш кылганын белгиледи:

«Убагында «Кыргыз электро кыймылдаткыч» заводу муздаткычтарга, кир жуугуч машинелерге компрессорлорду, кичинекей кыймылдаткычтан тартып чоңуна чейин чыгарып турган. Анан ал жактан мени башка заводго которушкан. Кийин аны банкрот кылышканда аябай ичим ачышкан болчу. Анан бир топ жылдан кийин аны менчиктештирип, ал жерге Кубанычбек Жумалиев кожоюн болуп калыптыр дегенди угуп калдым. Ал жакта аябай уникалдуу станоктор бар болчу. Кийин анан курулуш материалдарын издеп, бир-эки жолу барып калдым. Бир кездеги бакыйган уникалдуу завод таланып-тонолуп, базарга айланып калганын көрүп алып, аябай ыйлагым келди. Азыр эми ЭВМ заводу да Жумалиевдики дешет. Кочкор-Атадагы заводду да ошонуку дейт. «Таатанды» го мурда эле уккан элек. Анан кийин Оштогу насос заводу да «Таатаан» болуп кетиптир. Бишкектеги «Таатандын» ага да тиешеси бар окшойт го».

Камалып чыккан «кызыл деректирлер»

Ошол эле кезде өнөр жайчы Жарасул Осмоналиев токсонунчу жылдардын аягында, 2000-жылдардын башында Кыргызстандагы заводдор менен фабрикаларды менчиктештирүү жараяны деген негизде аларды текейден арзан алып, станокторун талап-тоноп, металлаломго саткан өнөкөт үстөмдүк кылганын эске салды. Жарасул Осмоналиев мындай менчиктештирүүгө каршы чыккан ошол кездеги заводдордун жетекчилери бийлик тарабынан камакка алынып, коркутуп-үркүтүүгө дуушар болгонун белгиледи:

«Булар айрыкча 1998-жылдан 2003-2004-жылдарга чейин эчки эмердей болуп эле завод-фабриканын бардыгын талап-тоноп, тытып эле жатып калышты. Кичине буга каршы чыгып, каш кайтарып, сөз сүйлөп койгон заводдордун жетекчилерин алып барып эле суроо-сопкуту жок камап салышчу. Азыр мен да ошол мурдагы директорлорду кезиктирип калам. Алар «бизди сурагы жок эле 30-60 күнгө камап салып, эч нерсе кыла албай эле жатчубуз» деп эскерип калышат. Жок эле дегенде 5-6 күн түрмөгө отургузуп, анан чыгарышкан. Анткени ал жетекчилердин көбү башында көнбөй коюп, анан тигил жакка кирип чыккандан кийин бардыгына макул боло тургандай абалда болуп калышчу. Аскар Акаевдин кишилери кыйын эле. «Cилер ЖОЖдо иштеп жүргөндө эле абитуриенттерди окууга өткөрүп, колуңар туткак болуп үйрөнүп алып, анан бардыгыңар «Политехтен» Ак үйгө көчүп, бийликке тобуңар менен өтүп, чоң казанга жакындаганда каалашыңарча кол сала баштадыңар» деп тамаша-чыны менен айта коюп, ошонун запкысын мен да тарткам. «Бизге «кызыл директор» деп ат койдуруп, аларга каршы чыккандардын бардыгын камап, завод-фабрикалардын бардыгын талкалап салдыңар» деп айтып жүрдүм».

Аткаминерликтин ишкердиги

Буга чейин Economist.kg интернет порталы жана «Декларатор» долбоору депутат Кубанычбек Жумалиевдин ачык булактагы ага караштуу деген мүлкү менен анын толтурган декларациясындагы маалыматтарды салыштырып, коомчулуктан жана салык органдарынан жашырылган кирешелер тууралуу жазып чыккан. Анда депутаттын өзүнө 33 компания катталса, анын жубайына 15 ишкана караштуу экени көрсөтүлгөн. Анын курамында өндүрүштүк, курулуш, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалары, медициналык мекемелер жана жеке менчиктеги орто жана жогорку окуу жайлары бар.

Буга чейин Жалал-Абад шаарындагы «Каркыра» элдик кыймылы Кубанычбек Жумалиев бийликте турган учурда анын жакын туугандары бир эле Сузактан 27 объектини мыйзамсыз менчиктештирип, мамлекетке 150 млн. сомдон ашуун зыян келтиргени тууралуу 2013-жылы атайын билдирүү менен чыккан болчу. Анда Жумалиевдин туугандары Жалал-Абаддагы канаттуулар фабрикасын арзан баага менчиктештирип, «Касым-Ата» базарына жана «Орленок» балдардын эс алуу лагерине ээлик кылганы көрсөтүлгөн.

Кубанычбек Жумалиев ага жана анын жакындарына таандык мүлктүн каяктан жана кандайча алынганын аныктоо боюнча коомдук комиссия түзүү тууралуу сунуштан баш тартты:

«Мен буга макул эмесмин. Себеби бул жерде бардыгы мыйзам ченемдүү жасалгандан кийин, аны кайрадан текшерүүнүн зарылдыгы барбы? Буга чейин Башкы прокуратура баш болгон тиешелүү органдардын баары үч сыйра текшерип чыгышкан. Эгерде ошол текшерүүлөрдүн жыйынтыктары кызык болсо, келип сурагыла. Кандай далилдерди алып келсеңер да ошону менен таанышып чыгып, жооп бергенге даярмын. Мен азыр баарын толугу менен ачык айтып бердим. Эми аны кайра дагы кайталаштын кажети жок».

Кубанычбек Жумалиев мурдагы президент Аскар Акаевдин аспиранты болгон. Ал 1992-жылы Илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, билим берүү министринин биринчи орун басары, тышкы иштер министринин орун басары, мамлекеттик катчы, президенттик администрация жетекчиси, премьер-министр, Жалал-Абад облусунун губернатору жана вице-премьер министр рангындагы транспорт жана коммуникация министри сыяктуу жогорку кызмат орундарын аркалаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (163)

XS
SM
MD
LG