Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 25-май, 2020 Бишкек убактысы 08:39

Депутаттын жакындарынын «талаштуу» мүлкү


Алиярбек Абжалиев.

Кыргызстандагы «Фактчек» жана «Кактус медиа» порталы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин жакындарына таандык мүлк тууралуу иликтөө жарыялады.

«Фактчек» жана «Кактус медиа» порталдары чогуу даярдаган «Президенттин кудасы Алиярбек Абжалиевдин үй-бүлөсүнүн бизнес империясы» аттуу журналисттик иликтөө 30-апрелде жарыяланды.

Анда Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин жакындарына катталган ондогон ишканалар жөнүндө кеп болот. Иликтөөдө депутаттын «"мурдагы жубайы" экени айтылган Гүлсара Сулайманова ар кыл тармактагы иш алып барган 17 фирмага, ал эми уулу Темирлан Токобеков 13 фирмага ээлик кылары» жазылган.

Журналисттер Алиярбек Абжалиевдин мүлкү боюнча акыркы жылдардагы декларацияларында бапыраган байлыгы көрсөтүлбөгөнүнө көңүл бурган. Алсак, автоунаасы, малы жана жылына жарым миллион сомго жетпеген киреше табары жазылган. Бирок жакындары ондогон ишканаларга ээлик кылары көрсөтүлгөн эмес.

Ал эми журналисттик иликтөөдө депутаттын мурдагы жубайына катталган ишканалар тоо-кен, курулуш, эс алуу, логистика, соода, билим берүү жаатында иш жүргүзөрү айтылган. Алардын ичинен эң ирилери катары Гүлсара Сулайманова кытайлык ишкерлер менен бирге Кайыңды кабель заводуна, Алай районунда көмүр казган «Жол чырак», баалуу кендерди иштеткен «Кыргызспецгеосервис», «Сорон», «Жети Огуз Майнинг» сыяктуу ишканалардын кожоюндарынын бири экени көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары Сулайманова «Альбина Строй», «Софт Строй» курулуш компанияларында үлүшү болсо, «Мегастроймаркет» деген объектке жеке ээлик кылары иликтөөдө баяндалат.

Ал эми журналисттер Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековго катталган 13 ишкананы аныкташкан. Алардын ичинде көп тармактуу иш алып барган «Фемили Групп» компаниясы, «Нур Элит Строй», «Скай лайт» сыяктуу ишканалар аталган.

Иликтөөнүн авторлорунун бири, «Фактчек» порталынын редактору Болот Темиров материалда ачыкка чыккан маалыматтар шек жаратарын билдирди:

Болот Темиров
Болот Темиров

«Негизи мыйзам боюнча чоңойгон балдары, расмий ажырашкан аялы жакын тууган болуп эсептелбейт экен. Бул иликтөөдөгү материалдарды анализдеп отуруп, бир суроо пайда болот. Кандайча эле чоң мамлекеттик кызматты ээлеп жүргөндөрдүн жакын туугандары ушундай таланттуу бизнесмен болуп чыга келет? Убагында Бакиев да ушинтип жооп берип жүргөнү эсибизде. Экинчи жагынан карасак, иликтөөдө айтылган көп компаниялар акыркы жылдары ачылып, 2016-жылдан тартып активдүү иштей башташкан. Албетте, 2003-жылы ачылган ишканалар да бар. Бирок алар аз. Ошол эле кезде Алиярбек Абжалиевдин өмүр баянын карасак, дал ушул жылдары Жогорку Кеңештин депутаты катары иштеп жүргөн болот».

Болот Темиров депутат Абжалиевдин жакындарына катталган мүлктөрдүн булагы боюнча тиешелүү органдар текшерүү жүргүзүшү керектигин айтууда.

Бул иликтөөдөн соң «Азаттыктын» Сулайманова жана Токобеков менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Ал эми парламент депутаты Алиярбек Абжалиев журналисттик иликтөөдө айтылгандарды четке кагып, мурдагы жубайы жана уулунун бизнесине көмөк көрсөтпөгөнүн билдирди:

«Ал жерде кичине ашыкча кылып жибериптир. Депутат катары эмне жардам бермек элем? Ар ким өзүнүн ишин кылат да. Отуруп алып эле билип-билбей жаза беришиптир. Алардын өз оокаты бар. Үй-бүлөлүү болгон соң өзүнчө оокат кылышат. Менин декларациямды жазышыптыр. Анын жомокко окшоштуруп «ушундай имиш» деген нерселерди кошуптур. Ал туура эмес».

Абжалиев бул макала боюнча юристтер иштеп жатканын кошумчалады.


Негизи Кыргызстанда чоң кызматты ээлегендердин байлыгын, мал-мүлкүн жакындарына жаздырып, жашырып коёру көптөн бери эле айтылып келет. Бул жаатта кемчилик бар экенин бийлик органдары да моюнуна алып, көп эрежелерди өзгөртүү боюнча убадалар айтылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков декларацияларды текшерүү коррупцияга каршы күрөштүн эң маанилүү бөлүгү экенин далай жолу айтып, «эл эсебинен байыгандардын баары ашкереленет» деп билдирип келет. Маселен, президент 2019-жылы күч органдарына тапшырма да берген:

«Ар бир министрликте жана мекемеде коррупциялык схемалар барбы-жокпу, ар бир мамкызматкерди жекече текшергиле, - деген эле ал. - Мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин декларациялары жакшылап текшерилет. Дагы бир жолу кайталайм - коррупцияга каршы күрөш кимдин кандай даражасы бар экенине жана кандай кызматты ээлегенине карабастан катуу жүргүзүлүшү керек».

Бийликтин мындай убадаларына карабай мамлекеттик жетекчилердин мал-мүлкүнүн ачык-айкындыгы дале болсо маселе бойдон калып келет.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев бийлик коррупция менен чыныгы күрөш жүргүзүүнү кааласа, журналисттер иликтеп чыккан маалыматтарга өзгөчө көңүл бурушу керектигин белгиледи:

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

«Декларация кампаниясы башталгандан бери чиновниктердин баары мал-мүлкүн, байлыктарын туугандарына, тааныштарына каттатып коет. Ал мал-мүлккө ээ болдуң деп текшерчү мыйзам жок. Мыйзамды кабыл алуу боюнча аракет жок. Аны атайлап эле кабыл албай, кечеңдетип жаткандай сезилет. Болбосо, байыртадан бери келе жаткан чоң жетекчилердин жакындарына тиешелүү «Цезардын аялы шектен тышкары» болуш керек деген эреже иштеш керек болчу».

Алиярбек Абжалиев - Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты. Ал акыркы жолу 2015-жылы «Республика-Ата Журт» партиясынын тизмеси аркылуу парламентке келген. Кызматтык карьерасынын басымдуу бөлүгүн бажы тармагында иштеген Абжалиев коомчулукка анча деле белгилүү эмес болчу. Бирок анын учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен куда экени ачыкка чыккан соң кызыгуу күчөгөн. Тагыраагы, сөз болуп жаткан депутаттын уулу президенттин кызына үйлөнгөн.

Буга чейин депутаттын саясий чөйрөдө таасири артып бара жатканы жөнүндө маалымат каражаттары жазып чыгып, аны Алиярбек Абжалиев четке каккан.

Алиярбек Абжалиевге көңүл бурулган дагы бир жагдай, иликтөөдө сөз болгон уулу Темирлан Токобековго туш болгон жол кырсыгына байланыштуу. Токобеков отурган автоунаа былтыр Ысык-Көлдө башка унаа менен кагышып, төрт адам каза болгон.

Маркумдардын жакындары «Азаттык» радиосуна кайрылып, кылмышты жашыруу, видеолорду өчүрүү аракети болуп жатканын айтып даттанышкан. Токобековдун жакындары бул маалыматты четке каккан болчу.

Кыргызстанда буга чейин коррупциялык көрүнүштөр боюнча бир нече журналисттик иликтөө жарыяланган. Мамлекеттик органдар алар териштириле турганын, укуктук баа берилерин айтканы менен көпчүлүгү аягына чыга элек. Былтыр бажы тармагындагы коррупциялык схемалар боюнча иликтөөгө реакция талап кылып Бишкекте нааразылык акциялары да өткөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (158)

XS
SM
MD
LG