Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Абжалиевди айланган кептер


Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары "президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев көшөгө артында кадр саясатына кийлигишип жатат" деген божомолун жазып чыгышты. Депутат Абжалиев мындай сөздөрдү төгүнгө чыгарып, өз ыйгарымынан аша чаппаганын билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин ишмердиги коомчулуктун калың катмарына анча белгилүү эмес. Эки жолу парламент депутаттыгына шайланганына карабай медиага көп интервью бербейт, Жогорку Кеңештеги талкууларга жигердүү катышканы анча байкалбайт.

51 жаштагы Алиярбек Абжалиев Ош облусунда туулган. Кесиби боюнча экономист. 1990-жылдардын башында совхоздо бухгалтер, экономист болуп эмгектенген. 1993-жылы Мамлекеттик бажы кызматына жумушка кирип, 10 жылдан ашык ушул тармакта иштеген. Эркечтам, Баткен бажыканаларында жана "Манас" аэропортунун бажыканасында жетекчи болгон.

2005-жылы ал кездеги бир мандаттуу Жогорку Кеңешке Кара-Суу округунан талапкерлигин коюп, шайлоодо негизги атаандашы, кийин Ош шаарын башкарган Мелис Мырзакматовду жеңип чыгып, депутат болуп келген.

Жээнбековдун кудасы

Оштогу ишмердиги менен жакындан тааныш эксперт Эркин Абдразаковдун айтымында, түштүктө Абжалиевди бажычы жана ишкер катары билишет:

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

- Ал кишини Ошто жүргөндө жакшы билем. Үй-бүлөсүн да жеке тааныйт элем. Агасы да түштүктөгү бажыканалардын биринде жетекчи болуп иштеген. Милиция кызматында көп жыл иштеген адамдын баласы. Алгачкы жолу депутат болуп шайланган соң ортодо бир тыным болуп калганда байланышыбыз үзүлүп калды. Ал учурда курулуш тармагында, бизнес менен алектенгенин билебиз. Ал эми учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен ал премьер-министр болгонго чейин эле куда болгону чындык. Неберелери да бар.

2007-жылы, ал кездеги президент Курманбек Бакиев парламентти тараткан соң Алиярбек Абжалиев бийлик сыртында калган эмес. Ал Монополияны жөнгө салуу агенттигинин статс-катчылыгына дайындалып, 2012-жылга чейин бул кызматты аркалады.

Ал эми 2015-жылы "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмесинен депутаттыкка аттанган. Шайлоодо жеңишке жеткен партиянын тизмесиндеги Алиярбек Абжалиев мандатка соттошуу аркылуу жеткен.

Ал кезде Өмүрбек Бабанов баш болгон партия жетекчилигинин кайрылуусун жүйө кылып, Борбордук шайлоо комиссиясы Алиярбек Абжалиевге депутат мандат берүүдөн баш тарткан. Партия лидерлери "ал өзүнө бөлүнгөн аймакта жетиштүү добуш топтой алган эмес, мындай учурда талапкердин мурдагы убадасына ылайык мандаттан баш тартышы керек" деген жүйө келтиришкен. Бирок Абжалиев баштаган бир катар талапкерлердин кайрылуусун сот канааттандырып берген.

Шайлоодон кийинки партия лидерлери менен тирештин эпкини үч жыл өткөн соң "Республика - Ата Журттун" лидерин алмаштырууда байкалганын парламенттеги журналисттер айтып жүрүшөт. Тагыраак айтканда “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидерин акыркы жолу алмаштырууда Алиярбек Абжалиевдин аты кайрадан атала баштаган. Демейде маалымат каражаттарына анча ыктабаган Абжалиев ал күндөрү негизги маалымат булактарынын бирине айланган.

Президенттик шайлоодон соң кылмыш иши козголуп, саясаттан баш тартып, чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон Өмүрбек Бабановдун ордун анын эң жакын үзөңгүлөшү Руслан Казакбаев ээлеген. Көп өтпөй фракция Казакбаевди алып түшүп, ордуна Жыргалбек Турускуловду шайлаган.

Абжалиевдин ысымы маалымат каражаттарында Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайланган соң көп атала баштады. Байкоочулар буга депутаттын президент менен туугандык байланышы себеп болгонун белгилешет.

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

Саясий талдоочу Орозбек Молдалиев Абжалиевдин ысымы маалымат каражаттарында көп атала баштаганын ырастап, президентке сөз тийгизбеши үчүн алдын-алышы керектигин белгилейт:

- Бул депутат тууралуу дээрлик маалымат айтылчу эмес. Бирок акыркы учурда көп аталып жатат. Маалыматтар “президенттин кудасы, бул кийлигишүүсү мүмкүн, мындай кылыптыр, тигиндей кылыптыр” деген имиш өңүтүндө болуп жатат. Азырынча аларды ырастаган факты байкаган жокмун. Бирок мындан эртерээк сабак алышы керек. Ушундай сөздөр айтылып эле кийин чын чыгып калышы мүмкүн. Азыртадан чара көрүп, мындай нерселерге жол бербеш керек.

Алиярбек Абжалиевдин уулу президент Сооронбай Жээнбековдун кызына үйлөнгөн. Муну депутат өзү да бир нече ирет ырастаган.

Айрыкча мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага парламенттин ишеним көрсөтпөй, жаңы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовду дайындоо маалында медиада Абжалиевдин аты аталды. Анда жаңы прокурор Жамшитов Абжалиевдин "көздөй кишиси" катары мүнөздөлгөн.

Мындай жоромолдорду "Ата Мекен" фракциясынын ошол кездеги башкы прокурор Жолдубаеванын ишин караган жыйынына Алиярбек Абжалиевдин катышуусу ого бетер күчөткөн. Анткени адатта депутаттар башка фракциялардын жыйындарына катышпайт. Абжалиев ал жолу "Ата Мекендин" жыйынына катышкан себебин эч кандай түшүндүргөн эмес, фракция өзү да бул тууралуу комментарий берген эмес.

Бирок Абжалиев бул өңдүү дооматтарда эч кандай негиз жок деп маалымат каражаттарына бир нече ирет билдирди:

- Буга чейин мен бул жигитти (Жамшитовду-авт.) көргөн эмесмин. Бирок анын баскан жолун карап көрсөм, чыныгы профессионал прокурор экен. Кыргызстандын төрт бурчунда иштеп келиптир. Мени менен "дос экен" деп айтып жатышат. Адамдар кичине окуп, билип туруп айтышы керек. Экөөбүздүн курагыбыздагы айырма дээрлик сегиз жаш экен. Анан кантип мен дос болом? Бул адамды мен көргөн да эмесмин, сүйлөшкөн да эмесмин. Бирок аны менен таанышып, "туура чечим болгон экен" деп жатам.

"Тегин жерден сөз чыкпайт"

Парламенттин ишмердигине көз салып келген жарандык активист Рита Карасартова акыркы учурда мындай маалыматтар айтылып келгенин жана тегин жеринен чыкпаганын белгилейт:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Негизи эле депутаттардын кадр саясатына кийлигишкени боюнча көптөгөн сөздөр айтылып келет. Буга толук ишенем. Мисалы, кечээ эле кайсы бир мамлекеттик органдын жетекчилиги бизге депутаттар ар кыл адамдардын резюмелерин жиберип, "бул кишилерди аласың" деп кыйнашат" деп айтып чыкты. Жалпы депутаттар ошентип жаткан соң президенттин жакыны болгон адамдарга жөнөкөй адамдар эле өздөрү негиз берип коюшат. Аларга кошомат кылып, килем төшөй коюп жатышат. Абжалиев менен Асылбек Жээнбеков президенттин жакындары болуп түз сүйлөшкөнү үчүн мындай сөздөрдү айтууга негиз түзүп берип коюшат. Ошондуктан мындай сөздөр чындыгында бар экенине мен ишенем.

Алиярбек Абжалиев "Азаттыкка" комментарий берип, "кадр саясатына кийлигишет" деген сөздөрдү дагы бир ирет төгүнгө чыгарды:

- "Кадр саясатына аралашып жатат" деген сөздөргө эч негиз жок. Мисалы, мен Акаев, Бакиевдин учурундагы абалды билем. Ал учурда да ушул сыяктуу сөздөр айтылып келген. Мен ага каршымын. Факты жок нерсени сүйлөбөш керек. "Жаман" эле дей берсе жаман боло берет. Адамдар менен сүйлөшүп койсоң эле ар кандай сөздү айта беришет. Мен кадр саясатына такыр аралашпайм. Президент менен депутат катары албетте жолугам. Тууган катары да айрым учурда жолукканга туура келип калат. Бирок күн сайын жолугуп, кабыл алганга шарты жок.

Алиярбек Абжалиев бардар экенин жашырбайт. "Өз оокатым өзүмө жетет" деп, кайсы бир кызыкчылыктар үчүн көмүскө иш жүргүзүүгө эч кандай кызыкчылыгы жок экенин билдирип жүрөт.

Абжалиевдин төрт баласы бар. Алардын бири, президенттин күйөө баласы Тышкы иштер министрлигинде иштейт. Дагы бир 24 жаштагы уулу Темирлан Токобеков "Республика" партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG