Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Ататүрк паркын «аңтарган» бийлик


Ататүрк паркындагы кыйылган дарактар. 2011-жыл.
Ататүрк паркындагы кыйылган дарактар. 2011-жыл.

Бишкектеги Ататүрк гүлбагынын аймагынан мамлекеттин мурдагы жана кийинки жетекчилери, өкмөт башчылары, министрлер, депутаттар жана ынкылаптын башында турду деген төбөсү көрүнгөн саясатчылар кантип жер тилкелерин алышканы тууралуу Kloop.kg менен OCCRP атайын иликтөөсүн жарыялашты.

Гүлбактын аймагынан жер тилкесин бөлүүгө тыюу салган мыйзамга карабастан, 2000-жылдан тартып парктын аймагы кесилип отуруп, анда кыргыз «ак сөөктөрүнүн» бүтүндөй бир кварталы кандайча пайда болгону иликтөөдө документалдык далилдердин негизинде көрсөтүлгөн. Кээ бир жер тилкелеринин ээлери ызы-чуудан чочуп, сатып жиберишсе, айрымдары «мыйзамдуу берилген» деген негизде жер тилкелерине курган үйлөрүндө жашап келатышат.

Аттуу-баштуулардын «айылы» кантип пайда болгон?

Kloop.kg менен OCCRP уюмунун журналисттери 2000-жылдан 2008-жылга чейин Бишкектеги Ататүрк гүлбагынын аймагы кандайча тарып, андан 181 жер тилкеси кантип жеке колдорго өтүп кеткен жагдайды иликтеп чыгышты. Иликтөөгө бир жылга чукул убакыт кетип, жүздөгөн документтер изилдөөгө алынганы белгиленген. Жер тилкелеринин көпчүлүк ээлери мурдагы өкмөт башчылары, парламенттин жетекчилери, министрлер, депутаттар, соттор, прокурорлор, шаар мэрлери жана алардын жакын туугандары болуп чыккан. Алардын арасында мурдагы министрлер Болот Абилдаев, Ильяс Давыдов, Мустафа Кидибаев, Курманбек Осмонов, Калыкбек Султанов, Турсун Турдумамбетов, Абдылда Суранчиев, Өмүрбек Кутуев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Александр Костюк, мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин апасы Мария Нанаева, Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Нариман Түлеев менен Кубанычбек Кулматовдун аталары Ташполот Түлеев менен Кеңешбек Кулматов сыяктуу аттуу-баштуу адамдар бар.

Укук коргоочу Рита Карасартова муну кыргыз элитасынын чыныгы жүзү катары баалады:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Бул биздин мурдагы жана кийинки аткаминерлердин чыныгы жүзүн жана деңгээлин көрсөтүп турат. Анткени бардыгы эле алдым-жуттумдуктан кутула алышпады. «Гүлбактын аймагына кирип, үй салганга болбойт, аны таза аба үчүн сакташ керек» деген түшүнүк биздин аткаминерлерде жашабайт. Булардын бир максаты - балдары менен элден өзгөчөлөнүп, таза абасы менен айырмаланган гүлбактын ичинде жашоону гана каалашат. Ошондуктан бүтүндөй гүлбактын тилкесине кол салган биздин бийликтеги аткаминерлер болду. Кантип эле ошол кишилердин үйү жок болсун? Бирок ага карабастан, ата-энесинин, балдарынын, туугандарынын аттарына каттап, жер тилкелерин жана үйлөрдү ала беришкен. Керек болсо элдин үмүтү болуп, ыңкылаптын шары менен бийликке келгендердин алкымы деле мурдагылардан ашып түшкөнүн көрдүк. Ар бир бийлик алмашканда «ошол гүлбактын жер тилкелерин кайтарабыз» деп келишет, бирок кайра ошол жактан өздөрү жер тилкелерин алып эле, тымпыйып жашап калышат же алып туруп, кайра кымбат баага сатып жиберишет.

Акаевдин аткаминерлерге кылган «айкөлдүгү»

Бишкектеги Ататүрк гүлбагынан 2000-жылдардан тартып мыйзамдаштыруу жолу менен жер тилкелерин алган аттуу-баштуу аткаминерлердин тизмеси ошону менен токтоп калбайт. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов, парламенттин эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев, мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, ошол кездеги вице-спикер, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков, мурдагы спикер Айтибай Тагаев, ошол кездеги депутаттар Райымбек Мамыров, Азиз Турсунбаев, Сайдулла Нышанов, Азизбек Бурканов, Искендер Гаипкулов, Асамидин Марипов, Рашид Тагаев, Алиярбек Абжалиев, Зиядин Жамалдинов, Канат Керезбеков, Эркин Байсалов, экс-депутат, азыр вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова сыяктуу көрүнүктүү ысымдар тизмени толуктап турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев муну мурдагы президент Акаевдин «саясий айкөлдүгү» катары белгиледи:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Мисалы үчүн ошол кездеги биздин парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев жана анын орун басарлары ошол жактан жер тилкелерин алганын кийин билип калдык. Анткени ошондой жогорку кызмат адамдарынын бардыгына ошол гүлбактын аймагынан жер бөлүнгөн экен. Азыркы президент да жер тилкесин алып, бирок кийин ал жакка үй курбай эле, башкага өткөрүп берген болсо керек. Ошол кезде айрым депутаттарга, айрым жетекчилерге шаардын кооз жана абасы таза аймагы болгон ошол гүлбактан жер тилкелери кандай принциптер менен берилгенин билбейм. Бирок аны берген киши өзү билсе керек. Жер тилкелерин берүүнү ошол кездеги президент Аскар Акаев жана анын кол астындагылар чечишкен. Ал жерде балким, адамдардын ошол кездеги президентке жакындыгы же жогорку кызмат ордун ээлегендиги себеп болгондур. Калган депутаттардын бардыгына эски аба майданы жактагы калып кеткен тилкеден жер бөлүп берип, эл катары эле чектерди бекитип беришкен. Мен да ошол жактан чек алып, бирок кийин үй сала албай калдым. Көпчүлүк учурда Ошто жашагандыктан кийин ал жер тилкесин өткөрүп берип салгамын. Ал кезде аймактан келген депутаттарга батир берилчү эмес.

Ошол эле кезде мурдагы юстиция министри, Жогорку соттун мурдагы төрагасы жана экс-депутат Курманбек Осмонов жогорку кызмат адамдарына Ататүрк гүлбагынын аймагынан жер тилкелерин берүү боюнча демилге мурдагы президент Аскар Акаевдики болгонун ырастады. Курманбек Осмонов муну кызмат адамдарынын турак-жай маселесин чечүүгө багытталган мыйзамдуу чечим болгонун айтып, бирок баштапкы жер тилкелери гүлбактын аймагынан эмес, анын жака-белинен бөлүнгөн болчу деген жүйөнү келтирди:

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

- 9-майда парад болуп бүтүп, анан шаардын мэри Керимкулов баарыбызды чайга чакырган. Анан ошол жерде чай үстүндө президент Аскар Акаев «мамлекетке иштеп жаткан биздин жигиттерге үй курганга жер берип, керек болсо насыя акча алышсын» деп сөз козгоп калды. «Булар өкмөттөн үй сурабайт, үй-бүлөсүнүн турак-жай маселеси ошону менен чечилет. Ошондуктан буларга жакшы бир заманбап үлгүдөгү үй курганга мүмкүнчүлүк берели» деген сөз болгон. Анан бир күнү эле шаар мэри чалып, «жер тилкесин алганга арыз жазыңыз» деп, анан кийин жер тилкеси бөлүнгөнүн көрсөттү. Ал жер тилкеси паркка жакын жер экенин билет элек. Бирок жер тилкесин бөлгөндө ал жакта дарактар жок болчу. Аны алып жатканда келип көргөнбүз. Эгерде парктын аймагынан болсо, «кой, башка жактан эле жер тилкесин бергиле» демекпиз да. Анан кантип эле аттуу-баштуу, акыл-эстүү эле кишилер келип эле парктын аймагына кирип эле, үй салып алмак элек? Анан дагы эгерде ал жер тилкелери гүлбактын аймагына караса, анда мэрия аны бербейт болчу да?

Ыңкылаптан кийин да уланган иштер

Ататүрк гүлбагынан жаңыдан жер бөлүнө баштаганда мурдагы генпрокурор Асанбек Шаршеналиевге, анын орун басары Галина Пугачевага, Бишкектин мурдагы прокурору, Конституциялык соттун мурдагы судьясы маркум Жумадил Макешевге жер тилкелери берилген. 2005-жылы 24-марттагы ыңкылаптан кийин башкы прокурорлукка дайындалган Азимбек Бекназаровдун жубайы Гүлүмкан Мамакеевага ошол эле жылы ыңкылаптан бир ай өтпөй, апрель айында гүлбактын аймагынан жер тилкеси катталып, кийин ал анысын сатып жиберген. Курманбек Осмонов 2007-жылдары боюнча ызы-чуу чыгып, башка жер тилкелери боюнча соттошуу жүргөнүн белгиледи.

Анын өзүнүн жана кошуналарынын жер тилкелери гүлбактын аймагына карабагандыктан, текшерилип, бирок ага доомат болбогонун айткан Курманбек Осмонов айрым аткаминерлер кийин үйлөрүн сатып кеткен учурлар болгонун айтты:

- Жоомарт Оторбаев болсо менин кошунам. Ал жерде анын ата-энеси турчу. Атасынын көзү өткөн соң ал жакта бирөөлөрдү коюп койгон. Кээде өзү ал жакка келип турат. Бирок ал үйүн башка бирөөгө саткан жок. Ал эми кээ бирөөлөр жер тилкесин мамлекеттен бекер алып, анан аны чоң акчага кайра саткандар болду. Кайсы бир адамдар «Ататүрктүн» тегерегинде чуу чыкканда «кой» деп чочулап, жер тилкелерин же үйлөрүн кайра сатып жиберишкен же болбосо башка бирөөлөргө каттатып салган болсо керек. Бирок азыр мурдагы башкы прокурор Асанбек Шаршеналиев, мурдагы спикер Абдыганы Эркебаев жана мурдагы же азыркы депутаттар да ушул жакта жүрүп калышат. Демек, алар сатышкан эмес.

Бул жер тилкелеринин маселесин чечүүнүн жолу

Бишкектин мэриясына караштуу «Шаар гүлбактары» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева Ататүрк гүлбагынан мыйзамдаштырылган жол менен жер тилкелерин алгандарга эч кандай чара көрүүгө мүмкүн эмес экенин айтты. Бирок ал бул адамдардын жер салыгын эселеп көбөйтүү аркылуу же алынган жер тилкесине төлөм киргизүү менен зыяндын ордун калыбына келтирүүнү сунуш кылды:

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

- Мэрия мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелери кайра шаарга кайтарылышы керек деген позицияда. Бирок жанагы көпчүлүк бай адамдарга, мурдагы аткаминерлерге жер тилкелери мыйзамдуу түрдө берилип калган. Ал эми эч кандай документтери жок эле, жер тилкелерин ээлеп алган адамдардыкы кайра шаарга тартылып алынган. Мэрия тиешелүү кызматтарга 57 жер тилкесин бошотуу боюнча сотко арыз берүүгө тапшырма берген. Анан эми гүлбактан жер тилкелерин алгандардын ошол кезде бирөөнүн да үйү же жер тилкеси болгон эмес дегенге эч ким ишенбейт. Бирок аларга мамлекет үй-жайсыз жарандар катары 8 сотыхтан жер бөлүп берген. Ошондуктан биз алардын жер тилкесин акча төлөбөй, бекер алганын аныктай алабыз. Ошол жол менен аларды бюджетке акча төлөтсөк болот. Ошондой эле алар гүлбактын аймагында жашаганы үчүн жер салыгын бир канча эсе көп төлөй турган мыйзам иштеп чыгыш керек.

Kloop.kg менен OCCRP уюмунун журналисттери жандоочтон тартылган фото карталарды салыштыруу аркылуу аталган аткаминерлердин жер тилкелери Ататүрк гүлбагынын чегине кирип турганын далилдеп чыгышкан. Өткөн 20 жылга чукул убакытта жалпысынан Ататүрк гүлбагынын аймагынан 20 гектардан ашуун жер аянты жеке турак-жай курууга берилип кеткени иликтөөдө көрсөтүлгөн. 1958-жылы бул гүлбак негизделген учурда анын аймагы 107 гектар жер аянтын түзөрү көрсөтүлгөн. Азыр анын аянты 74 гектарга барабар деп айтылып жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG