Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:15

Интернетте сөгүнгөн Даниел Ажиев камакка алынды


Сүрөт Даниел Ажиевдин «Инстаграмдагы» баракчасынан алдынды.
Сүрөт Даниел Ажиевдин «Инстаграмдагы» баракчасынан алдынды.

Соңку күндөрү социалдык тармактарда талкуу болуп жаткан Даниел Ажиев аттуу жаран камакка алынды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Ажиев Жазык кодексинин 313-беренесинде («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») беренеси боюнча шек саналып, шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына камакка алынды.

Милициянын маалыматы боюнча, Даниел Ажиев кармоо учурунда баңгизат колдонгону аныкталган.

Даниел Ажиев «Инстаграмдагы» баракчасында видео жарыялап, колунда жокторго жардам көрсөтүп жатканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөн.

Даниел Ажиев мындан тышкары бир нече видеону социалдык тармактарга жайылткан. Анда ал Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековдун ысымын бир нече жолу атап, ага нааразылыгын билдирген. Анын жол кырсыгына катышканын эске салган.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгы 2019-жылы 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында болгон. «Lexus» жана Токобеков отурган BMW Х7 машинелери кагышып, «Lexus» автоунаасынын ичиндеги төрт киши тең мерт болгон. Депутаттын уулу да жабыркап, ооруканага жатып чыккан.

Маркумдардын жакындары «Азаттык» радиосуна кайрылып, кылмышты жашыруу, видеолорду өчүрүү аракети болуп жатканын айтып даттанышкан.

Токобековдун жакындары бул маалыматты четке кагышкан. Кийин кырсыкта жабыркагандардын биринин жакындары «доосу жок» экенин билдирген тосмо арыз жазып берген.

Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени маалым. (BkA)

XS
SM
MD
LG