Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Төрт өмүрдү алган кырсык: Депутаттын уулу отурган машине катуу бараткан


7-июлда Бактуу-Долоноту айылында болгон кырсык.
7-июлда Бактуу-Долоноту айылында болгон кырсык.

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу отурган машине катуу баратканы жол кырсыгына себеп болгон. Бул тууралуу 25-октябрда «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, мындай тыянакка автотехникалык экспертизанын жыйынтыгы негиз болду.

- BMW Х7 машинесинин айдоочусу жогорку ылдамдыкта бара жатканы аныкталды, - деди ал. - Азыр соттук өндүрүштүн негизинде айдоочу эки айга үй камагына алынды. Тергөө уланууда.

Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгы быйыл 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында болгон. «Lexus» жана Токобеков отурган BMW Х7 машинелери кагышып, «Lexus» автоунаасынын ичиндеги төрт киши тең мерт болгон. Депутаттын уулу да жабыркап, ооруканага жатып чыккан.

Маркумдардын жакындары «Азаттык» радиосуна кайрылып, кылмышты жашыруу, видеолорду өчүрүү аракети болуп жатканын айтып даттанышкан. Токобековдун жакындары бул маалыматты четке каккан. Кийин кырсыкта жабыркагандардын биринин жакындары «доосу жок» экенин билдирген тосмо арыз жазып берген.

Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени маалым. (KS)

XS
SM
MD
LG