Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Бишкекте референдумга каршы баракча тараткандар кармалды


БИШКЕК. 30-январда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Ош базарында баракча таратып жүргөн эки адам, 12 жашар бир бала кармалды. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын ишембиде билдиргенине караганда, Жаналиев Алтынбек менен Айткулов Арсландын колунан референдумга каршы 60 баракча, ал эми 12 жашар Даниел Ажиевдин колунан 200 баракча алынган. Даниел Ажиев убактылуу кармоочу жайда кармалып турат, ички иштер кызматы ата-энеси келсе баланы бошотууну көздөп жатат. Калган экөө Административдик Кодекске ылайык сот жообуна тартылышы ыктымал. Алардын бири – А. Жаналиев - Ленин райондук ички иштер кызматында, ал эми А. Айткулов - документтери так болбой жаткандыктан, убактылуу кармоочу жайда болушууда. Ушул эле күнү референдумду көзөмөлдөө боюнча коомдук штаб башчысынын орун басары Жыпар Жекшеев аты аталган жарандар референдумга байланыштуу тыюу салынган эч кандай маалымат таратпаганын белгилеп, ички иштер министрлигинин аракеттерин мыйзамсыз катары сынга алды.

XS
SM
MD
LG