Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:30

Депутат катышкан кырсык иликтенүүдө


Кырсык болгон жерден тартылганы айтылган сүрөт.
Кырсык болгон жерден тартылганы айтылган сүрөт.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгында каза болгондордун биринин жакындары тосмо арыз жазды.

Ишти Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы карап жатат. Бирок тергөө жөнүндө маалыматтардын купуя сакталышы жана депутаттын комментарий берүүдөн баш тартышы ар кандай түкшүмөл ойлорду жаратууда.

7-июлда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы аварияда көз жумган жигиттердин кай биринин жакындары милицияга тосмо арыз жазганы ачык айтылбай турганын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди:

«Тергөө уланып жатат. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Жыйынтыгына жараша айып угузулат».

Кырсыкта курдаш достор Нурсултан Бекболотов (айдоочу), Нурсултан Данияр Уулу, Бек Бакытбек уулу жана Бексултан Кудайбердиев каза тапкан. Алар Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жашаган достор болушкан.

Нурсултан Данияр уулунун атасы Данияр Кулматов тергөөдөн кабардар экенин, Бексултан Кудайбердиевдин жакындары тосмо арыз жазып берүү ниетин мурда эле билдиришкенин айтты. Бирок Кудайбердиевдин туугандарынан муну тастыктаганга азырынча мүмкүн боло элек.

Нурсултан Бекболотовдун жакындары маркумдун зыйнатына байланыштуу тергөөнүн жүрүшүнөн кабарсыз экенин билдиришти.

«Тосмо арыз жазылганы жөнүндө Интернеттен окудук. Ким жазганы бизге да кызык болуп турат. Эч ким маалымат бере элек. Мыйзам бар, териштирүү мыйзам чегинде жүрүшүн, күнөөлүүлөр аныкталышын талап кылабыз», - деди маркум Бек Бакытбек уулунун Бишкектеги таежеси Майрам Жаңыбаева.

Милициянын маалыматына ылайык, ал күнү BMW Х7 Каракол тарапты көздөй баратып, каршы тилкеге чыга калган «Lexus» менен кагышкан. «Lexus» автоунаасында бараткандар каза табышкан.

BMW Х7 машинесинде да төрт киши болгон, алардын бири Бишкек шаардык кеңешиндеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Темирлан Токобеков. Рулда анын таанышы отурган. Алар да жабыркап, ооруканага жатып чыгышкан.

Маркумдардын туугандары «Азаттык» радиосуна кайрылып, кылмышты жашыруу, видеолорду өчүрүү аракети көрүлүп жатканын айтып, даттанышкан. Бирок Токобековдун жакындары бул маалыматтарды четке кагышкан.

Шаардык кеңештин сайтындагы сүрөт.
Шаардык кеңештин сайтындагы сүрөт.

«Азаттык» Темирлан Токобеков менен байланыша алган жок. Ал мүчө болгон фракциянын катчылыгы депутат жайкы эс алууда экенин, кайрылуу ага жеткирилерин билдирди.

25 жаштагы Темирлан Токобеков - Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу. Абжалиев бул маселени саясатташтырбоону суранды. Кырсыкта депутат бараткан автоунаа эмес, берки машине каршы тилкеге чыгып кеткени айтылганы менен Токобаевдин комментарий бербей жүргөнү коомдо ар кандай түкшүмөл ойлорду жаратууда.

«Жол коопсуздугу» уюмунун жетекчиси Чынара Касмамбетова бул жагдай депутаттын өзүнүн дарегине күмөн саноолорду күчөтүп жатканын билдирди:

«Маалымат ачык айтылбаган жерде бүдөмүк ойлор пайда боло берет. Бизде «депутат тараптан күнөө кеткен го» деген пикир жаралат. Бизде калыптанып калган бир система бар – маалыматты жашыруу, бурмалоо кырсык болгон жерге тергөөчүлөр келери менен эле башталат. Анык маалымат сотко чейин жетпеши да мүмкүн».

Касмамбетова аткаминерлер катышкан жол кырсыктарына байланыштуу тергөө иштери коомго жарыяланбай, басты-басты болуп кеткен окуялар да кадыресе көрүнүш экенин кошумчалап, кандай гана авария болбосун фактынын негизинде терең иликтениши зарыл экенин белгиледи.

Ал эми Кыргызстандык айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов мындай учурларда милицияга тосмо арыз берип, тергөөнү токтотуу туура чечим болорун айтып жатат:

Дүйшөналы Токтакунов.
Дүйшөналы Токтакунов.

«Бул кокустук. Эч ким атайылап бирөөнүн машинеси менен сүзүшүп, киши өлтүрөйүн дебейт. Мындай учурда кечиримдүү болуу туура. Ал эми атайылап авария кылгандар жазасын алышы керек».​

Токтакунов айдоочулардын этиятсыздыгын да сындап, бирок жолдордо карама-каршы тилкеге чыгууга бөгөт койгон тосмолордун, жол сызыктарынын жетишсиздиги да кырсыктарга себеп болуп жатканын кошумчалады.

Расмий маалыматка ылайык, 2018-жылы Кыргызстанда 5 995 жол кырсыгы болуп, 716 адам көз жумган, 9 160 киши ар кандай жараат алган. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы бул бир жыл мурдагыга салыштырмалуу дээрлик алты пайызга аз экенин билдирген.

Жол кырсыктарынын 30 пайызына ылдамдыкты ашыруу, 28 пайызына каршы тилкеде эреже бузуу жана 10 пайызына туура эмес жерден каршы тилкеге чыгып кетүү себеп болот. Ал эми мастык менен эреже бузгандар 7 пайызды түзөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG