Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Күтүүсүз кырсык бир үй-бүлөнү күйүткө салды


Маркум Молдакун Абдылдаевдин Бишкектеги үйү.
Маркум Молдакун Абдылдаевдин Бишкектеги үйү.

Кыргыз өкмөтүнүн Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин үй-бүлөсү менен сууга агып, мерт болушу өлкөдөгү жол коопсуздугу маселесин дагы көтөрдү.

Жумгалдын Арал айылынан Суусамыр өрөөнүнө бараткан жолдогу автокырсык Молдакун Абдылдаевдин жакындарын азапка салды. ​

30-июнда беш кишини салып бараткан автоунаа Суусамырга жакын жолдо Көкөмерен суусуна кулап кеткен.

Эки күндөн кийин 59 жаштагы Молдакун Абдылдаев менен айдоочусунун сөөгү табылды.

Маркум Молдакун Абдылдаев. (Архивден)
Маркум Молдакун Абдылдаев. (Архивден)

Маркумдун келини Батма Касымбекова ошол күнү кайнагасын үй-бүлөсү менен Ат-Башыдан узатканын кабыргасы кайышып эскерип отурду.

“Үч жарымда Ат-Башыдагы биздин үйдөн кетишкен. Суусамырдагы тойго бара турганын айтышкан. Эртең менен Индирага чалып, саат 9-10дордо (ред: Абдылдаевдин кызы) Жумгалдан “баратабыз” деп сүйлөшүптүр. Андан кийин эле байланышка чыкпай калды. Азыр эки кызы, тууган-уругу күтүп жатабыз. Ишемби күнү сөөктү жерге берели дегенбиз. Эркектерибиздин баары суу жээктеп жүрөт. Алгач тирүү чыгат деп үмүт кылдык эле. Айдоочусунун сөөгү табылгандан кийин үмүт өчүп баратат...”.

23 жаштагы айдоочу Бакыт Абдылдаевдин сөөгү 4-июлда Бишкектеги көрүстөндөрдүн бирине коюлду. Мындан тышкары туугандарынын айтымында, кырсыкка учураган «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү машиненин ичинде Абдылдаевдин аялы Тинатин Шадыканова, 26 жаштагы уулу Илимбек Абдылдаев жана сегиз жаштагы небереси Софья Борукеева болгон.

Софьянын сөөгү 4-июлда табылганы кечке жуук маалым болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы маалыматы боюнча азыр аларды Көкөмерен суусунан издөө үчүн жүздөн ашык адам тартылды.

Айрым маалымат агенттиктери күбөлөрдүн сөзүнө таянып, 60 чакырым ылдамдык менен келаткан автоунаа жарды сүзүп алгандан кийин тумшугу менен сууга кулап кеткенин жазышты. Анда күбөлөр алгач агып бараткан машинеден бир киши көрүнүп, бат эле агып кеткенин айтып беришкен.


Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев кырсык болгон жер кооптуу тилке экенин айтууда. Жолдун сырын билгендер акырын айдап өтүшөрүн белгиледи. Табигат шартына байланыштуу кууш жолдун жээги тосулган эмес.

“Кууш экен. Бул жолду кайра эле салбаса, оңдоого мүмкүнчүлүк жок. Жайы-кышы шагыл куюлуп турат. Жээгин тосуп салса, таш кулаган учурда машине өтө албай калат”, - деди Отунчиев.

Анын айтымында, бул жол тилкесинде буга чейин да ушул сыяктуу кырсыктар катталган.

Кыргызстан тоолуу болгондуктан көпчүлүк аймактарды бириктирген жолдор ашуу аркылуу өтөт. “Трасса Такси” фирмасы өлкөнүн булуң- бурчуна жүргүнчү ташып иштейт.

Анын негиздөөчүсү Турсунбай Шараповдун пикиринде, Кыргызстандагы көпчүлүк кара жолдор жаңы айдоочулар үчүн ыңгайсыз. Себеби, кооптуу аймак экенин эскерткен белгилер жок.

“Мен азыр Бишкектен Чоң-Алайга келдим. Жолдордогу чукул бурулуштагы белгилердин баары сынып, айрымдарын зым менен байлап коюптур. Кыйшыйып башка жакты көрсөтүп тургандары да бар. Аны жергиликтүү бийлик деле оңдоп койсо болот. Жаңы айдоочуларга ыңгайсыз, бирок тажрыйбалуу болсо деле жаңы жолдо белгилерди карайт. Бизде андай белгилер жок. Анан жол кырсыгы болуп жатат”, - деген Шарапов айдоочуларды тоолуу жолдордо сак жүрүүгө чакырды.

Белги коюлганына карабай кырсык көп болгон жол тилкелери бар экенин кошумчалады.

Азыр кырсыкты жергиликтүү милиция териштирип жатат. Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын басма сөз катчысы Тилек Оторов жолдордогу белгилер инспекторлор аркылуу көзөмөлдөнөрүн айтты.

“Жылына эки жолу кызматкерлер жазгы жана күзгү изилдөө ишин жүргүзүп, кайсы жерге белги коюлуп, жолдун абалы текшерилет. Анан тийиштүү органдарга сунуштама жөнөтүлөт”.

Учурда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы, маркум Молдакун Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу комитети түзүлдү.

Молдакун Абдылдаев 2014-2018-жылдары президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. Аны кесиптештери мамлекетчил инсан катары жылуу эскеришти.

Бул Кыргызстанда жогорку кызмат адамы жол кырсыгынан каза тапкан алгачкы окуя эмес.

2017-жылы 7-октябрда Бишкек-Чалдыбар жолунда "Тойота-Лэнд Крузер" автоунаасы буудай тартып келаткан "КамАЗ" менен кагышып, натыйжада 38 жаштагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, жардамчысы - 30 жаштагы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу - 33 жаштагы Нурбек Муканов каза тапкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG