Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Чүйдө аппарат башчы үй-бүлөсү менен дайынсыз болууда


Суусамыр.
Суусамыр.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен дайынсыз экени кабарланды.

Облустук милициянын басма сөз кызматы 30-июнда Суусамырда Көкөмерен суусуна кулап кеткен жолтандабаста Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү болушу ыктымал экенин «Азаттыкка» билдирди.

Милиция Абдылдаевдин туугандарынын айткандарына таянып тараткан маалыматка караганда, «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү машинеде беш киши бараткан. Алар акыркы жолу кырсык болгон аймакка жакын жерден телефондон байланышкан.

Үч күндөн бери аларды элүүдөн ашуун куткаруучу издеп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG