Линктер

шейшемби, 25-июнь, 2019 Бишкек убактысы 07:49

Баланы сүзгөн погончон жазадан кутулду


Автоунаа сүзүп, окуя болгон жерде мерт болгон 11 жаштагы окуучунун сөөгү.

Сокулук районунун Новопавловка айылындагы мектептин жанынан 10 жаштагы окуучуну автоунаасы менен өлтүрө сүзгөн милиция кызматкерине козголгон кылмыш иши токтотулду.

Буга каза тапкан баланын ата-энеси милиция кызматкери менен өз ара ымалага келип алганы себеп болду. Анткен менен адам өмүрү кыйылган окуяда тараптардын элдешип алып, кылмышты жокко чыгаруу аракети коомчулуктун сынына кабылды.

Сокулук районунун Новопавловка айылында 29-январь күнү таңкы саат жети чамасында 4-класстын окуучусун Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери автоунаасы менен сүзүп кеткен.

Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдон өтүп бараткан он жаштагы бала кырсык болгон жерден мүрт кеткен.

Окуя Кылмыштар жана жоруктар реестрине 297-берене ("Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу") менен катталып, айдоочу убактылуу жайга камалган.

Көп өтпөй тараптар өз ара макулдашууга келип, натыйжада милиция кызматкери жоопкерчиликтен бошотулганын Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү Назира Имангазиева ырастады:

- 31-январь күнү автоунаанын айдоочусун камакка алуу чечими чыккан. Ошол эле күнү жабырлануучу тарап күнөөлүү тарап менен жарашып алганын айтып, доо арызы жок экенин билдирип, буга чейинки жазган арызынан баш тартып, ишти кыскартып берүү үчүн арыз менен кайрылган. 2-февраль күнү айдоочунун туугандары жана жабырлануучу тарап медиатрлардын катышуусу менен тынчтык келишимине келишкен. Жабырлануучунун адвокаты тараптар жарашып алганына байланыштуу айдоочуну камактан чыгаруу өтүнүчүн келтирген.

Ошентип Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын Кайгуул күзөт кызматындагы милициянын старшинасына карата кылмыш иши кыскарган. Кызматтык иликтөөнүн негизинде 23 жаштагы милиция кызматкери жумуштан бошотулганы белгилүү болду.

Бул окуя социалдык тармактарда талкууга алынып, айрымдар жабырлануучу тарапты элдешүүгө аргасыз болгон деп жазып чыгышты. Бирок каза тапкан баланын ата-энеси жана кырсыкка себепкер болгон милиция кызматкери менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Ал арада адам өмүрү кыйылган окуяда тараптардын жарашып алып, кылмышты жокко чыгаруу аракети коомчулуктун сынына кабылды. Укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова жабырлануучу тараптын моралдык жоопкерчилигин сынга алды:

Бүбүсара Рыскулова
Бүбүсара Рыскулова

- Ошол акчаны ата-эне бир жакка кантип жумшайт? "Баламды өлтүрүп кетти эле, ошонун акчасы" деп кантип колдонот? Мындай көрүнүш улана берсе колунда барлар “кунун төлөп эле басып кетебиз” деп кутурат го? “Силер эмне кыла аласыңар, колуңардан эмне келет?” деп туруп бул жерде дагы ажырым болот. Колунда барларга дагы бир бонус болуп атпайбы.

Ал эми жарадык активист Адил Турдукулов тараптардын өз ара макулдашуусу соңку кездери көңүмүш адатка айланып баратканын белгилеп, мындай кадамга жабырлануучулар көбүнчө аргасыздан макул болот деген пикирин ортого салды:

- ​Кыргызстан кедей өлкө, көбү акчага муктаж. Мындай учурлар буга чейин деле көп кездешчү. Өзгөчө депутаттын балдары же министрлердин туугандары күнөөлүү болсо тымызын чечип койгонго аракеттенишет. Анан көп маалыматтар ачыкка чыкпайт. Элдин көңүлү бурулбайт. Өкүнүчтүүсү, бул кадыресе эле көрүнүш болуп калды.

Буга чейин айрым депутаттар киши өмүрүн алган кандуу окуяларда тараптардын өз ара элдешип алып, жазаланбай калган учурларды жоюу максатында мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап келишкен.

Бирок ал парламентте колдоо тапкан эмес. Мунун себебин жарандык активист Адил Турдукулов төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Менин оюмча депутаттар өздөрү буга көп кызыкдар эмес болчу. Анткени алардын тууугандары же өздөрү да мындай кырдаалга кабылышы мүмкүн. Бул мыйзам аларга каршы иштеп калабы деген ой болуп, өткөрбөй коюшту окшойт.

Акыйкатчы Токон Мамытов да тынчсыздануусун билдирип, маселени төмөнкүдөй жол менен гана жөнгө салууга болорун билдирди:

Токон Мамытов
Токон Мамытов

​- Жаңы мыйзамдар, Кодекстер боюнча балдарга карата жасалган кылмыштарда “тараптардын элдешип алыптыр” дегенин жокко чыгарбады беле. Мына ошол принципти укук коргоо органдарынын жетекчилиги да, прокуратура, сот да сакташы керек. Мына ушинтип эле биз маселени чече алабыз. Эгер биз кыргызчылык кылып эле маселе чечсек, биздин балдар мындан ары деле ушундай каргашалуу окуяга туш келип жүрө берет.

Милиция кызматкеринин айынан каза тапкан эгиздин түгөйү Чыңгыз Айтматов атындагы №1 орто мектепте окучу.

Кыргызстан жол кырсыктары көп болгон мамлекеттердин бири. Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы өлкөдө 6 миң 346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG