Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Өмүркулов: уулум мыйзамдык жазасын алыш керек


Мэр Иса Өмүркулов "Азаттыктын" студиясында. 2011-жылдын 28-июлу.
Мэр Иса Өмүркулов "Азаттыктын" студиясында. 2011-жылдын 28-июлу.

Үч адамдын өмүрүн кыйган автожол кырсыгы боюнча айыпталган Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун уулунун кылмыш иши токтотулушу коомчулук сынына кабылды.

Жарандык коомдун мындай басымынан кийин шаар башчысы уулунун кылмыш ишин кайра кароону жана аны жасаган айыбына жараша жазалоону талап кылаарын расмий билдирди.

Сот мэрдин уулуна “мээримин" төккөнбү?

Бул жерде коомдук кызыкчылыкка доо кетип жатат. Айыпкердин кандай абалда жана мамлекеттик мекемеге таандык номурдагы машинени кандайча айдап жүргөндүгү боюнча жагдайлар белгисиз болуп калды...
Нурбек Токтакунов

Жакында Токмок шаардык соту автожол кырсыгынан каза болгон үч адамдын жакындары доо арызын кайрып алышкандыгына байланыштуу ишти кароону токтоткон болчу. Сот өзүнүн ал чечимин кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин талаптарына негиздеген. Бирок коомчулукта үч адамдын өмүрү кыйылган кырсыка себеп болгондугуна карабастан айыпкердин жазасыз калтырылгандыгы сынга алынды.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов жабырлануучу тараптын айыпталуучуга доосу жоктугу кылмыш ишин токтотууга негиз бербестигин белгиледи:

- Мыйзамдын талабында мазактоо, ушактоо же майда бейбашчылык беренелери боюнча кылмыш иштери гана тараптардын жарашуусунун негизинде сот өңдүрүшүнөн кыскартылышы мүмкүн деп көрсөтүлгөн. Башка учурларда, айрыкча буга окшогон автожол кырсыгында жабырлануучу тараптын доомат койбогондугун сот жаза чарасын жеңилдетүүчү жагдай катары гана карашы мүмкүн.

Аталган сот жараянын чагылдырууга журналисттерди киргизбөө боюнча айыпталуучунун өтүнүчүн сот канааттандырган болчу. Андыктан соттук териштирүүлөр учурунда кылмыш ишиндеги айрым жагдайлар коомчулукка белгисиз бойдон калган.
Карапайым адамдардын балдары бирөөнүн буту-колун кокустуктан сындырып алганы үчүн түрмөгө отуруп, кыйналып жүрүшөт. Мыйзам бардыгына бирдей болмойунча мыйзамдуулук орнобойт...
Турсунбек Акун

Мына ошондуктан адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш ишин токтотуу жабырлануучу тарапты канааттандырганы менен коомдук кызыкчылыкка доо кетирди деп эсептейт:

- “Адамды сүзүп өлтүрсөң деле акчаң жана атаңдын бийлиги болсо ушинтип чыгып кетсе боло берет экен”, - деп бирөөлөрдүн балдары жол эрежесин бузуп, ушинтип килейген автоунаалар менен жүрүшөт. Мына ушундан улам бул жерде коомдук кызыкчылыкка доо кетип жатат. Бул иште айыпкердин кандай абалда жана мамлекеттик мекемеге таандык номурдагы машинени кандайча айдап жүргөндүгү боюнча жагдайлар белгисиз болуп калды. Анткени сот ачык-айкын болгон жок.

Акыйкатчы Турсунбек Акун да мыйзамдын алдында жарандардын тең укуктуулук принциби бузулган учурлар Кыргызстан үчүн көнүмүш болуп калгандыгын сынга алган болчу. Турсунбек Акун жарандар ким экендигине карабастан жасаган айыбына жараша жазаланганда гана мыйзамдуулук орномок деген оюн ортого салды:

- Бир эле Иса Өмүркуловдун уулу эмес, көп эле чоңдордун балдары адамды сүзүп өлтүрүп коюшуп эле эркиндикте жүрүшпөйбү. Ал эми карапайым адамдардын балдары бирөөнүн буту-колун кокустуктан сындырып алгандыгы үчүн түрмөгө отуруп, кыйналып жүрүшөт. Мыйзам бардыгына бирдей болмойунча мыйзамдуулук орнобойт. Биздин жетекчилер мыйзамды сактоодо үлгү көрсөтүш керек эле.


Атанын күтүүсүз кадамы

Кыргызда колуң менен кылганды мойнуң менен тарт дегендей уулум жасаган айыбына жараша жазасын алышы керек...Иса Өмүркулов

Уулунун кылмыш ишинин токтотулушуна байланыштуу жарандык коомдун сын-пикиринен кийин Бишкек шаарынын мэри расмий билдирүү менен чыкты. Иса Өмүркулов акыйкаттык үчүн аталган кылмыш ишинин кайрадан каралышын жана уулунун жазаланышын талап кылды:

- Мен анын атасы катары айтаарым Кыргызстандын жарандары мыйзам алдында бирдей. Ошондуктан менин уулум өз кылганы үчүн мыйзам алдында жооп берет. Кыргызда колуң менен кылганды мойнуң менен тарт дегендей уулум жасаган айыбына жараша жазасын алышы керек. Ошондуктан мен бул иштин кайрадан каралышын суранам.

Серепчилер жогорку мамлекеттик жетекчинин өкүнүч менен айтылган мындай билдирүүсү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болгондугун белгилешти. Анткени буга чейин бийликтеги адамдар өздөрү, же алардын жакындары аралашкан кылмыш иштери жең ичинен жабылып, айыпкерлер жазасыз калган учурлар ондоп саналат.

XS
SM
MD
LG