Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Милиция аралашкан жол кырсыктары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Адам өмүрү кыйылган Бишкектеги жол кырсыгы боюнча 26 жаштагы милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси («Жол коопсуздук эрежелерин бузуу») менен кылмыш иши козголду.

Кырсыктан жабыркаган эки адам борбордогу ооруканаларда дарыланып жатат.

Дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү Бишкектин Анкара көчөсүндө «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү автомашина менен «Тойота Авенсис» автоунаасы кагылышып, экинчи машинедеги 34 жаштагы аял киши каза тапты. Кырсыкка катышкан 26 жаштагы милиция кызматкерине 297-берененин негизинде кылмыш иши козголду. Ал азыркы тапта Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандаруу бөлүмүндө милициянын кайтаруусунда жатат. Дарыгерлер анын абалы туруктуу оор экенин кабарлашты.

Жол кырсыгынын дагы бир жабырлануучусу Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүндө дарыланууда. Анын абалы туруктуу экенин «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Ал эми кырсыктан каза болгон жаран Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 34 жаштагы Мээрман Асанканова аттуу кызматкери экенин аталган мекеменин басма сөз катчысы Элмира Шерипова ырастады.

Экспертизанын баштапкы жыйынтыгы боюнча милиция кызматкери мас абалында рулга отурганы аныкталды. 1993-жылы туулган милициянын кенже лейтенанты Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө аймактык тескөөчү болуп бир жылдан бери иштеп жаткан. Ал себепкер болгон ишти Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тергеп жатканын ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов маалымдады:

Бакыт Сейитов.
Бакыт Сейитов.

- Бул жерде бир нече категория бар. Биринчиден, жол кырсыгында материалдык эле чыгым болсо, алар бири-бирине төлөп берет. Экинчиден, мас абалында автоунаа айдап кармалса, атайын айыппул төлөчү. Ал эми мас абалында, андан сырткары адам өмүрү кыйылган оор жол кырсыгына себепчи болсо сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Азыркы мыйзамда да ошондой. 17 миң 500 сом айыппул төлөйт жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Жаңы кодексте адам өмүрү кыйылган учур болгондон кийин сөзсүз жоопкерчиликке тартылары каралган. Биз ишти тергеп, бир айдын тегерегинде сотко жиберебиз. Кандай чара көрүлүшүн сот органдары чечет.

Адистер билдиргендей, мындай кылмыш мыйзамда он жылдан кем эмес жоопкерчилик менен жазаланат.

Милиция кызматкеринин катышуусундагы бул жол кырсыгы социалдык тармактарда да кызуу талкууланып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү болгон окуяны жалпы милициянын кадыр-баркына шек келтирген көрүнүш катары сыпаттоодо. «Жарандык союз» коомдук уюмунун өкүлү Урмат Казакбаев бул тууралуу төмөнкүдөй оюн ортого салды:

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

- Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигине кандай түрдө жумушка кабыл алышат? Бул тааныш-билиш же акчанын күчү менен болуп жатат. Ал жакка ушундай жол менен барган кызматкер өзүн-өзү билип алып жүрөт. Эч кандай мыйзамдарга баш ийбейт. Милиция кызматына кабыл алып жатканда чоң мыйзам бузуу болуп жатат.

Негизи кырсыктардын канчасы мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда болгону так эмес. Андай учурлар өзүнчө бөлүнүп жазылбайт. Буга чейин былтыр февраль айында эле Аксыда мугалимдерди автоунаа сүзүп кеткени боюнча кылмыш иши козголуп, ага күнөөлүү катары шек саналган милиционер камакка алынган. 2017-жылдын август айында болсо эки адамдын өмүрү кыйылып, бири оор жаракат алган кандуу окуяда жакынын жоготкондор жол кырсыгы үчүн патрулдук милиция кызматкерлерин айыптап чыгышкан.

Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылда төрт миңден ашык жол кырсыгы катталган. Андан 458 киши каза болуп, алты миңден ашык адам жабыркаган. Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Оторов соңку жылдары Кыргызстанда жол кырсыктары азайганын айтууда. Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2017-жылы өлүм менен аяктаган 218 кылмыш иши катталган. Бул андан мурунку жылга салыштырганда 16 кылмыш ишине аз.

Жакында эле Кара-Балта шаарында милиция кызматкери машинеси менен үч адамды сүзүп кетип, алардын бири ошол жерден мүрт кетип, экөө ооруканага жеткирилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG