Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Депутат аралашкан баңгизат чыры бүтө элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда түрмөгө баңгизат алып кирип баратканда кармалганы кеп болгон жергиликтүү депутат "бул атайылап уюштурулган жасалма иш, орган кызматкерлери ири суммада акча алган" деп прокуратурага кайрылды.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) депутат окуя учурунда баңгизат өзүнө тиешелүү экендигин моюнуна алганын билдирди. Ички иштер органдары баңгизат соодасына барган деп шек саналган өз кызматкерлеринин ишин да прокуратурага тапшырды.

- Чындыгында абак жайына кирүү эрежелери менен тааныш эмес болчубуз. Өзүбүз менен ала жүргөн акчабызды автоунаабызга калтырган элек. Экинчи жолу текшерүү учурунда кызматкер менин чөнтөгүмдөн ак кагазга оролгон бир нерсе алып чыгып, ичин ачпастан эле «гашиш» деп бакырып жиберди. Андан соң өз бөлмөсүнө киргизип, кагазды ачсак, чындыгында гашиш экен. Бирок мен анын чөнтөгүмдө кантип пайда болгонун түшүнгөн жокмун. Ал дароо милициянын ыкчам кызматкерлерин чакырып, алар бизди ички иштер органына алып кетишти, - дейт күнөөлөнүп жаткан Ноокен районундагы Арал айылдык кеңешинин депутаты Ашырбек Өмүрзаков.

​Ал өткөн жылдын 22-декабрында ЖАМКтын Жалал-Абад шаарындагы №10 мекемесине кирерде кармалган. Депутат анда «Чынарбек деген досум экөөбүз түрмөдөгү досубузду көргөнү барганбыз, ошол учурда кармоо иштери атайын уюштурулган жасалма иштин натыйжасы» деп билдирди:

Ашырбек Өмүрзаков.
Ашырбек Өмүрзаков.

- Мен баңгизат боюнча кабарым жоктугун жана колдонбой тургандыгымды айттым. Сүйлөшүү учурунда милиция кызматкерлери «“Баңгизатты кээде өзүм колдонуп турам” деп жазып берсеңиз, 2 миң сом айып төлөп чыгып кетесиз» деп ишендиришти. Алардын сөзүнө макул деп кол коюп бериптирмин. Анан коркутууга өтүштү, ишти жабуу максатында 200 миң сом же 3 миң доллар акча сурашты. Мунарбек аттуу жактоочу ортого түшүп, «баарына макул бол, өзүм чыгарууга жардам берем» деген. Ошентип тергөө материалдарына да жактоочунун сөзү менен макул болгом. Мунарбектин милиция кызматкерлери менен бирге иш кыларын кийин түшүндүм. Ошол күнү милиция кызматкерлерине 146 миң сом акча берип бошодум. Алар «ишти бүтүрөбүз» деп убада беришкен. Бирок андай болгон жок.

2018-жылдын 28-декабрында Ашырбек Өмүрзаков шаардык ички иштер бөлүмүнө тергөөгө чакырылып, Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизаттарды, психотроптук заттарды сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же берүү» беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Шаардык сот 31-декабрда аны үй камагына бошоткон. ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова буларга токтолду:

- Окуя абак жайынын сыртында болгондуктан ИИМге өткөрүлүп берилген. Мекемени сырттан көзөмөлдөө боюнча ага ыкчам кызматкери Уланбек Кудукеев текшерүү учурунда андан баңгизат табылганын билдирген. Маалыматтарга караганда жергиликтүү депутат жанынан баңгизат табылганын өз учурунда ырастап, бардык документтерге кол коюп берген. Арадан бир топ убакыт өткөн соң гана тийиштүү тараптарга кайрылып жатканы таңкалычтуу. Балким ал кимдир бирөөнүн көрсөтмөсү менен кылмыш ишин жабуунун аракетин көрүп жаткандыр?

Анткен менен Ашырбек Өмүрзаков жаңы жылдык эс алуудан кийин, январь айынын башында облустук прокуратурага кайрылган. Анда ЖАМКтын жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринен чара көрүүнү өтүнгөн.

Облустук прокуратура Өмүрзаковдун арызы боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүнүн алкагында ишти тергөөнү УКМКнын облустук тергөө тобуна бергенин билдирет. Ал эми облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мыктыбек Турдубеков ички иштер органы да өз кызматкерлерине каршы прокуратурага кайрылганын айтты:

Мыктыбек Турдубеков.
Мыктыбек Турдубеков.

- «Айыпталуучу Ашырбек Өмүрзаков менен ички иштер органынын ыкчам кызматкерлеринин ортосунда соодалашуу жүргөн» деген маалыматты буга чейин облустук ИИБнин ички иликтөө кызматы териштирип чыккан. Анда эч кандай соодалашуу болгону жана акча талап кылынганы аныкталган эмес. Бирок териштирүү учурунда айрым техникалык кемчиликтерге жол берилгенин жүйө келтирип, облустук ИИБ бул материалдарды облустук прокуратуранын кароосуна жөнөткөн. Өмүрзаковдун милицияны айыптаганы чындыкка коошпойт. Анын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнче тергөө амалдары жүрүп жатат.

43 жаштагы Ашырбек Өмүрзаков - Арал айылдык кеңешинде жергиликтүү кеңештин эки жолку депутаты. Ноокен районунда дыйканчылык менен алектенип, аймактагы үрөнчүлүк чарбаны жетектейт. Буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. ИИМдин эс алуудагы ардагери Сейдалы Жаналиев ички иштер органдарындагы мындай көрүнүштү реформанын жыйынтыкталбай жатышы менен байланыштырат.

ИИМдин маалыматына ылайык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу былтыр 1400гө жакын факты катталган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 16 тонна 280 кг психотроптук каражаттар жана прекурсорлор алынган. Ошондой эле 2018-жыл ичинде ички иштер органынын кызматкерлерине карата 67 кылмыш иши козголуп, 83 кызматкер жоопкерчиликке тартылган. Мындан сырткары ар кандай тартип бузуу фактылары боюнча 5811 кызматкер тартиптик жазага тартылып, 270тен ашыгы ички иштер органдарынан бошотулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG