Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Өкмөт: Камералар жоопкерчиликти күчөттү


Бишкек.
Бишкек.

Бишкекте жол кырсыгынан адам өмүрү кыйылган учурлар азайды. Өкмөттүн маалыматына караганда, бул көрсөткүч 44% кыскарды.

Бишкекте жол кырсыгынан адам өмүрү кыйылган учурлар азая баштаганын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 18-майда «DataCon Central Asia 2019» ачык маалыматтар конференциясында өкмөттүн жетишкендиктеринин мисалы катары келтирди:

«Көп жылдан кийин быйыл гана «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыра баштадык. Алгачкы жыйынтыктар бар. Камера орнотулган жерлерде жол кырсыгынан каза болгондор боюнча көрсөткүч 44% төмөндөдү».

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкектин көчөлөрүнө орнотулган атайын видеокөзөмөл камералары быйыл март айында иштей баштады.

Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, азырынча камералар Бишкекте жана Чүйдө гана иштеп жатат.

Жалпысынан 110 жерде, алардын 90у көчөлөрдүн кесилиштеринде, 20сы көчмө комплекстер.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаевдин айтымында, камералар коюлгандан бери адам өмүрү кыйылган учурлар кыйла азайганын төмөнкү сандар көрсөтүүдө:

«Быйыл 1-январдан 3-мартка чейин - программалык-аппараттык комплекстер ишке киргенге чейин - республиканын аймагында жалпы жол кырсыктарынын саны 2018-жылдын ушундай эле мезгил аралыгына салыштырганда 33,8% көп болчу. Ал эми 4-марттан азыркыга чейин 44,3% азайды. Былтыр ушул аралыкта Бишкекте жол кырсыгынан 16 адам кайтыш болсо, быйыл беш өлүм катталды. Ал эми Чүйдө былтыр ушул мезгилде 35, быйыл 22 адам каза болду».

Көчөлөрдүн кесилишине коюлган программалык-аппараттык комплекстердин 42си Бишкекте, 48и Чүйдө.

«Жол коопсуздугу» уюмунун жетекчиси Чынара Касмамбетова жол кырсыктарынын азайышына эки фактор себеп болду деп эсептейт.

«Кызыл жарык күйүп турса өтүп кетип, 60 деген жерден ылдамдыкты 80-90 кылып айдап жүрө беришчү, - деди ал. - Ичкилик ичип алып жолго чыгышчу. Бул жаман өнөкөткө айланган. Эми видеофиксациядан коркуп калышты. Айыппул көбөйгөнү да кошумча болду. Өлүмдүн азайышы 40 пайыздан ашканы өтө жакшы жыйынтык болуп эсептелет».

Ал арада 20-майда социалдык түйүндөрдө «Коопсуз шаарды» кескин сынга алган пикир тарады.

8-майда жол кырсыгына кабылып, эмгиче так жооп ала албай, күнөөлүү табылбай жатканын айткан белгилүү алып баруучу Айгүл Курманова «камералар иштейт деген сөз калп» экенин айтып чыкты:

«Алар «ооба, баарын териштиребиз» деп калышкан. Бүгүн чалсам «Эже, билесизби, Совет-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде камералар иштебейт экен. Иштечү да эмес. Себеби, «Вега» фирмасы аларды туташтырбаптыр» дешти».

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы бул маалыматты четке кагууда.

«Ошол жол кырсыгы болгон жерде программалык-аппараттык комплекс жок. Ал окуя жол кесилишинен өткөндөн кийин болгон. Бүгүнкү күндө шаарыбызда болгон комплекстердин баары штаттык режимде иштеп жатат», - деди мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаев.

Ал арада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол эрежесин бузгандарга айыппулдарды оңдоо-түзөө, тууралоо маселесин иликтеп чыгууну тапшырганы маалым болду.

Абылгазиев тиешелүү жетекчилерге бул тапшырманы «Коопсуз шаар» долбоору боюнча өткөн кеңешмеде берген.

Маалыматка караганда, жумушчу топко коомчулуктун жана парламент депутаттарынын пикирлерин эске алуу, учурдагы айыптардын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн, натыйжалуулугун карап чыгуу милдети жүктөлөт.

Өкмөт башчы аймактарда долбоордун кийинки баскычтарын ишке киргизүүнүн алдында анын баш калаадагы жыйынтыктарын талдап чыгуу керектигин билдирди.

Орусиялык «Вега» концерни аткарып жаткан «Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында автожолдорго видеокамералар орнотулууда.

Быйылкы жылдын аягына чейин долбоор республиканын бардык аймагында иштей башташы керек. Жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулары айтылган.

2018-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 5118 жол кырсыгы катталып, 458 киши көз жумган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG