Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Өкмөттү сынаган бир жыл


Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн ишмердүүлүгүнө бул күндөрү бир жыл болгону калды.

Өкмөт реформалык кадамдарды жасай алдыбы? Инвестиция келбей, капиталдын сыртка чыгып кетишине эмне себеп болду? Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинин үзүрүн качан көрөт?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов, Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев жана экономика боюнча серепчи Жоодар Омошов катышты.

«Азаттык»: - Улан мырза, Абылгазиев баштаган өкмөттүн ишине бир жыл толду. Таразалап караганда азыркы өкмөттүн жетишкендиги жана кемчилиги деп баа бергенде сиз кайсы маселелерди бөлүп айтар элеңиз?

Улан Примов.
Улан Примов.

Улан Примов: - Чындыгында азыркы өкмөт алынын жетишинче аракет кылып, ишин алып барууда. Өкмөттүн негизги жетишкендиги деп «Коопсуз шаар» долбоорун айтар элем. Бул долбоордун ишке кириши менен баш калаабыз Бишкек шаарында, башка жерлерде жол коопсуздугу иретке келтириле баштады. Анын арты менен өлкөнүн бюджетине бир топ акча түшө баштады.

Ошону менен бирге кемчиликтери да жок эмес. Алыс барбай эле кечээ жакында Баткенде болгон окуяда өкмөт алдын-ала иш жүргүзбөгөндүгү анык болду. Мындан сырткары акыркы жылы бир топ каражаттар сыртка чыгып кеткени тууралуу катуу сөз болуп жатат. Биздин Финансылык чалгын кызматыбыз «Кимдин, кайсы банкта, канча каражаты бар?» деп текшере баштаганы биздин сырткы жана ички инвесторлорубузду чочулатып койду, мамлекеттин финансылык коопсуздугуна бир топ коркунуч туулгандай жагдай жаратты. Бул жерде да өкмөттүн ишинин алешемдиги көрүндү.

«Азаттык»: - Насирдин мырза, өкмөттүн экономикалык саясатын турмушка ашыра турган сиздердин министрлик эмеспи. Экономиканын негизги көрсөткүчү – өндүрүштө жылыштар болдубу?

Насирдин Шамшиев.
Насирдин Шамшиев.

Насирдин Шамшиев: - 2018-жылдын жыйынтыгы менен өлкөнүн ички дүң өнүмдүн көлөмү 557 миллиард сомду түзүп, 2017-жылга салыштырганда 3, 5 пайызга көбөйдү. Жалпылап айтканда бардык тармактарда өсүш байкалууда. Алардын ичинен өнөр жайында «Кумтөр» менен кошо эсептегенде 5,5 пайызга өсүш болду. Өнөр жайыбыз ички дүң өнүмдүн 18 пайыздан ашыгырагын түзүүдө. 2012-жылы бул көрсөткүч 12 пайыздын тегерегинде эле болчу. Биздин өнөр жайыбыздын дээрлик 45 пайыздан көбүрөөгүн «Кумтөр» ишканасы ээлейт.

Ошол эле учурда Кыргызстандын экспорттук потенциалынын 80 пайызын өнөр жайы камсыз кылууда. Салыктын 40 пайыздан ашыгы ушул өндүрүштөн түшүп жатат. Өткөн бир жылда жаңы ишканалар да ишке берилди. Айталы, Аравандагы цемент заводу реконструкция болду. Тоо-кен тармагында Бозумчак, Иштамберди, Талды-Булак сол жээк кендери мурдагы жылдарга караганда жакшы иштеди. Албетте, кемчиликтерибиз да бар. Кайра иштетүү тармагы жандана албай жатат. Мисалы, айыл чарба азыктарынын болгону 20 пайызы гана кайра иштетилүүдө. Курулуш тармагыбызда жылыш бар. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан өндүрүшкө 300 миллион доллардан ашык каражат жумшалды. 6 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү.

«Азаттык»: - Жоодар мырза, акыркы 12 айда «азыркы өкмөт реформаны көздөй кадам жасай алган жок» деп көп айтылууда. Эгер ушул ой чын болсо өзгөрүүлөрдү жасоого эмне тоскоол болду? Өкмөттүн чабалдыгыбы же ички-сырткы факторлор жолтоо болдубу?

Жоодар Омошов.
Жоодар Омошов.

Жоодар Омошов: - Албетте, өкмөттү сындап коюш оңой. Бир жыл ичинде анын ишине толук баа бериш да кыйын. Мен айрым фактылар менен оюмду айтайын. 2011-жылдан баштап орто жана чакан бизнести текшерүү азайды. Азыр расмий түрдө ишкана ачып иштетип жатсаңыз мамлекеттик органдар менен эч маселе болбойт. Биздеги эң көйгөйлүү маселе – көмүскө экономика. Азыркы өкмөт бул багытта канчалык ийгиликтүү иштеп жатканы байкалбайт. Ошол эле учурда дагы бир мүшкүл – биздин өлкөгө салыгы төлөнбөй аткезчилик менен кирип жаткан товарлар көп. Бул жагынан биздин өкмөт чечкиндүү иштесе жакшы болот эле.

«Азаттык»: - Улан мырза, өткөн 2018-жылы Кыргызстанга 2017-жылга салыштырганда инвестиция 33 пайызга аз келгени, тескерисинче өлкөдөн 400 миллион доллардан ашык капиталдар чыгып кеткени айтылды. Анын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Улан Примов: - Бул көрсөткүчтөр да кайсы бир деңгээлде азыркы иштеп жаткан өкмөттүн ишинин натыйжасы. Бирок Кыргызстан - Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчөсү. Биздин негизги өнөктөшүбүз болгон Орусияга сырттан кандай чоң экономикалык санкциялар салынууда? Дегеле дүйнөдө бир топ экономикалык тенденциялар болуп жатканын эске алышыбыз керек. Ушул процесстердин баары Кыргызстанга түздөн-түз таасирин тийгизет.

Ошого карабай Кыргызстандын экономикасына келе турган ички жана сырткы инвесторлорду өлкөдөгү саясий-экономикалык туруктуулугубуз менен тартышыбыз керек. Эгерде бизде митинг-пикеттер токтобосо, мамлекеттик органдар ишкерлерди тынымсыз текшерип, коркутуп-үркүтө берсе инвестиция келбейт.

Насирдин Шамшиев: - Капиталдын сырткы чыгып кетүү мүшкүлү жалаң эле бизде эмес, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болгон, болуп эле жаткан тенденция. Мисалы, былтыр Орусиядан 6 миллиард доллар акча сырткы чыгып кеткен. Кыргызстанда 2017-жылы 700 миллион доллардан ашык капитал сыртка чыгып кетсе, 2018-жылы чет жакка чыккан акчанын суммасы 500 миллион долларды түздү.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Өкмөттү сынаган бир жыл (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:52 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG