Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 00:53

Айдоочулардын үшүн алган айыптар


«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкектеги көчөлөрдүн бирине коюлган камералар.

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштаганына он күн болду. Андан бери айдоочулардын алды 30-70 миң сомго чейин айыпка жыгылганы айтыла баштады.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы азырынча канча айдоочу жол эрежесин бузганы так аныкталбаганын жана айыппулдун токтому бир да жаранга жибериле элек экенин кабарлады.

Бишкек шаарынын тургуну Нурсейит 14-18-февраль күндөрү жол эрежелерин бузганы үчүн анын атына 25 миң сом айыппул жазылганын айтты:

- Ал жакта иштеген таанышымдан: «Мен жол эрежесин бузган-бузбаганымды атайын тиркеме аркылуу таба албай жатам, сен тактап берип койчу» деп сурандым. Ал «автоунааңдын номурун жана машиненин техникалык паспортун жибер» деди. Ал компьютерден карап туруп: «Сен 20 жолу жол эрежесин бузуптурсуң» деди. Мен: «Айыппулдар 1-марттан баштап салынмак эмес беле?» деп чочуп кеттим. Мен таксистмин. Мага дароо эле 25 миң сом айып чыкты. Тапкан акчаң күнүнө 1000 сом, салынган айып 15-20 миң сом болсо кандай болуп калат? Мамлекет кыйналып жаткан элдин үстүнө кайра жүк болуп атат. Ушундан улам адамдардын бийликке болгон мамилеси өзгөрөт. Эгер жолдо шарт түзүлсө, эл жолдон чуркап чыга калбаса ушунча айып салынса мейли дейт элем.

Анын маалыматына караганда, айыптын көбү жол чырактын кызыл белгисинен өтүп кеткени, автоунаа токтотууга тыюу салынган жерге токтогону үчүн салынган. Ал муну Бишкектин жолдорунда шарт жоктугунан айдоочулар айрым учурларда жол эрежесин бузууга мажбур болору менен түшүндүрдү.

Нурсейит өңдүү эле тааныш-билиштери аркылуу айыптын өлчөмүн билип алгандар «кээ бир айдоочуларга 70 миң сомго чейин айып чегерилиптир» деп жатышат. Бирок Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов «салынган айыптын суммасын ортого киши салып билүү мүмкүн эмес» дейт.

Тилек Оторов.
Тилек Оторов.

- Андайга жол берилбейт, - деди ал. - Мен буга чейин эле айткандай жумушчулар, операторлор жумушка кирип баратканда чөнтөк телефондорунун баарын тең кийим чечкен жерге таштап киришет. Телефондорун кайра жумуш бүткөндөн кийин гана алышат. Ошондуктан аларда айтып берүүгө мүмкүнчүлүк жок.

Жол эрежесин бузган-бузбаганын айдоочу uslugi.gov.kg сайтынан биле алат. Азырынча көпчүлүк айдоочулар бул порталда эреже бузуу фактылары тууралуу маалыматтар жок экенин айтышууда.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов ушул күнгө чейин жабдыктар 12 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы каттаганын маалымдады. Бирок бул алардын баары эреже бузду деген сөз эмес. Себеби ИИМге караштуу Мониторинг борбору каттоого алынгандар эреже бузган-бузбаганын кайра иргеп чыккандан кийин гана мыйзам бузган айдоочулардын так саны аныкталат.

Саркуловдун айтымында, азырынча бир да жаранга эреже бузганы жана ага салынган айыптын суммасы боюнча токтом жөнөтүлө элек. Ал айдоочуларды түйшөлтүп жаткан асман чапчыган айыптар буга чейин «Коопсуз шаар» долбоору тесттик режимде иштеп жаткан учурда катталып калышы мүмкүн деп божомолдоду:

Ыманалы Саркулов.
Ыманалы Саркулов.

- Буга чейин төрт ай ошол эле жол кесилиштерине видеокамералар сыноо ирээтинде коюлган. Андан сырткары автобазар жакка да камера орнотулган. Эгер ошол тесттик режимде иштеп жатканда жол эрежесин бузуу учуру катталган болсо алар боюнча айдоочуларга токтом жөнөтүлбөйт. Юридикалык тил менен айтканда «Коопсуз шаар» ишке кирген 12-февралдан кийинки жол эрежесин бузгандарга гана токтом чыгарылып, тиешелүү чара көрүлөт. Ага чейинкилерди болсо биз өзүбүзгө талдоо жүргүзүш үчүн гана чогултканбыз.

Жол эрежелерин бузуп катталган автоунаанын номуру менен сүрөтү алгач «Инфоком» ишканасына жөнөтүлөт. Андан соң ал Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна келип түшөт. Ал жактан автоунаанын номуру менен анын модели шайкеш келер-келбеси текшерилип, айыппулдун өлчөмү, эреже бузуунун беренеси жазылып, «Кыргыз почтасына» өткөрүлүп берилет. Андан соң «Кыргыз почтасы» айдоочунун дарегине кат жөнөтөт.

Аталган ишкананын почта ташуу жана логистика бөлүмүнүн башчысы Мимоза Жээнбекова азырынча бир да токтом келе элек экенин айтты. Ал алгачкы токтомдор качан келерин түшүндүрдү:

- Тартип бузуу жөнүндө кодекстин негизинде жол эрежеси бузулган учур камерага катталгандан кийин ал Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Мониторинг борборунда 10 күн талданат. Андан кийин үч күндүн ичинде «Кыргыз почтасына» айдоочу жол эрежесин бузганын тастыктаган кат жөнөтүлөт. Башкача айтканда Мониторинг борбору камералар эреже бузуу фактысын каттагандан кийин 13 күндүн ичинде «Кыргыз почтасына» өткөрүп бериши керек. Бирок азырынча жол эрежесин бузуу боюнча токтомдорду бизге өткөрүп берүү мөөнөтү келе элек. «Коопсуз шаар» долбоору 12-февралда иштеп баштаган. Ага 13 күндү кошкондо биринчи токтомдор бизге 24-25-февралда келиши керек.

«Кыргыз почтасы» жарандарга токтомдорду жеткирип бериш үчүн кошумча кызматкерлерди алууну пландап жатат. Мекемеде азыр 4 миңдин тегерегинде кызматкер иштесе, анын 1385и «Коопсуз шаар» долбоору боюнча окуудан өткөн.

Өкмөт айдоочулар айыппулду алгачкы 15 күн ичинде төлөсө айыпты 50 пайызга азайтууну сунуш кылды. Тиешелүү мыйзам Жогорку Кеңештен колдоо таап, учурда президенттин кароосунда турат. Башкача айтканда айыптын токтому айдоочунун колуна тийгенден кийин ал 15 күн ичинде төлөсө, айыптын жарымын берет. Эгер аны төлөөнү бир айдан ашырып жиберсе туум кошулат.

«Реформалар жана натыйжа үчүн» жарандык бирикмесинин өкүлү Урмат Казакбаев айыптар айдоочулардын колуна тие электе эле нааразычылык күч болуп жатканын эске салып, ири долбоорлор ар дайым ушундай кыйынчылыктар менен ишке ашарын белгиледи:

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

- Башында буга окшогон каршылык бардык жакта болот. Мисалы, Казакстанда «Коопсуз шаар» жаңы ишке киргенде Алматынын жашоочулары айыппулдарга нааразычылык билдирип чыгышкан. Бирок бул кезде бийликтин сөзү өтө маанилүү. Эгер бийлик өзүнүн сөзүн катуу айтып, «ушундай эрежелер иштейт. Президент, министр, жөнөкөй адам болобу, эреже бузса бардыгы бирдей айып төлөйт» десе, жарандар ага макул болот.

12-февралдан тартып «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду. Өкмөт жакын арада дагы 28 жерге коюлган камералар иштей баштай турганын кабарлаган.

“Коопсуз шаарга” кадам ташталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:18 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG