Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 11:00

Медициналык билим бизнеске айланды


Кыргызстандагы Индиядан келген студенттер.

Белгилүү дастанчы Роза Аманованын медициналык менчик университетке ректор болушу билимдин сапатына байланышкан талкууну күчөттү. Адистер "акыркы жылдары медициналык окуу жайлары пайдалуу бизнес катары көбөйүп жатат" деп тынчсызданышууда. Буга чейин чет өлкөлүк айрым студенттерден окуу акысы үчүн алынган кабелтең акчанын арты камоого, соттук териштирүүгө жеткени белгилүү.

21 жаштагы Хурия Кхану - индиялык студент. Ал азыр Кыргызстандагы жеке менчик медициналык окуу жайында билим алат. Хурия анын мекенинде медициналык адистигинде окуу кымбат жана жеткиликтүү эмес экенин айтып берди:

- Индияда медицина тармагында билим алууну каалагандар көп. Бирок окуу жайына өтүш абдан кыйын. Ошондуктан Кыргызстанга, Казакстанга, Орусияга окуганы келебиз. Биздин өлкөдө Кыргызстандын окуу жайлары тууралуу жарнамаларды көп айтышат. Биз бул жактан окуу жайын бүтүргөндөр менен сүйлөшүп көргөндөн кийин келдик. Алар Индияга барганда экзамен тапшырып, анан иштегенге уруксат алат. Контракттын акысы эки миң доллардан ашык. Бул биз үчүн кымбат эмес.

Роза Аманова.
Роза Аманова.

Ушул тапта Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу жүрүп жатат. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча 63 жогорку окуу жайы бар. Алардын 31и мамлекеттик, калганы жеке менчик. Булардын ичинен медициналык билим берген окуу жайларынын саны ондон ашты. Алардын акыркыларынын катарын белгилүү дастанчы Роза Аманова жетектеген Эл аралык медицина университети толуктады.

Роза Аманова бул кызматка өзүнүн дайындалышы тууралуу азырынча комментарий бербей турганын, анын себебин кийин түшүндүрөрүн айтты.

Бул окуу жайы дарылоо, фармация жана стоматология бөлүмдөрүндө билим берет. Анын бир жылдык окуусу жергиликтүү студенттер үчүн 140 миң сом, ал эми чет өлкөлүктөрдүкү 2400 доллар же 163 миң сом.

Окуу жайынын проректору Дыйкан Калманбетов окуп жаткан миңге жакын студенттин көпчүлүгү чет өлкөлүктөр экенин баса белгилеп, контракт акысы билим берүүнүн сапатына шайкеш келерине ишендирүүгө аракет кылды:

- "Окутуу эмес, бизнес кылуу" деген сөз менимче биздин окуу жайыбызга туура келбейт. Окуу акысы абдан кымбат деп эсептебейм, ал билим берүү деңгээлине төп келет. Мисалы, Билим берүү министрлигинин шарты боюнча илимдин кандидаттары окутуучулардын 40 пайызын түзүшү керек, бизде алар 43%. Студенттерге толук шарт түзүлгөн. Лаборатория, айрым мамлекеттик окуу жайларында жок окуу шаймандары бар. Студенттердин көбүн Индиядан, Пакистандан келгендер түзөт.

Калманбетов ректорлук кызматта Роза Аманованын кесиби эмес, менеджерлик шыгы эске алынарын кошумчалады.

Чүй облусунун Кант шаарындагы Азия медициналык университетинде 1,5 миң студент окуйт. Бул жеке менчик окуу жайы тууралуу буга чейин сындар айтылып, студенттер менен ректораттын ортосунда чыр-чатактар болуп келген.

Индиялык студенттер.
Индиялык студенттер.

Ректор Эркин Тентишевдин айтымында, окуу жайында бир жылдык окуу акысы дарылоо факультетинде эки миң доллар же 135 миң сом. Ал эми стоматология факультетинде 75 миң сом. Окуу акысы жергиликтүү жана чет өлкөлүк студенттердин баарына бирдей. Тентишев студенттердин 98% бөлүгүн Индия, Пакистан өңдүү чет өлкөлөрдөн келгендер түзөөрүн айтып, аларды кабыл алуу шарттарына токтолду:

- Чет өлкөлүк студенттер биология жана химия сабактарынан экзамен тапшырат. Кыргызстандык студенттер ЖРТнын жыйынтыгы менен гана өтүшөт. Алардын баллы Билим берүү министрлиги бекиткен босого баллдан жогору болушу керек. Бирок менимче бул туура эмес. Анткени окуу контракттык негизде жүрүп жатат. Демек баллга карабай кабыл алууга уруксат бериш керек. Чет өлкөлүк студенттерди тестсиз эле кабыл алып жатабыз го. Баарына бирдей болуш керек.

Кыргызстанда ар бир жеке менчик окуу жайы лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча башкармалыктан уруксат кагазын алат. Ал башкармалыктын комиссиясынын текшерүүсүнөн өткөн окуу жайы гана иш жүргүзө алат. Ал эми окуу процесси жана окутуу программасы Билим берүү министрлигинин көзөмөлүндө. Ректорду шайлоо мамлекеттик окуу жайларында акыркы өзгөрүүлөргө ылайык мугалимдердин тандоосунан көз каранды болсо, менчик окуу жайларында көбүнчө негиздөөчүсү ректорлук кызмат аткарат.

Министрликтин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова "жеке менчик медициналык окуу жайларынын көбөйүшү алардын бизнести көздөп жатканы менен байланыштуу" деген пикирди четке какпайт:

- Окуу жайларынын сапаты боюнча лицензиялык башкармалыктын текшерүүсүнө гана ишенишибиз керек. Алардын көбөйүп жатканы, демек, комиссиянын макулдугунун негизинде болууда. Мен да "жеке менчик окуу жайлары пайданы көздөп жатат" деген пикир менен макулмун. Адатта ал окуу жайларында чет өлкөдөн келген студенттер билим алууда. Индияда атайын медициналык комиссия түзүлгөн. Ал комиссия ишмердүүлүгүн төрт-беш жылдан аз жүргүзбөгөн окуу жайларын аккредитациядан өткөрбөйт. Индиядагы Медициналык кеңештин жобосуна ылайык, Эл аралык университеттин Медицина боюнча жогорку мектеби, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-Орус (Славян) университети, Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академия жана Азия медициналык институту гана индиялык студенттерди окутууга укуктуу. Калган жаңы гана иштеп жаткан же башка окуу жайларынын аларды кабыл алганга укугу жок.

Индиядагы Медициналык кеңештин мындай чечимдерин индиялык студенттер өзүлөрү деле билишпейт. Буга эки жума мурда Бишкекте Эл аралык илим жана бизнес университетинде болгон чыр далил. Окуу жайындагы элүүдөй индиялык студент ректор алардан 150 миң доллардай акчасын алып, окуудан чыгарып жибергенин айтып чыгышкан.

Окуу жайынын жетекчиси Нургалы Асаналиев ушул жана башка алдамчылык фактылары боюнча айыпталып, камакка алынган. Ал эми Индиянын Кыргызстандагы элчилиги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университетке Индиянын атайын стандартында окутууга лицензия берилбегенин ачыкка чыгарган.

Учурда АКШда иштеп жашап жүргөн белгилүү онколог-окумуштуу Рысбек Абдылдаев чет өлкөлүк студенттердин эсебинен байыгысы келген окуу жайлары көбөйүп жатканын белгилеп, муну тизгиндебесе медициналык билимдин сапатына олуттуу зыян алып келет деп эсептейт. Ал муну өкмөт көзөмөлгө алышын каалайт:

- Лицензияны эмнеге беришет? Окуу жайында окутууга толук шарттары барбы? Текшериш керек. Эгер алар лицензия бербесе мен, мисалы, кантип окуу жайын ачмак элем? Жоопкерчилик өкмөттө жана Билим берүү министрлигинде. Демек, ал жакта кызыкчылык бар.

​Медициналык билим алууну максат кылып келген чет элдик студенттердин басымдуу бөлүгү индиялык жаштар. Индиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлагандай, Кыргызстанда жалпысынан 9 миңдей индиялык студент окуйт. Алардын көбү Эл аралык университеттин Медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG