Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:13

Ортомчуларга алданган индиялык студенттер


Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университеттеги индиялык студенттер. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат жогорку окуу жайларынын биринде чет элдик 50 студент алданып калганын аныктады. Студенттер жалпы жонунан 145 миң доллар акча төлөшкөнүнө карабай, окуудан айдалып кетишкен. Көзөмөл мекемеси кайсы университет жөнүндө кеп болуп жатканын ачыкка чыгарбаганы менен, “Азаттык” аны тактап, жетекчилеринен түшүндүрмө алды. Студенттер болсо индиялык экени белгилүү болду.

50 студенттин арызы

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) алдамчылык фактысы Бишкектеги окуу жайларынын биринде катталганын кабарлады. Мекемеге 50 чет элдик студент жамааты менен арызданып, университет жетекчилерине алданып калганын айтышкан.

Финполициянын басма сөз катчысы Анастасия Пискур иштин жөнүн кыскача мындайча түшүндүрдү:

- Тергөө учурунда даттанган студенттердин ар бири Бишкектеги окуу жайынын ээлеринин бирине 2017-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин окуу үчүн 2900 доллардан (жалпысынан 145 миң доллар) акча төлөшкөнү аныкталды. Бирок жооптуу кызматкерлер тарабынан аларга акча төлөнгөнү тууралуу эсеп-дүмүрчөк (квитанция) берилген эмес жана каражаттар кассага түшүрүлгөн эмес. Натыйжада студенттер келишим акысын төлөбөгөнү үчүн окуудан чыгарылган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголуп, ага тиешеси бар адамдарды, тагыраагы ЖОЖдун кожоюндарын аныктоо иштери жүрүп жатат. Тергөө уланууда.

Финансылык полиция тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн окуя кайсы окуу жайында болгонун билдирүүдөн баш тартты. Бул факты боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги да комментарий бергиси келбей, окуу жайынын аталышын ачыкка чыгарган жок. Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Айзура Чыкынова бул позициянын жүйөсүн маселени күч кызматтары иликтеп жатканы менен түшүндүрдү.

Бирок “Азаттыктын” Билим берүү министрлигиндеги өздүк маалымат булактары чет элдик студенттерди сабактан четтеткен окуу жайы Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет экенин ырасташты. Бул менчик окуу жайы Бишкек шаарынын 7-апрель (мурдагы Шабдан баатыр) жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан экен.

Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет.
Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет.

Окуу жайына барганыбызда алгач анын жетекчилиги бизди түртүп чыгарууга аракет кылды. Ага карабай бир саамдан кийин факты боюнча кыскача түшүндүрмө берди.

Илим жана бизнес боюнча эл аралык университеттин ээлеринин бири Нургалы Асаналиев студенттер индиялык экенин моюнга алды. Бирок ал акча каражатын окуу жайы эмес, индиялык жарандар алганын билдирди:

Нургалы Асаналиев.
Нургалы Асаналиев.

- Алардын ортомчулары болот. Мурдараак келип, Кыргызстанда жагдайды түшүнүп калган Индиянын жарандары. Студенттерди да ошолор чакырып, алып келишкен. Анан алар акчасын ошол ортомчуларга берип коюшкан. Алар биздин кассага акча төкпөй эле, аларды алдап жүрө беришкен. Студенттердин акчасы биздин окуу жайыбызга түшкөн эмес. Биз “ошол ортомчуларды айткыла, биз алар менен сүйлөшөлү, юристтер менен барып чечели” десек, же анысын айтпайт. Баары жаш болгондуктан, аларды ошол ортомчусу коркутуп коет экен да. Болбосо биз аларды кетирүүгө, окутпай коюуга таптакыр кызыкчылыгыбыз жок. Студенттердин көбү сабакка таптакыр келбей коюшту. "Келгиле, окугула" деп эскертсек да келбей жатышты. "Акчасын да албасак, сабак да окушпаса" деп аргасыз окуудан четтеткенбиз. Эми ошолор баары биригип алып, арыз жазып, бизди коркутуп, “акчаны кечип жибергиле” деп жатышат. Эптеп сессиясын бүтүрүп алгысы келип атат. Ошондуктан бизге жөн гана жалаа жаап жатышат.

Кызматын "окуу жайынын камкорчулар кеңешинин төрагасы" деп тааныштырган Нургалы Асаналиев студенттердин саны Финансы полициясы айткандай 50 эмес, 45 адам экенин билдирди. Ал ошондой эле студенттердин 25и гана сабактан четтетилгенин кошумчалады.

Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет.
Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет.

“Азаттыктын” кабарчылары арыз жазган студенттердин өздөрүн таба алган жок. Бирок аларды жакындан тааныган башка бир индиялык студент менен баарлаша алды. Өзүн Раму деп тааныштырган жигит окуянын чоо-жайы тууралуу мындай маалыматтарды берди:

- Студенттерди Тосив деген индиялык жаран алып келген. Ал окуу жайынын кожоюну Нургалы менен сүйлөшүп, балдар-кыздарды ошол жердеги Эл аралык медициналык институтка тапшырткан. Бирок окуу жайы студенттерди жөн эле тил курсу сыяктуу окута берген. Студенттер окууга тапшырбай эле, акчасын алдырып жүрө беришкенин кийин түшүнгөн. Бул билинип калгандан кийин мурдагы жылы тапшырган студенттер менен былтыркы келген студенттер сүйлөшүп, башка окуу жайына которулмак болушат. Студенттер акчасын төлөшкөнүн айтса, Нургалы “акчаңарды мен алган эмесмин” дейт. Ушунун айынан Тосив менен Нургалынын ортосунда чыр чыгып кетет. Мен билгенден алар 50 эмес, 100дөн ашык студент. Баары нааразы. Алар башында ал тургай митинг да өткөрүшкөн. Азыр ал жерде болгону 13 индиялык студент калган.

Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет 2016-жылы ачылган. Эски “Электротехник” заводунун короосунда жайгашкан окуу жайы союз учурундагы имаратты жаңылап, ошого жайгашкан. Ошентсе да корпус ушу убакка чейин толук курулуп бүтө элек. Окуу жайы эки жыл аралыгында эле жергиликтүү жана чет элдиктерди кошкондо 700дөй студентти топтой алган. Билим берүү мекемеси бизнес, экономика жана медицина багытында орто жана жогорку кесиптерге окутат. Келишим акысы 1200 доллардан 2900 долларга чейин жетет.

Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет.
Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет.

Бирок Индиянын Кыргызстандагы элчилиги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университетке Индиянын атайын стандартында окутууга лицензия берилбегенин билдирүүдө. Ошондуктан дипломаттар окуу жайы индиялык студенттерди окутууга уруксаты жок экенин белгилешти. Элчиликтин өкүлү Ракеш Кумар Верма окуу жайындагы сөз болуп жаткан окуядан да кабары жоктугун айтты:

- Бизде бул боюнча маалымат жок экен. Анткени ал студенттер бизге кайрылышкан эмес. Мен андай окуу жайы бар экенин билем жана анда биздин студенттер окуй турганын да билем. Мен билгенден аларда башка маселе бар. Ал окуу жайы биздин, Индиянын Медициналык кеңешинин тизмесине кошула элек. Ал эми Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет андан лицензия ала элек. Башкача айтканда бул окуу жайы жана алар окуткан студенттердин диплому бизде таанылбайт. Бирок алар ошого карабай эле биздин студенттерди окутуп жатышат. Анткени студенттерди алып келген контракторлор аларды ушуга окшош окуу жайларга алдап тапшыртып коюп жатышат. Биз эгер ал студенттер менен байланышсак, аларга колубуздан келишинче көмөк көрсөткөнгө аракет кылабыз.

Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет.
Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет.

Алданган студенттер көп

Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү маселелерин караган адиси Ракеш Кумар Верманын айтымында, Кыргызстанга келип алданып калган студенттер өтө көп. Бирок алар негизинен өздөрүнүн эле жердештерине алданышат:

Индиянын Кыргызстандагы элчилиги.
Индиянын Кыргызстандагы элчилиги.

- Студенттерди контакторлор же башкача айтканда аларды Индиядан алып келген агенттер алдап коюшат. Орто эсеп менен жылына 50дөн ашык, кээде 100гө жакын студент шылуундардын курмандыгы болот. Элчилик аларга жардам бергенге аракет кылат, бирок биз укук коргоо органы болбогондуктан кескин чара көрө албайбыз. Алданган студенттер бизге жардам сурап кайрылса, биз көбүнчө аларды жөн гана каттап, эки тарапты келишип алууга гана чакырабыз. Ректораттарга, башка органдарга кайрылып, маселесин жөнгө салууга умтулабыз. Адатта кайра макулдашып алгандар да болот. Анан индиялык студенттер индиялык студенттерди алдап жатса, биз андан башка эмне кыла алмак элек? Алдамчы контракторлор чынында өтө көп. Ошондуктан биз расмий, ишеничтүү жана окуу жайлары түздөн-түз иштешкен контракторлорду, фирмаларды өзүбүздүн сайтыбызга жайгаштырып койгонбуз. Алардан башкасына биз кепилдик бере албайбыз.

Индиялык студенттердин алданып калганы тууралуу ачыкка чыккан фактылар да бар. Маселен, быйыл 20-майда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө Индиянын жараны арыз менен кайрылып, 14 миң доллар акчасын алып бербей жүргөн жердешине чара көрүүнү өтүнгөн. Индиялык жаран бул акча үчүн даттануучуну борбор шаардагы окуу жайларынын бирине киргизмек болгон.

Ушундай эле арыз менен дагы бир индиялык кыз ушул бөлүмгө кайрылган. Ал да ЖОЖго өтүш үчүн жердешине 9 миң доллар акча бергенин айткан. Акча алган киши эки учурда тең убадасын аткарбай, аларды окууга өткөрбөй, 23 миң долларды да кайтарбай койгон. Буга байланыштуу өз жердештерин алдаган Индиянын 28 жаштагы жараны шылуундукка шектүү катары Бишкек шаарында кармалган. Баш калаанын милиция башкармалыгынан билдиришкендей, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган.

Бишкектеги индиялык студенттер.
Бишкектеги индиялык студенттер.

Былтыр апрель айында болсо ИИМдин 10-башкармалыгы чет элдик жарандарды Кыргызстанга мыйзамсыз алып келип, аларды алдаган кылмыштуу топту кармаган. Абдуллах жана Васим аттуу жарандар Индия менен Пакистандын жарандарын Интернет аркылуу чакырып, Кыргызстандын окуу жайларына тапшырууга үндөгөн. Алар жарандардан 6600 доллардан акча алып жүрүшкөнү такталган. Бул боюнча да Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") жана 204-беренесинин 1-пункту (“Мыйзамсыз миграция уюштуруу”) менен иш козголуп, тергеле баштаган. Бирок бул кылмыш ишинин жыйынтыгы белгисиз.

Кыргызстанга Индиядан студенттерди мыйзамдуу алып келүү менен иштеген “World Choice International” фирмасынын өкүлү Магарде Бхупендра өз жердештерин эскертип жатып чарчашканына көңүл бурду:

- Биз жана дагы бир нече уюм студенттерди мыйзамдуу алып келүү боюнча иштейбиз. Студенттерди алып келип, окууга өткөрүп, керек болсо окууну бүткүчө жардамдашып турабыз. Бирок, тилекке каршы, бизди туурап, кээ бир адамдар студенттерди алдап алып келип, акчасын алып, ар кандай мүшкүлгө салып коюшат. Алар адатта окуу жайлардын “чакыруу баракчасын” жасап алышат да, мекендештерибизди ошону менен алдап коюшат. Келгенде акчасын алат дагы, качып кетишет. Андайларга алданбаш үчүн биз Индиянын өзүндө ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Ал тургай ата-энелерин алгач бул жакка алып келип, окуу жайларын көргөзүп, кепилдик берип, анан балдарын окууга тапшыртабыз. Маселен, биз жылына 200-250дөй студентти Кыргызстанга алып келип, жогорку окуу жайларына киргизебиз. Көбүнчө Ош мамлекеттик университетине киргизебиз. Алардын бири да ушу күнгө чейин "алдандык" деп даттанышкан эмес.

Индиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлагандай, Кыргызстанда 9 миңдей индиялык студент окуйт. Алардын көбү Эл аралык университеттин Медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алышат.

Бишкектеги индиялык студенттер.
Бишкектеги индиялык студенттер.

Бирок адистер Кыргызстанга келип окуп жүрүп, алданып калган студенттер көбөйсө бул өлкөнүн билим берүү тармагынын кадырына доо кетирерин белгилешүүдө. Билим берүү боюнча эксперт Алмаз Тажыбай бул тууралуу өз ойлорун бөлүштү:

- Алдамчылык дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө эле көбөйүп атат. Орусияга барган кыргыздар кайра эле өзүбүздүн кыргыздарды алдап кетип жатышпайбы. Бул жердеги индиялык студенттердин шылуундугу ошол көптүн бири болуп жатат. Бирок муну жөн койбош керек. Кыргызстандын укук коргоо органдары Индиянын күч кызматтары менен чогуу алдамчыларды аныктоо, алдын алуу сыяктуу иштерди жандантышы керек. Мүмкүн болсо шылуундардын баарын депортация кылып салыш керек. Антпесе алар өздөрү бири-бирин алдашканы менен бул Кыргызстан үчүн көлөкө түшүрүүдө, аброюбузду жоготуп жатабыз. Анан албетте, индиялыктарга биздин мамлекет Кыргызстандагы окуу жайлары, аларга тапшыруу, өтүү тартиптери жөнүндө туура, так маалымат бергенди күчөтүшү керек. Эгер бизге ошол жактан талап болуп атса, аларга англис тилинде, керек болсо хинди тилинде өздөрүнүн өлкөсүндө маалымат өнөктүгүн жүргүзүш керек.

Индиялык студенттер мындан сырткары жергиликтүү жаштар аларды көп учурда сабап салганы жана милиция, күч кызматтары акчасын тоногону тууралуу көп даттанышат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 11 окуу жайы медициналык билим берүү боюнча лицензия алган. Алардын төртөө мамлекеттик (Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академия, Кыргыз-Орус (Славян) университети, Ош жана Жалал-Абад мамлекеттик университеттери), экөө мамлекеттик-жеке менчик (Эл аралык университеттин Медицина жогорку мектеби, "Ататүрк-Ала-Тоо" университети), калган бешөө (Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет, Азия медициналык институту, Эл аралык медициналык университет, Илимий-иликтөө медико-социалдык институту, "Адам" университети) менчик болуп саналат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG