Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Кызыкчылыктар кагылышынын "карааны"


Бишкектин мэриясы жана шаардык кеңеши жайгашкан имарат.
Бишкектин мэриясы жана шаардык кеңеши жайгашкан имарат.

Бишкек шаарынын жаңы мэри Азиз Суракматов өз ишин кадрларды дайындоодон баштады.

Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматов бул кызматка шайланып жатканда анын шаардагы ири курулуш компаниясына тиешеси тууралуу маалымат каражаттарында сөз болуп, кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө талкууга жем таштаган. Көп өтпөй баш калаанын жаңы башчысы ага байланышкан дооматтарды четке каккан.

Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри кызматына 14-августта расмий киришти. Аны жамаатка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү тааныштырды. Ошол эле күнү Эркин Исаков вице-мэрлик кызматтан өзү арыз жазып кеткени белгилүү болду. Анын ордуна Суракматов ушул кезге чейин "Тазалык" муниципалдык ишканасынын башкарган Рыспек Сарпашовду койду.

Мэриянын аппаратынын башчылыгына "Аю холдинг" компаниясынын вице-президенти болуп иштеп жүргөн Балбак Түлөбаевди дайындады. Аталган компания шаардагы "майлуу" жерлерде көп кабаттуу үйлөрдү салып, бир катар тармактарда кирешелүү бизнес менен алектенгени менен белгилүү.

Андыктан Балбак Түлөбаевдин келиши кызыкчылыктар кагылышы боюнча социалдык түйүндөрдөгү дооматтарды ого бетер күчөттү.

Азиз Суракматов кадрларды кандай критерий менен тандап жатканы тууралуу расмий түшүндүрмө бере элек.

Балбак Түлөбаев өзү жаңы кызматы тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип, сунуш мэр Суракматовдон өзүнөн түшкөнүн айтты:

- Мен "Аю холдинг" компаниясы менен өнөктөштүк келишим түзгөн эмесмин, эч кандай өнөктөш болгон эмесмин. Мен ал жакта менежер катары жалданып иштегем. Өзүңүз билесиз, мен 13 жыл мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, 2010-2013-жылдары "Аят" гезитинде саясий баяндамачы болдум. Ал жакта иштеп жүргөндө "Аю" компаниясынын жетекчиси "бизге келип иштеп бербейсиңби" деп чакырды. Ошол жакка барып иштедим. Азыр турмуш жолумдагы бир барак жабылды десем болот. Бишкек шаарынын мэри мени өзүнүн командасына чакырды, мен ушул жерге келдим. Эми мамлекеттик, муниципалдык кызматкер болгондон кийин жалаң мамлекет үчүн, мэрия үчүн, мага иш берип жаткан мэр үчүн иштейм. Эч кандай кызыкчылыктар кагылышы болбойт. Биз эч кимге тартпайбыз.

Түлөбаев бул кызматка "Кыргызстан" партиясынын төрагасы, "Аю холдинг" ишканасынын төрагасы, коомчулукта "Шаки" деген кыска ат менен таанымал Шаршенбек Абдыкеримовдун жардамы менен келгени тууралуу божомолдорду четке какты:

Салимбай Абдувалиев менен сүрөткө түшкөн адамдар. Сүрөт Балбак Түлөбаевдин "Facebook" баракчасынан алынды.
Салимбай Абдувалиев менен сүрөткө түшкөн адамдар. Сүрөт Балбак Түлөбаевдин "Facebook" баракчасынан алынды.

- Бул жерде Шаршенбек Абдыкеримовдун эч кандай квотасы да, тиешеси да жок. Мени мэр чакырды. Чынында аябай ойлондум, анан мэрге жардам берейин деген чечимге келдим. Шаардыктарга, келечекте балдарыма, тарых алдында салымым болсун деген ниет менен гана ушул жакка келдим. Мен бул жерде илим-, билимим жетишинче катуу иштейм. Жетише албай, иштей албай калсам - анда бул кызматтан кетем. Турмуш өзү көрсөтөт. Азиз экөөбүз башында каршылашканбыз. Экөөбүз 2004-жылы Биринчи май - Түндүк округунан шаардык кеңешке ат салышканбыз. Ал менин саясий атаандашым болгон. Ошол жерден программаларыбызды элге айтып жүргөн кезде таанышканбыз. Мен ал шайлоодо жеңилип калгам. Андан кийин көрүшүп калган жерден учурашып жүрдүк. Жогорку Кеңеште, президенттин иш башкармалыгында иштеп жүргөнүмдө, бизнеске өткөндө, кыскасы ар дайым тааныш болуп, жакшы мамиледе жүрдүк. Үй-бүлөбүз менен катышкандай өтө дос эмеспиз, бири-бирибизге сый-урматыбыз бар. Суракматов мэрликке шайланып жатканда ал тууралуу жакшы пикирлеримди, болгон чындыкты айттым. Анан мага сунуш түштү, мэрияга келүүнү каалаган эмесмин.

Бирок Балбак Түлөбаевдин мындай түшүндүрмөсүнөн шек санагандар да кездешет. Алардын бири, жарандык активист Калича Умуралиева бизнесте ити чөп жеген, кирешеге тунган ири компанияда жетекчилик кызматтардын биринде жүргөн адамдын мэрияга кызматка келиши бизнес менен мамлекеттик кызматтын алака-катышына байланыштуу күдүк ойлорду жаратарын айтты:

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

- "Аю" - бул аябай чоң компания. Алар өздөрүнүн адамдарын жалаң эле мэриянын аппаратына алып келген жок. Министр кызматтарына деле өздөрүнүн адамдарын коюп жатат. Экотехинспекцияга да өз кишисин алып келди. Өкмөт биринчиден бизнеске жардам берет, экинчи жактан бизнести көзөмөлдөйт. Өкмөт менен бизнес жуурулушуп кетсе ким кимди көзөмөлдөйт деген маселе чыгат. Балбактын өзү тууралуу жаман оюм жок. Бирок ал 90-жылдардан бери эле бизнесте жүргөн киши. Ошондуктан ал ийгиликтүү ишкер болсо, буга чейин чоң компанияда иштесе, эмнеге бул кызматка келип жатат деп таң калдым. Азыркы кызматында айлык аз да. Ошондуктан бул жерде кандай кызыкчылык бар деген суроо туулат.

"Азаттык" мэриядагы кадрларды дайындоо, алардын тегерегиндеги жагдайлар тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаевдин пикирине кызыкты. Ал бардык жоопкерчилик мэр Азиз Суракматовдун өзүндө экенин айтты:

Алмаз Кененбаев.
Алмаз Кененбаев.

- Биз аны шайладык. Жолду ачып бердик. Мэрияга шаарды өнүктүрүүгө салым кошкон кишилер чын ниети менен иштеп, шаар тургундарын ойлогон, шаарга күйгөн, эң негизгиси шаарды сүйгөн адамдар керек. Кадрларды тандоо - мэрдин иши. Кадр маселесине аралашууга биздин укугубуз жок, киришпейбиз. Биз анын өзүнө ишеним көрсөткөндөн кийин, ишти өзү тартып кетиши керек. Кандай кадр болсо да эртең өзү жооп берет. Ар бир мекемеде ушундай болот.

"Кыргызстан" партиясынын Жогорку Кеңеште да, Бишкек шаардык кеңешинде да фракциялары бар жана экөө тең башкаруучу коалицияга кирет. 2015-жылы бул партия биринчи ирет парламенттик шайлоого катышканда "Кыргызстанды" бийликтеги айрым таасирлүү адамдар түзгөнү тууралуу сөздөр чыккан.

Партиянын төрагасы, "Аю холдинг" компаниясынын директору Шаршенбек Абдыкеримов өзбекстандык белгилүү олигарх, "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал Салимбай Абдувалиев менен тааныш экенин парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын мурдагы жетекчиси Канатбек Исаев ырастаганы белгилүү.

“Азаттык” Абдыкеримовдун “Аю холдинг” фирмасы Ошто июнь коогасы боюнча айыпталып сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Иномжан Абдурасуловдуку экени айтылган ишканаларды күмөндүү жагдайларда сатып алганын иликтеп чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG