Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 23:37

Өкмөттүн убадасы, дарыгерлердин убайымы


Бишкектеги стационарда иштеген медициналык кызматкерлер.

Премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар адамдардын баарын келишимдик негизде иштеп берүүгө чакырып, 70 миң сом айлык төлөп берүүнү убада кылды.

Анын бул билдирүүсүн дарыгерлер ар түрдүү жоромолдоп жатышат. Мыйзам чегинде мындай чакырык кантип ишке ашат? Бюджетте бул каражатты табууга мүмкүнчүлүк барбы?

Кубатбек Боронов келишимдик негизде иштей турган дарыгерлердин жата турган жери жана тамак-ашы мамлекет эсебинен болорун айтып, адистешкен пульмонолог, анестезиологдорду да ишке чакырды:

«Өкмөт башчы катары сиздерди расмий түрдө ишке чакырам. Медициналык билими бар, «иштейм, жардам берем» деген жарандарыбыз болсо чакырабыз. Контракт түзөбүз. Жогорку деңгээлдеги дарыгерлерге 70 миң сомго чейин, категориясына жараша акча төлөнөт».

Кыргызстанда соңку аптадан бери пневмониядан каза болгондор көбөйүүдө. Ооруканаларда орун калбай, бийлик кошумча стационарларды ачууга мажбур болууда.

Өлкөдө дарыгерлер жетишпей Орусияда эмгек миграциясында жүргөн адистер да жардамга келишти.

Бишкекте көп жылдардан бери догдурлук ишин таштап, соода менен алкетенген Айнура мындай оор күндө 20-30 миң сомго деле иштеп берүүнү ойлонуп жатканын айтты:

«Терапевт-дарыгерлерди чакырды. Мен Орусияда, Кыргызстанда билим алгам. Бир нече жыл Ошто, Бишкекте иштеп, кийин кесибимди айлыктын айынан таштап койгом. Өкмөт башчынын чакырыгы жакты. Барып иштегим келип жатат. Бирок 70 миң сомду категория, иштөө стажына жараша бергени жатышпайбы. Мен стажым аз, категориям деле жок. Азыр барсам 20-30 миң сомго эле иштеп каламбы ошондо? Айтор белгисиз».

Акчаны кайдан алат?

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго 1 миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.

Кубатбек Бороновдун 70 миң сомдук айлык акыны бюджеттеги кайсы каражатка таянып айтып жатканына кабатыр болгондор да четтен чыгат.

Чынара Бакирова
Чынара Бакирова

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун коомдук байкоочу кеңешинин мурдагы мүчөсү Чынара Бакирова:

«Ызы-чуу болуп кетпесин деп балким акча табышкандыр. Бирок, бул чакырык канчалык деңгээлде ишке ашарына көзүм жетпей турат. Себеби, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда мындай чыгымдарга акча жок. Балким элден чогулган жардамдын эсебинен беришеби? Башка каяктан акча алышарын деле билбейм. 70 миң сомду эми бардык дарыгерлерге бербесе керек, оор шартта коронавирус менен түздөн-түз иштегендерге гана берилет го».

Март айынан бери тынымсыз иштеп, оорунун очогунда жүргөн дарыгерлер үчүн өкмөттүн мындай кадамы теңсиздик болуп каларын айрым эл өкүлдөрү да айтып чыгышты.

Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Бороновдун бул чакырыгын толук түшүнө албай, анын мыйзамдык жагын терең изилдеп чыгыш керек деген ойдо:

«Премьер-министрдин бул кадамын аргасыздык деп түшүнсөк болот. Бирок ошол эле убакта мамлекеттик ооруканаларда иштеген догдурларыбыз муну кандай кабыл алат? Алар таарынбайбы? Үч-төрт айдан бери тынбай иштеп жатса, кенемтени парламент өкмөттөн талап кылып жатып, атайын эсеп ачылгандан кийин бир топ убакытка чейин берилбей, көптөгөн ызы-чуу менен чечилбедиби. Акыйкаттык кайда деген маселе келип чыгышы мүмкүн. Мамлекеттик ооруканалардан массалык түрдө жумуштан кетүү башталып, андан көрө келишим менен келип-кетип иштейин деген дарыгерлер чыгышы да ыктымал. Алар төрт айдан бери аскердик режимде үй бетин көрбөй иштеп жатпайбы. Адилетсиздик болуп калат».

"Согуштагы жоокерлердин духун көтөрүш керек!"

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев азыр өкмөт менен ооруканаларды, дарыгерлерди бөлүп кароо мүмкүн эместигин айтууда.

Батыралиевдин пикиринде, дарыгерлер ооруну жеңүү үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бийлик алдыңкы 1,5-2 жылдык пандемия менен күрөшүү стратегиясын пландаш керек деген пикирде:

«Пандемияны мен ар дайым согуш деп айтып келем. Согушкан жоокерлердин духун көтөрүш керек, тамак-ашы, коргонуучу каражаттары, элди дарылай турган жабдуусу, дары-дармектери жетиштүү болуп убагында берилиши зарыл. Социалдык медиада аймактардагы айрым ооруканалардын кемчиликтери чыгып жатпайбы. Аны тануунун кереги жок. Тескерисинче, проблеманы аныктап, эрте жоюш керек. Азыр медицина тармагына колдоо көрсөтпөсө болбойт. Пандемия узакка созулат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, эл аралык эксперттер "пандемиянын туу чокусуна чыга элекпиз, четинде эле жүрөбүз" деп жатышат. Андай болсо вируска душман катары карап, бир муштумга түйүлүп, жакынкы 1,5-2 жылга пландарды түзүү зарыл. Ооба, медицинабыз буга чейин деле алсыз болчу, 30 жыл ичинде талкаланып калган. Заматта оңдоп салуу мүмкүн эмес».

8-июлда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте убактылуу ачылган стационарлардын бирине барганын президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Ал Кыргызстанда комплекстүү атайын оорукананын жоктугу азыркы учурда абдан сезилип жатканын айтты.

Сооронбай Жээнбеков күндүзгү стационарда иштеген дарыгер менен сүйлөшүүдө. 8-июль, 2020-жыл.
Сооронбай Жээнбеков күндүзгү стационарда иштеген дарыгер менен сүйлөшүүдө. 8-июль, 2020-жыл.

Жээнбеков Бишкекте медициналык тейлөөнүн бардык түрү боло турган комплекстүү клиника салынарын билдирди. Мындай заманбап ооруканалар бардык облустардын борборлорунда куруларын кошумчалады.

«Стационарлар - албетте, убактылуу объектилер, алар мындан аркы кырдаалга жараша иштейт. Азыркы абал калктын саламаттыгына кандай коркунуч бар экендигин көрсөтүүдө. Комплекстүү заманбап клиниканын жоктугу өзгөчө азыркы кырдаалда курч сезилип жатат. Бишкекте бардык медициналык кызмат көрсөтүлгүдөй комплекстүү клиника курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде заманбап оорукана салыш үчүн каражат бөлүүгө кызыккан инвесторлор бар», - деди Жээнбеков.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19га 1225 медицина кызматкери чалдыкты, алардын 515и айыгып кетти. Расмий беш кызматкер каза болгону айтылганы менен жалпы медиктер арасында каза болгондор көбөйүп, жыйырмага чукулдап калды. Ал эми ооруп стационарда жана үйүндө жаткандар боюнча так статистиканы алуу мүмкүн болгон жок. Алардын канчасына кенемте берилип, берилбей турганы да азырынча чечиле элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG