Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Ысык-Көлдө бейтап көбөйдү, дарыгер жетишсиз


Бишкектеги стационардык борбор.
Бишкектеги стационардык борбор.

Ысык-Көл облусунда илдетке чалдыккандар көбөйүп жаткандыктан, ооруканалардан тышкары жерлерде да бейтаптар үчүн орундар даярдалууда.

Каракол шаарынын тургуну Азизанын (аты өзгөртүлдү) атасы үч күндөн ашык ооруп, облустук ооруканага кайрылганда өпкөсү кагынганы белгилүү болгон. Андан кийин эле бир тууган таежеси да пневмония менен ооруп, бат эле кайтыш болгон.

"Атам ооруп, аны менен жүрүп калдык. Ошол эле учурда таежем ооруп, көз алдыбызда өтүп кетти. Дарыгерлер болгон аракетин кылды, бирок өмүрүн сактай алышкан жок. Атамды болсо облустук ооруканага араң жаткырдык эле. 14 күндөн ашыгыраак жатты. Алар жаткан терапия бөлүмүндө бир эле ИВЛ аппараты бар экен, ал дагы чала иштеп, жетишпей, бейтаптар дем ала албай кыйналганын күндө чалып айтып жатты. Орун жок болгондуктан бир палатада аял-эркек аралаш жаткан күндөр болгон экен".

Облустук ооруканада даярдалган 125 орундун 12си жандандыруу бөлүмүндө. Азыр анын баары толгон.

Облустук оорукананын жетекчиси Токтобай Маанаев дарыгерлер жетишпей жатканын белгиледи. Ал ушу тапта ооруканада өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттан үчөө, кырктан ашуун кычкылтек концентратору бар экенин айтты:

"Тилекке каршы, бир педиатрыбыздан айрылып калдык. Ар бир бөлүмдө уюшулган обсервацияга экиден дарыгер, реаниматолог жана медайымдар болуп 12 адис кирип жатат. Азыр бизде бейтаптарга орун камдоого мүмкүнчүлүк бар. Бирок кадр жетишпей жатканы чоң көйгөйгө айланды. Эгер кырдаал күчөп кетсе кантебиз деген маселе жаралууда".

Облустук ооруканадан сырткары Караколдо дагы эки стационар ачылды, аларда күнүнө 50дөн ашык киши медициналык жардам алууда. Дарыгер Жаңыл Акунованын айтымында, оорунун белгиси жок өтүп жатышы абалды курчутууда.

"Караколдо ооругандар көп экен. Рентгенге тартылганда баары жакшы, бирок өпкөсүн тыңшаганда башкача болуп жатат. Бизге кайрылгандардын көбүнүн алы жок, үйдөгү ата-энелери да ооруп жатканын айтышат. Элдин арасында дарыгерге барбай эле антибиотик, асма ийне алгандары да бар экен. Бул абалдын курчуп кетишине алып келет".

Туристтик аймак катары таанымал Ысык-Көл районунда 33 адам өпкөсү кагынып дарыланып жатса, дагы 15 тургундан коронавирус аныкталган.

Район акими Данир Иманалиев пансионаттарда миңден ашык орун даярдалып, 150гө жакын орун күндүзгү стационар катары иштей баштаганын билдирди:

"Азыр дарыланып жаткандардын баары эле райондун тургундары. Пансионаттарга келбей, жеке конок үйлөрүнө келип эс алгандар дагы бар, бирок алардан коркунуч жок. Азыр орундарды камдадык, эми медициналык жабдыктар керек. Колунан келген айыл аймак башчылары бюджеттин эсебинен кычкылтек концентраторун сатып алууда, демөөрчүлөр да бар. "Туристтик сезон оорунун күчөшүнө шарт түзүп жатат" деген туура эмес түшүнүк".

Ал эми Балыкчы шаарында дарыгерлерге кайрылгандардын саны үч эсе көбөйгөн. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоевдин айтымында, жалпы облус боюнча 4 миңге жакын орун камдалган:

"Жалпы облус боюнча 1383 орун камдалды, анын ичинен обсервация катары 645 орун, күндүзгү стационар катары 738 орун иштейт. Ошондой эле жалпы облус боюнча иштеп жаткан эс алуу жайлары, пансионаттар менен келишим түзүлдү. Ага ылайык, 2 миң орун камдалды, бирок резерв катары кармап турабыз. Азырынча даярдалган орундар жетиштүү".

3-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов аймактар абалдын курчушуна даяр турушу керектигин эскерткен.

“Учурда негизги соккуну борбор калаа жана Чүй облусу алып жатат. Вирустун жайылуу толкунун токтотуу үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бирок абалдын терс өнүгүшүнө даяр болууга милдеттүүбүз. Ооруканаларда орундарды алдын-ала даярдагыла. Жашоочулардын жана медициналык мекемелердеги орундардын эсебин эске алуу керек”, - деп билдирген Боронов.

Андан кийин президент Сооронбай Жээнбеков аймак аралык жолдорду жабууну сунуштаган.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл аймагынан 258 адамдан коронавирус аныкталып, анын 30у азыр медиктердин көзөмөлүндө, калганы дарыланып чыккан.

Жалпы облус боюнча 193 кычкылтек концентратору жана 45 жасалма дем алдыруучу аппараты бар. Облус активисттери жана демөөрчүлөр 50дөн ашык концентратор алып беришкен. Дарыланып жаткан бейтаптардын саны 342, анын 86сынын абалы оор.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG