Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Президент штабды аш-тойлорго расмий тыюу салууга чакырды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Республикалык штабдан аш-тойлорду токтотуу тууралуу сунуштарга көз карашын билдирүүнү талап кылды.

«Мен Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай массалык салтанаттуу иш-чараларга расмий түрдө тыюу салуу боюнча кайрылдым эле. Менимче, республикалык штаб бул маселе боюнча өзүнчө расмий чечим кабыл алса туура болот», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы облус аралык транспорт каттамдарын токтотуу маселесин карап чыгууну да сунуш кылды.

Президент ооруканаларда жана обсервацияларда орундарды көбөйтүш керек экенин айтып, бейтаптарга биринчи медициналык жардам көрсөтүш үчүн кошумча орундарды түзүү зарыл болорун кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков ооруканаларда, обсервацияларда жана ошондой эле алгачкы тез жардам көрсөтүүчү кошумча орундарды көбөйтүү зарылчылыгын айтып, коронавирус менен күрөшүүдө бардык иш-чаралар өз учурунда каржыланышы керек экенин баса белгиледи.

Коронавирус жугузгандар көбөйүп жатканына байланыштуу Бишкекте, Ошто жана башка бир катар шаарларда чектөөлөр күчөтүлгөн. Эл чогултуп массалык иш-чара өткөрүүгө, оюн-зоок борборлорунун, парктардын, интернет жана түнкү клубдардын ишине тыюу салынган. Бирок буга карабай, айрым кафе-ресторандар той өткөрүп, ага жергиликтүү кеңештердин жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан учурлар катталганы маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда жазылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG