Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Ысык-Көл облусунун башкы педиатры коронавирустан улам көз жумду


Ысык-Көл облустук ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы Эдил Садыков каза болду.

Бул тууралуу аталган ооруканадан кабарлашты. 62 жаштагы дарыгер 30-июнь күнү коронавирус аныкталган соң ооруканадагы обсервацияга жаткан.

Эдил Садыков 1958-жылы Ак-Суу районунун Челпек айылында туулган. 1982-жылы Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтун аяктап, ошол эле жылы Ысык-Көл облустук балдар ооруканасына интернатурага жиберилген.

1986-жылы ушул эле балдар ооруканасынын кардиология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Эмгек жолунда ал облустук балдар ооруканасында, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген.

2011-жылдан ушул күнгө чейин Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн жетектеп турган. 2007-жылы "Саламаттык сактоонун отличниги" төш белгиси менен сыйланган.(KuS)

XS
SM
MD
LG