Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 00:06

COVID-19: Кыргызстанга үлгү болчу өлкөлөр


Армениянын ооруканасындагы бейтап.

Кыргызстан, Казакстан жана Армения сыяктуу айрым өлкөлөрдө карантин жумшаргандан кийин коронавирус кескин күчөп кетти.

Алардан айырмаланып Германия, Жаңы Зеландия жана Түштүк Корея COVID-19дун жаңы очоктору чыкса да, илдетти жайылтпай ооздуктап келатат. Кыргызстан бул өлкөлөрдөн эмнени үйрөнсө болот?

Германия

Германияда марттын аягы менен апрелдин башында коронавирусту жугузуп алгандардын бир күндүк саны 6-7 миң кишиге жетип турган. Карантин чараларынан кийин май айынын башында бул көрсөткүч 180-200гө чейин төмөндөгөн. Ал түгүл 10-июнда өлкө боюнча 16 гана кишиден коронавирус табылган эле.

Ошентсе да Германияда калктын кыймыл-аракетин чектеген эрежелер токтогондон кийин илдеттин жаңы очоктору утур-утур пайда болууда. Маселен, жакында Түндүк Рейн-Вестфалия аймагындагы эт комбинатында вирус чыгып, 18-июнда өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 1200гө чейин көтөрүлүп кетти.

Бирок немис бийлиги кол куушуруп отурган жок. Маселен, Түндүк Рейн-Вестфалиядагы эт комбинатынын жумушчулары дароо катаал карантинге алынды. Аймактагы эки райондо спорт залдары, барлар, музейлер кайра жабылды. Эң маанилүүсү - жергиликтүү элге социалдык обочолонуу режимин сактоо талабы катуу коюлду. Германиянын бардык аймактарында массалык ири иш-чаралар октябрга чейин токтотулду.

Түндүк Рейн-Вестфалиядагы эт комбинатынын карантинге алынган жумушчулары, 22-июнь 2020-жыл.
Түндүк Рейн-Вестфалиядагы эт комбинатынын карантинге алынган жумушчулары, 22-июнь 2020-жыл.

“Социалдык аралык сакталышы зарыл. Айрым аймактарда эмне болуп жатканын көрүп туруп, бул эрежени аткарбай кое албайбыз. Эгерде аралыкты сактоого мүмкүн болбой жатса, анда мурун менен оозду жапкан беткап тагынуу керек. Эгер ортодогу аралыкты сактоо мүмкүн болбой жатса, анда чоң иш-чараларга уруксат берилбеши кажет”, - деп билдирген 17-июнда немис канцлери Ангела Меркел.

Берлиндеги Роберт Кох институтунун маалыматы боюнча, Германияда май айынын башында вирустун жайылуу индекси бирден төмөн болчу. Илдеттин жаңы очоктору пайда болгондон бери бул сан экиден ашып кетти. Бул коронавируска кабылган бир бейтап илдетти экиден көп адамга жугузат дегенди билдирет. Немис бийлиги бул көрсөткүч бирден көтөрүлө турган болсо, чектөөлөр кайра киргизилиши мүмкүндүгүн эскерткен.

83 миллиондой калкы бар Германияда эпидемия башталгандан бери 196 миңден ашуун адам коронавирусту жугузуп алса, алардын 9 миңден ашууну көз жумду. Германияда COVID-19дун курмандыктарынын саны Европадагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир нече эсе аз. Буга өлкөдөгү саламаттык сактоо системасынын сапаты, медициналык жабдыктардын жетиштүү болгону, калкты жапырт тесттен өткөрүү аракети жана карантин эрежелеринин так сакталганы себеп катары көрсөтүлүп келет.

Түштүк Корея

Түштүк Корея да вирусту ийгиликтүү ооздуктаган мамлекеттердин сап башында турганы менен COVID-19дун жаңы очокторунан качып кутула алган жок. Бул өлкө калкты жапырт тесттен өткөрүү жана бейтаптар менен байланышта болгон адамдарды натыйжалуу аныктоо аркылуу илдеттин жайылышын басаңдаткан.

Март айында Түштүк Кореяда коронавирусту жугузуп алгандардын бир күндүк саны 800дөн ашса, май айынын башында бир сутка ичинде эки-үч адамдан гана вирус чыгып жатты. Андыктан бийлик чектөөлөрдү жумшартып, коомдук жайларды кайра ачып, керек болсо парламенттик шайлоо өткөрүүгө да үлгүргөн. ​

Арийне карантин жумшаргандан кийин май айынын ортосун утурлай вирусту жугузуп алгандар кайра көбөйүп, июнь айынан бери жаңы учурлардын саны 20дан 60ка чейин жетип жатат.

Акыркы эки айдан бери баш калаа Сеулда жана анын жака белиндеги конуштарда вирусту жугузуп алгандар токтобой жатат. “Рёнхап” жаңылыктар агенттиги билдиргендей, Түштүк Кореяда вирустун кайра жайылышына сырттан келген учурлардан тышкары түнкү клубдар жана чиркөөлөр баштаган коомдук жайлар себеп болду.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин, 30-март 2020-жыл.
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин, 30-март 2020-жыл.

“Жакындан бери баш калаада жана анын сыртында инфекция чиркөө жана храмдар аркылуу жайылып жатат. Акыркы үч күндө катталган учурлардын 40 пайыздан көбү диний жайларга байланышы бар. Мындай чакан жайлардан чыккан инфекция бүтүндөй үй-бүлөгө жана жергиликтүү конуштарга тарап жатат”, - деп билдирген 1-июлда Түштүк Кореянын премьер-министри Чон Се Гюн.

Натыйжада Түштүк Кореянын бийлиги эпидемиянын жаңы толкунуна каршы үч сценарийди иштеп чыкты. Ага ылайык, бир күндө вирус 50дөн көп адамга жукпаса, анда “биринчи деңгээлдеги” же учурдагы тартип сакталат. Эгер 14 күн катары менен COVID-19га чалдыккандардын саны 50 менен 100дүн ортосунда болсо, “экинчи деңгээлдеги” чектөөлөр күчүнө кирет. Кокус бир күндө инфекция жуккандардын саны 100дөн ашса, “үчүнчү деңгээлдеги” эрежелер иштей баштайт.

3-июлда Кванжу шаарында вируска чалдыккандар 50дөн ашканы үчүн музейлер жана китепканалар сыяктуу айрым коомдук жайлар убактылуу жабылды. Өткөн жекшемби күнү Түштүк Кореянын Саламаттык сактоо министрлиги алдыдагы апталарда коронавируска чалдыккандар эки эсе көбөйө турган болсо, мектептерди жана спорт залдарын жабуу, өтө зарыл эмес бизнестерди токтотуу, 10 кишиден көп чогулууга тыюу салуу сыяктуу эрежелер ишке кирерин эскерткен.

51 миллиондон ашуун калкы бар Түштүк Кореяда COVID-19 илдетине 13 миң адам кабылса, алардын 280ден ашууну каза тапты. Өлкөдө январь айынан бери 1 миллион 307 миңден ашуун тест жүргүзүлдү.

Жаңы Зеландия

Беш миллионго жетпеген калкы бар Жаңы Зеландияда эпидемия башталгандан бери 1500дөн ашуун адам коронавируска чалдыкса, алардын 22си каза тапты. 39 жаштагы Жасинда Ардерн башында турган өкмөт март айынан бери илдеттин жайылышын токтотуу үчүн калк көп топтолгон иш-чараларга тыюу салуу, өтө зарыл эмес бизнестерди жабуу сыяктуу чечкиндүү чараларды көрдү. Өкмөт карантинде каржалган калкка, бизнес ээлерине жардам көрсөтүп жатты.

Натыйжада Жаңы Зеландияда майдын аягы жана июндун башында 18 күн катары катары менен коронавирус катталган жок. Мындан улам Ардерндин өкмөтү Зеландия коронавирустан арылганын жарыялап, 9-июнда өлкө ичиндеги каттамдарга чектөөлөрдү алып, мектептер менен иш кеңселерин кайра ачкан. Ошондой эле массалык иш-чаралардагы элдин санын чектеген эреже да токтотулган.

Көп өтпөй, июнь айынын ортосунда Жаңы Зеландияга эки британ жараны кайрадан коронавирус алып келди. Алар ондогон адамдар менен байланышта болгону ырасталып, Зеландияда соңку апталарда эки-үч күндө эки же төрттөн адам коронавирусту жугузуп алып жатат.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн.
Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн.

Премьер-министр Жасинда Ардерн өлкөдө вирустун жаңы очокторунун пайда болушуна чек арада текшерүүнүн жана чет элдиктерди карантинге алуунун жол-жоболорунун начардыгы себеп болгонун айтты. Андыктан өкмөт башчы өлкөнүн чек арасын кайтарып, санитардык эрежелерди тыкыр сактоо милдетин армияга жүктөдү.

“Мен баарыбыз жапа тырмак жетишкен жылыштардан артка чегинүүгө жол бере албайм. COVID-19 эпидемиясы маалында соттор баштаган бир катар тараптар чектөөлөрдү жумшартууну талап кылып, басым көрсөтүп жатышты. Бирок сактык чаралары зарыл экенин бул окуя көрсөттү. Элге жакпашы мүмкүн, бирок бул өлкө үчүн туура чечим”, - деген эле Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн.

Жаңы Зеландия “коронавирус жок өлкө” макамынан кыска убакытта ажырап калгандан көп өтпөй саламаттык сактоо министри Дэвид Кларк отставкага кетти. Буга чек арада текшерүүнүн начардыгы гана эмес, министрдин жеке жүрүм-туруму да себеп болду. Анткени министр Кларк жазында Зеландияда катаал карантин өкүм сүрүп жатканда үй-бүлөсүн пляжга алып барганы үчүн коомчулуктун сынына кабылган. Анда министр кызматтан кетүү ниетин билдиргени менен премьер-министр арызын кабыл алган эмес.

Грузия

Постсоветтик чөлкөмдүн ичинен Грузия гана коронавирус эпидемиясына каршы натыйжалуу күрөшү менен өзгөчөлөнө алды. 3,7 миллиондой калкы бар бул өлкөдө март айынын башынан бери 950дөй адам гана вируска чалдыкты. Бул Кыргызстандагы соңку эки күн ичинде эле илдетти жугузуп алгандардын расмий санынан аздык кылат.

Эпидемия башталгандан бери Грузияда 15 адам COVID-19 илдетинен кайтыш болду. Калкынын саны Грузиядан кеминде 700 миң кишиге аз Арменияда коронавирусту 27 миң киши жугузуп алса, илдеттен өлгөндөрдүн саны 470ке чукулдады.

Акыркы бир аптада Грузияда бир күн ичинде 4-8 киши коронавирусту жугузуп алууда. Маселен, 3-июлда коронавирус табылган төрт адамдын баары чет өлкөгө барып келгендер экени белгилүү болду.

Грузия коңшуларынан айырмаланып, февралдын соңу, марттын башында эле жарандарын обочолонууга чакырып, Европадан келген жарандарды биринчилерден болуп милдеттүү түрдө 14 күндүк карантинге ала баштаган.

“Eurasianet” басылмасы жазгандай, грузин бийлиги элдин үйдөн ээн-эркин чыгышына толук тыюу салбаса да, кечки саат 9дан таңкы 6га чейинки комменданттык саатты жакшы сактады. Ошондой эле автоунаа менен эки жакка каттоого эки аптага тыюу салуу чечими да тыкыр аткарылды. Эреже бузгандарга 930 доллардай айыппул салынарын медиа элге тынымсыз эскертип турду.

Грузия эл көп топтолгон коомдук жайлардын көбүн июнь айынын башында гана, коңшу Арменияга салыштырмалуу бир нече аптага кечирээк ачты.

Бул көрсөткүчтөр грузин өкмөтү чөлкөмдөгү көп өлкөлөргө салыштырмалуу натыйжалуу иш алып барганынан кабар берет. Евробиримдиктин 1-июлдан тарта мурдагы советтик республикалардын ичинен Грузияга гана сырткы чек арасын ачканы бекеринен эмес.

Борбор Азия

Коронавирус бар экенин алигиче четке кагып келе жаткан Түрмөнстандан башка Борбор Азиянын төрт өлкөсү COVID-19га каршы катаал карантинден тарта жумшак чектөөлөргө чейинки бир катар чараларды көргөнү белгилүү.

Бирок Казакстан менен Кыргызстанда май айында карантин алынгандан тартып коронавирус күчөп кетти. Эки өлкөдө тең июнь айынын башынан бери эле COVID-19га чалдыккандардын расмий саны кеминде төрт эсе көбөйдү.

Кыргыз-казак бийлик өкүлдөрүнүн коронавирустун “туу чокусу апрель айында жана май айында болот” деген жоромолдору туура эмес болгонун убакыт көрсөттү.

Карантинден кийин Германия, Түштүк Корея же Жаңы Зеландия сыяктуу коронавирустун жаңы очокторун дароо баса калып, бейтаптар менен байланышта болгондорду тез арада аныктоого, чет өлкөдөн келген адамдардын баарын обсервацияга алууга өзгөчө Кыргызстандын чама-чаркы жеткен жок.

Германиянын Херфорд шаарындагы “Герресхаймер Медикал Системс” фирмасынын улук инженери Канат Ишенбектин айтымында, Кыргызстанда карантин аяктап баратканда да вирустун жайылуу коркунучу “коопсуз” деңгээлге чейин төмөндөгөн эмес. Ал ишине байланыштуу Кыргызстан менен Германиянын статистикаларын салыштырып чыккан.

“Вирустун жайылуу индекси илдет бир кишиден канча кишиге жугарын көрсөтөт. Эгерде жайылуу индекси бирден төмөн болсо, демек вирус азыраак кишиге жугуп, бара-бара жоголушу мүмкүн. Эгер бирден көп болсо, вирусту жугузуп алгандар убагы менен көбөйүп кете берет. Германияда чектөөлөр өкүм сүрүп жатканда бул индекс 0,7ге түшкөн. Ал эми Кыргызстанда вирустун жайылуу индекси эч качан бирден ылдый түшпөптүр”, - деп билдирген эле Канат Ишенбек “Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” берүүсүндө.

Кантсе да эпидемияны көзөмөлдөөгө жетишкен жогорудагы өлкөлөрдүн мисалдары COVID-19дун жаңы очокторуна каршы катаал карантин болбосо да, социалдык обочолонуу, беткап кийүү сыяктуу чектөөлөр керек экенин көрсөтүүдө.

Мындан улам Казакстан да «эпидемиологиялык жагдайды жөнгө салыш үчүн» 5-июлдан тарта кеминде эки жумалык катаал карантин киргизмей болду. Ага ылайык, эл көп катыша турган иш-чараларды өткөрүүгө, жоон топ болуп жүрүүгө, көчөлөрдөгү кыймылга чектөө киргизилет. Парктарда үч адамдан көп чогулууга болбойт. Аймак аралык жана эл аралык аба каттамдар, темир жолдогу кыймыл толугу менен токтобойт, бирок бир катар чектөөлөр киргизилет. Мекеме-ишканалардагы жамааттын бери дегенде 80% аралыктан, үйүнөн иштеши керек.

Коңшу Өзбекстан да 1-июлдан тарта кайра карантин чараларын күчөттү. Өлкөдө ири соода комплекстери жана буюм-тайым базарлары ишемби-жекшембиде дезинфекция үчүн жабылат. Коомдук жайларда жарандар ортодо 2 метр аралыкты сактап, медициналык беткап жана колкапчан жүрүүгө тийиш.

Супермаркеттердин кире беришинде беткап акысыз берилери да кабарланды. Андан тышкары «кызыл» жана «сары» деңгээлинде деп белгиленген карантиндик аймактарда күндүз үч кишиден ашык чогулууга, түнкүсүн көчөдө же кабат үйдүн короолорунда жүрүүгө тыюу салынат. Чектөөнү бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылары атайын комиссиянын бүтүмүндө камтылган.

Тажикстанда Кыргызстандагыдай карантин киргизилбесе да июнь айында тажик парламенти санитардык эрежелерди сактабаган адамдарды жоопко тарта турган мыйзам кабыл алган.

Ага ылайык, эпидемиологиялык эрежелерди бузуп, вирустун жайылышына себепчи болгон адамдар эки жылдан беш жылга чейин соттолушу мүмкүн. Ал эми көчөгө беткап тагынбай чыккан адам 11 доллардан 30 долларга чейин айыппул төлөйт.

Кыргызстанда болсо бийлик кырдаал күндөн күнгө курчуп жатканына карабастан, карантин чараларын күчөтүүгө, өзгөчө абал киргизүүгө шашылган жок.

Коронавируска каршы ыкчам штаб гана баш калаада жаңы иш тартиби бекитилгенин жарыялады. Ага ылайык, коомдук транспорттун, тамактануучу жайлардын жана базарлардын иштөө убактысы чектелди. Бишкекте коомдук транспорт - автобус, троллейбус, кичи автобустар - иш күндөрү эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечки 17.00 дөн 21.00гө чейин гана иштейт. Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү толук токтотулат. Кафелерге, ресторандарга, коомдук тамактануу жайларына саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилди. Супермаркеттер, соода борборлору саат 07.00дөн кечки 19.00гө чейин иштейт. Базарлар күн сайын саат 06.00дөн баштап кечки 17:00 чейин иштейт.

Мындан тышкары велосипедди ижарага берүү пункттарынын, балдардын оюн аянтчалары менен батуттардын ишине толук тыюу салынды. Балдардын оюн-зоок мекемелери, футбол аянтчалары жана оюн аянтчалары да таптакыр иштебейт.

Ошондой эле көчөдө уруксатсыз соода кылууга жана адамдарды тейлөөгө да уруксат жок.

Тойканалар, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. «Түндүкэлектр» жана «Бишкексууканал» ишканаларына кабыл алынган нормаларга ылайык карантин режимин бузгандыгы үчүн бул мекемелерге берилген суу жана электр жарыгын токтотуу сунушталат.

4-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов аймактардын жетекчилерин абалдын курчушуна даяр болууга, оорукана үчүн кошумча орундарды даярдай берүүгө чакырды.

Талдоочулар бийлик өзгөчө абалдын экономикалык кесепетинен чочулап, катуу чараларга баруудан тайсалдап жатканын белгилешет.

Расмий маалымат боюнча, 18-марттан 4-июлга чейин өлкөдө коронавирус 7094 адамдан табылды, алардын ичинен 78 бейтап кайтыш болду, 2714 бейтап айыккан.

Ал эми март айынан бери пневмониядан каза болгондор 151 адамды түздү.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев "Азаттыкка" берген интервьюсунда буга чейин жай айларында пневмония менен ооругандар мынчалык көп катталбаганын, өлкөдө сасык тумоо эмес эле COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (7)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG