Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Пашинян: «Биз тозоктон өтүп жаткандайбыз»


Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян. 4-июнь, 2020-жыл.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян. 4-июнь, 2020-жыл.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн саламаттык системасы пандемияга туруштук бере албай жатканын билдирди. Анын айтымында, эки жүздөй адамга ооруканаларда орун жетпей жатат.

Пашинян ооруканага батпай, тиешелүү жардам ала албай калып, үйдөн каза болгондор бар экенин билдирди.

"Биз тозоктон өтүп жаткандайбыз",-деди Пашинян 6-июндагы брифинг маалында.

Өкмөт башчы өзү жана анын үй-бүлө мүчөлөрү да коронавирус жуктуруп алганы маалым болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, үч миллиондой калкы бар Арменияда 7-июнга карата COVID-19 илдетине 12 миңден көп киши кабылды. Эки жүзгө чукул киши көз жумду.

Арменияда коронавирус бир жарым айлык карантин чектөөлөрү жумшартылгандан кийин күч алды.

XS
SM
MD
LG