Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Коронавирус армян премьерине да жетти


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана анын жубайы Анна Акопян.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана анын жубайы Анна Акопян.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян коронавирус инфекциясына чалдыкты. Ал вирус өзү менен үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсүнө жукканын билдирди. Арменияда карантин жумшаргандан бери COVID-19га кабылган адамдар арбый түштү.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өзү жана үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсү коронавирус инфекциясын жугузуп алганын 1-июнда «Фейсбуктагы» түз эфир маалында билдирди. Ал өткөн жумада аскерлер менен жолугушуп келгенден кийин тест тапшырганын, анын жыйынтыгы 31-майда белгилүү болгонун, азырынча өзүндө жана үй-бүлө мүчөлөрүндө илдеттин симптомдору байкала элек экенин белгиледи.

1-июнда 45 жашка толгон армян премьер-министри резиденцияда аялы жана үч кызы менен жашайт. Анын уулу ушу тапта армияда кызмат өтөп жүрөт. Пашинян вируска өкмөттүн жыйынында кабылганын, андан соң үй-бүлө мүчөлөрүнө жугузуп алганын болжоп жатат.

«Инфекцияны жумушчу жыйын маалында жугузуп алдым деп ойлоп жатам. Жыйынга адатта стакан менен суу алып келишет. Официанттардын бири мээлейи жок эле суу коюп жаткан. Мен ага эскертүү берип, стаканды алмаштырууну өтүнгөм. Бирок официант мурда деле ошондой кылып жүрсө керек. Бир канча убакыттан кийин андан да коронавирус табылды», - деди армян лидери.

Тоолуу Карабактагы Пашинян катышкан банкет.
Тоолуу Карабактагы Пашинян катышкан банкет.

Никол Пашинян эпидемия башталгандан бери өкмөттүн жыйыны болобу, эл менен жолугушууларда болобу, дайыма беткап тагынып жүргөнү белгилүү. Бирок армян медиасы ал 21-майда Тоолуу Карабактагы жергиликтүү жетекчинин кызматка киришкенинин урматына уюштурулган банкетке беткапсыз катышканын жазып жатат.

Кантсе да эми армян премьер-министри үй шартында дарылана турган болду. Ал өкмөттүн ишин резиденциядан тескей берерин айтты.

«Мен үйдөн, тактап айтканда, премьер-министрдин резиденциясынан иштей берем. Менде ал үчүн бардык шарттар бар», - деди Пашинян.

Ошентсе да Армениянын өкмөтүндө дагы кимге коронавирус жугушу мүмкүн деген суроо кабыргасынан коюлуп турат. Пашинян «өкмөттө болушунча аз сандагы гана адамга вирус жугузсам керек» деп жоромолдоду.

Кийинчерээк анын басма сөз катчысы Мане Геворгян азырынча өкмөттүн башка мүчөлөрүн коронавируска каршы тесттен өткөрүүгө негиз жок экенин айтты. Бирок эгер дарыгерлер сунуш кылса, өкмөт өкүлдөрү анализ тапшырышы мүмкүн экенин четке каккан жок.

«Премьер-министр менен байланышта болгон өкмөт кызматкерлери беткап тагынуу, социалдык обочолонуу, колду дезинфекциялоо сыяктуу эрежелерди сактап келишкен», - деп жазды Геворгян «Фейсбуктагы» барагына.

Никол Пашинян өкмөт өкүлдөрү менен, Ереван, 28-май 2020-жыл.
Никол Пашинян өкмөт өкүлдөрү менен, Ереван, 28-май 2020-жыл.

Пашинян коронавируска чалдыккан дүйнөдөгү биринчи өкмөт башчы эмес. Буга чейин британ премьер-министри Борис Жонсон жана орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин да COVID-19 илдетинен айыгып чыгышкан.

Пашинян үч миллиондой калкы бар Арменияда коронавируска чалдыккандар көбөйө түшкөн учурда вирусту жугузуп алды. Соңку 24 саат ичинде Арменияда вирус дагы 210 адамдан табылып, алардын жалпы саны 9492 кишиге жетти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, эпидемия башталгандан бери 139 адам COVID-19 илдетинен каза тапты. Бул статистикага вируска чалдыгып, бирок өнөкөт ооруларынын өтүшүп кеткенинен каза болгон 55 адам кошулган жок.

Армениянын өкмөтү март айында киргизилген карантин чараларын апрель айынын ортосунда жумшарткан. 10-майдан тартып өлкөдө экономиканын бардык тармактары ишин жанданткан. Саламаттык сактоо адистери чектөөлөр алынгандан бери коронавируска чалдыккандар көбөйүп жатканын айтышууда. Анткен менен армян өкмөтү карантинди кайра киргизбей турганын, жарандар санитардык эрежелерди сактоо менен гана илдеттин жайылышынын алдын алса болорун билдирип жатат.

«Биздин стратегия менен тактика мурдагыдай эле кала берет: Биз коронавирус менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек», - деп билдирди дүйшөмбү күнү армян лидери Никол Пашинян.

Дүйнөдө өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 6 миллион 200 миң кишиге жетти. Илдеттен каза болгондордун саны 372 миң адамдан ашты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG