Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-август, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:49

Таланттуу дарыгер, мыкты илимпоз кете берди...


Исхар Фунлоэр 80 жашында көз жумду.

Кыргызстанда пандемиядан каза болгон дарыгерлердин тизмеси кеңейип баратат. 2-июлда «Даңк» медалынын ээси, эмгек сиңирген дарыгер, өпкө, боор оорулары боюнча профессор Исхар Фунлоэр мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Профессорду жакындан билгендер ал Кыргызстан эле эмес, дүйнө илимине чоң салым кошкон күчтүү адам катары эскеришти.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, хирург, медицина илимдеринин доктору, Кыргыз-Орус (Славян) университетинин жалпы хирургия кафедрасынын профессору Исхар Фунлоэр 2-июлда 80 жашында өпкө кемтиги диагнозунан улам каза болду.

Исхар Фунлоэр.
Исхар Фунлоэр.

Ал 1941-жылы Ысык-Ата районунун Милянфан айылында төрөлгөн. Атасы Суваз Фунлоэр Кыргызстанда биринчилерден болуп «Ленин» орденин алган. Маркум эки уулдун атасы эле. Улуу баласы Кенияда жашап, иштейт. Балдарынын кичүүсү Эдик Фунлоэр атасын мындайча эскерди:

«Атамдын залкарлыгы жалаң эле биз үчүн эмес, бүтүндөй Кыргызстанга сезилчү десем жаңылышпайм. Чоң атам Суваз да улуу адам болгон. Ал Кыргызстандан биринчилерден болуп, айыл чарбасына кошкон салымы үчүн 1936-жылы бүткүл союздук Ленин орденин алган. Атамдын бир эле кыялы – өлгөндөн кийин да адамзатка пайда алып келген улуу дарыгер катары элдин эсинде калуу болчу. Менимче, анын кыялы тирүүсүндө эле орундалды.

Ал бул жашоодон иштеп жатып кетти. Себеби, өлүм аны байкатпай тооруп, бат эле алып кетти. Үй-бүлөдөн эч кимибиз анын мынча тез өтүп кетерин күткөн эмеспиз. Бизге азыр өтө оор болуп жатат. Анын кантип каза болгонун эмес, кыргыз элине жасаган эмгегин гана эл эскерсе дейбиз. Анын өлүмү биз үчүн чоң трагедия болду».

Илим дүйнөсүндө орду чоң эле

Маркум Милянфандагы орто мектепте 7-класска чейин окуп, андан соң 1957-жылы Александровка айылындагы жатак мектептен окуусун аяктаган.

Ал Иса Ахунбаевдин алгачкы студенттеринин бири эле. Биринчилерден болуп өпкө жана боор хирургиясы боюча кандидаттык диссертациясын азыркы Петербург, мурдагы Ленинградда 1975-жылы жактаган.

Темасы «Өпкөнүн поликистоз оорусунун клиникасы жана диагностикасы» деп аталчу.

Профессор Фунлоэрди айылдаштары өтө жылуу эскеришти

Исхар Фунлоэрдин айылдашы Дунган жана кытай таануу борборунун улук илимий кызматкери, Улуттук илимдер академиясынын илимпозу, тарыхчы, ​Али Джон маркум бир кезде аны өлүмдөн сактап калганын айтып берди:

«Менин билишимче ал биринчилерден болуп көкүрөктө жайгашкан органдарга операция жасоодо лазерди колдонгон. Лазердик ыкма менен операция жасоо аркылуу оорулууга инфекцияны жугузуу коркунучу азайып, коопсуздугу жогорулайт эмеспи. Профессор Исхар Сувазович дал ошол лазер менен эхинококкоз оорусуна операция жасачу.

Исхар Фунлоэр.
Исхар Фунлоэр.

Бул дүйнөлүк медицинада биринчи ирет колдонулганы айтылып жүрөт. Өзү өтө жөнөкөй киши эле. Акыркы убактарда биз дунган диаспорасында аксакалдардын көзү өткөндө тажияда жолугуп калчубуз. Ошондо күлүп: «Дунгандар дарыгерге оорусу өтүшүп, өлгөнү калганда гана барат», - деп калчу. Мен өзүм да бир ирет эхинококкоз бар деп шек саналып, профессорго көрүнүп калдым. Башка ооруканада «дароо кесип, операция жасайбыз» дешти. Бирок Исхар Сувазович кошумча анализдерди жасап, мени жакшылап текшергенден кийин мите курт жок деген жыйынтыкка келип, операция болбой калгам. Азыр айтып жатышпайбы, «дунгандардан чыккан биринчи медик-профессор, дунган улутундагыларга эле жардам берген» депчи. Менимче, профессор Фунлоэр жалаң эле дунган улутундагыларга пайдасы тийип чектелбей, бүтүндөй Кыргызстанга жарыгын чачкан, улуу илимпоз, колу жеңил дарыгер эле».

Хирургия жаатында 40 жылдан ашуун эмектенген. Бул аралыкта 3 миңден ашуун оор операцияларды жасаган. СССРдин саламаттыгынын отличниги наамын, «Даңк» медалын алган. Улуттук госпиталдагы торакалдык бөлүмдү өзү ачып, 1970-жылдардан тарта жетектеген. Торакалдык бөлүмдө өпкөнүн оор дарттарын, дем алуу органдарынын ооруларын хирургиялык жол менен дарылайт.

Исхар Фунлоэр: өпкө ооруларын дарылаган мыкты илимпоз эле
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:25 0:00
Түз линк

Кекиртекти трансплантация жасаган

Али Джон профессор Фунлоэр биринчилерден болуп өпкө менен кызыл өңгөчтү туташтырган кекиртекти көчүргөн хирург катары тарыхта каларын айтты:

«1990-жылы ал медицинада мурда болуп көрбөгөн ийгиликке жетти. Кекиртектин трансплантациясын ишке ашырды. Бул өтө оор операция болгон. Кекиртеги көчүрүлгөн бейтап кийин таза айыгып чыгып кетти. Анын бул кылганы медицинадагы эң чоң жетишкендик десек туура болот».

Исхар Фунлоэр 350дөн ашуун илимий макаланы жазып, 15 монографиясы чыккан. Анын жетекчилиги менен беш докторлук, беш кандидаттык диссертация жакталган.

Жакындарынын айтымында, ал 2-июлда эртең менен Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалагына караштуу клиниканын астанасында эстен танып, көз жумган. Ага «өпкөнүн кемтиги» деген диагноз коюлган. Профессорду ошол эле күнү Милянфандагы ата-энесинин жанына жерге беришти.

Кыйналган дарыгерлер

3-июлда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын брифингинде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык боюнча өкүлү Айнура Акматова азыркы оор кырдаалда дарыгерлер абдан кыйналып жатканын айтып, көзүнүн жашын тыя алган жок:

«Азыр мен медициналык кызматкерлер токтоп калган «Тез жардам» машинесин түрткөн видео боюнча түшүндүрмө бергим келип жатат. Ооба, дарыгерлер азыр жаны тынбай, күнү-түнү иштеп жатат. Мындай окуялар кездешүүдө. Техника дегенди айтып болбойт экен. Бейтапка баратканда токтоп да калышы мүмкүн. Айла кеткенде медиктерибиз түртөт да. Дарыгерлер бейтапка жетиш үчүн болгон аракетин жасап жатат».

Бишкекте вируска чалдыккандар улам көбөйүп, оорукана жана медициналык кызматкерлер жетишпегендиктен, аймактардагы дарыгерлер мобилизацияланууда.

Бишкектеги медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүш үчүн аймактардан 100гө жакын ыктыярчы-дарыгер келет.

Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 2-июлда республикалык штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн кечинде Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан, 3-июлда Баткен жана Жалал-Абад облустарынан дарыгерлер келиши күтүлүүдө. Алардын баары Бишкектеги медицина кызматкерлери жетишпеген ооруканаларга бөлүштүрүлөт. Бир бөлүгү 118 кеңеш берүү кызматынын ишине тартылат.

Урматтуу окурман, пандемия маалында кыйналган, өлүмгө учураган дарыгерлер, медайымдар тууралуу уктуруубузду уланта беребиз. Сиздерден өтүнүч, эгер маркумдар тууралуу кошумча маалымат, сүрөт, видео болсо вотсаптагы 0550 532 555 номуруна же «Инстаграммдагы»​ @azattyk.kg, @baktygulchynybaeva баракчаларына жиберип туруңуз. Биз ар бир медицина өкүлүнүн эмгегин баалап, алардын жаркын элесин элге таанытууну максат кылдык.

Профессор Фунлоэрден тышкары пандемия маалында көз жумган дарыгерлер

Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева коронавирус жугузуп, 2-май күнү көз жумду.

Республикалык штабдын маалыматында Жүзүмкан Көкүмбаеванын өлүмүнө эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуунун кемтиги, мындан тышкары жүрөк кемтиги, кант диабети, полиоргандык жетишсиздик сыяктуу өнөкөт илдеттеринин кесепети тийгени жазылды.

2-июнда коронавирустан Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун фтизиатры Альберт Исмаилов 59 жашында каза болду. 59 жаштагы Альберт Исмаиловдо COVID-19 оорусу 28-майда табылган. Бир нече күндүн ичинде эле абалы начарлап, 2-июнда көз жумду. Ал 1994-жылдан 2013-жылга чейин Кара-Кулжа райондук кургак учук менен күрөшүү диспансерин түптөп, аны жетектеп, райондогу бейтаптарды өзү жалгыз тейлеген фтизиатр дарыгер болгон.

Жамал Тазабекова - Кыргызстанда коронавирустан каза болгон дарыгерлердин үчүнчүсү. Ал 71 жашта эле. ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча бейтапканасынын ординатор дарыгери болуп эмгектенип келген. 22-июнь күнү Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө коронавирус диагнозу менен жаткан. Ал ооруну иштеп жүрүп жугузган.

56 жаштагы Мурат Жумабеков 1988-жылдан бери баш калаадагы бейтапканаларда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жетекчилик кызматтарда иштеген. Өзү амбулатордук хирургия, өпкө оорулары боюнча адистешкен дарыгер эле. Июнь айынын аягында коронавирус диагнозу коюлуп, эки өпкөсү тең пневмония болуп, 1-июлда Бишкекте көз жумду.

Ошондой эле Ноокатта бир, Бишкекте бир медайым коронавирус оорусунун курмандыгы болушту. Жалпы миңге чукул медициналык кызматкерге вирус жуккан, 35% – дарыгерлер.

Президент элге кайрылды

Коронавирус пандемиясы Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы тереңдеп кеткен маселелерди ачыкка чыгарды. Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 3-июлда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата тараткан кайрылуусунда айтты.

Президент азыркы кыйын учурдун негизги жүгүн дарыгерлер көтөрүп жатканын, алардын арасында милдетин аткарып жүрүп каза болгондор бар экенин, медицина өкүлдөрүнүн эмгеги жогорку баага татыктуу экенин белгиледи.

Жээнбеков дарыгерлердин макамын жогорулатууга, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шартында иштегендерди материалдык колдоого багытталган мыйзамга өзгөртүүлөр киргенин, аларды колдоо жана коргоо иши улантыларын кошумчалады. «Тармактагы кыйынчылыктарды жоюп, башкарууну жолго коёбуз. Болбосо улут саламаттыгы чоң коркунучка туш болорун баарыбыз ушул күндөрү көрүп жатабыз», - деди ал.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG