Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

Өмүрбек Текебаев: пандемияда өкмөт да, өзүбүз да жоопкерчиликти көрсөтпөдүк


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясынын жайылышына жана пневмониянын көбөйүшүнө байланыштуу «Ата Мекен» партиясынын лидери, парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев 2-июлда өкмөткө, элге, ишкерлерге видео аркылуу кайрылды. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган видеосунда коронавирусту «адамзатка 100 жылда бир келүүчү апаат» катары сыпаттады:

«Эки ай карантинде өкмөт жана эл вирус менен күрөшүүгө даяр болушу керек эле. Окумуштуулар аны менен кантип күрөшүүнү, кантип дарыланыш керектигин жарым жылдык тажрыйбасы менен үйрөтүшү керек эле. Эки ай өттү. Кыргызстана күн ысыды. «Ысык менен кошо вирус жок болду» деп баарыбыз көчөгө чыктык. Тойго, батага бардык, митингге чыктык. Жыйынтыгында мунун кесепети абдан оор болду. Бүгүн ондогон адам өлүп атат. Оорулуулардын саны мындан да көбөйүшү мүмкүн. Абдан оор абалга кептелдик. Эки айдын ичинде өкмөт да, өзүбүз да даяр болбоптурбуз. Өкмөт да, өзүбүз да жоопкерчиликти көргөзбөптүрбүз».

Текебаев элди карантиндик-санитардык эрежелерди так сактоого чакырды. Ал өкмөт элдин медицина менен жеткиликтүү камсыздалышына шарт түзүшү зарыл экенин билдирди. Өкмөттүн кемчилиги көп экенин, бирок азыр сындай турган учур эместигин эске салды:

«Баарыбыз жоопкерчиликти сезип, жылчыксыз фронт түзүшүбүз керек. Бүгүн да фронттогудай эле бир кадам артка жол жок. Артыбызда үй-бүлөбүз, ата-энелерибиз, балдарыбыз турат. Баарыбыз бирдей жоопкерчиликтүү болушубуз керек дегеним: 99 адам жоопкерчиликтүү болуп, бир адам туура эмес кылса, вирус ошол жылчык аркылуу кайра тарайт. Кантип вирус менен күрөшөбүз? Ал ар бирибиздин колубуздан келет. Бул - тартип, бул - дистанция, карантиндик-санитардык жөнөкөй эрежелерди сактоо. Беткап кийип чыгыңыз, эл топтошкон жерге зарыл болбосо барбаңыз. Бүгүн ар бирибиздин жоопкерчилигибизден өзүбүздүн, үй-бүлөбүздүн эле ден соолугу эмес, адамзаттын саламаттыгы көз каранды болуп турат. Ошол жоопкерчиликти унутпайлы. Колду жууш керек, беткап тагынуу керек деген талаптар күлкү келтирерлик угулушу мүмкүн. Бирок ошондой жол менен вирустун таралышына 50 пайыздан 90 пайызга чейин бөгөт кое алабыз», - деди Өмүрбек Текебаев.

2-июлга карата Кыргызстанда СOVID-19га чалдыккандар 6261 адамга жетти. Каза болгондордун жалпы саны 66 кишиге жетти. Бул - расмий маалыматтар.

Интернеттеги социалдык тармактарда вирустан көз жумгандардын чыныгы саны мындан бир топ көп экени тууралуу маалыматтар жарыяланып жатат. Вируска чалдыккандан жана өпкө кагынуудан (пневмония) ооруканалардын алдында жыгылгандар, бейтапканалар кабыл албай жаткан учурлар тууралуу видеолор да байма-бай чыга баштады.

Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Кыргызстандын бийлиги бул илдеттен өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошо элек.

Акыркы апталарда пневмония менен ооруканага кайрылгандар кескин көбөйгөнүн дарыгерлер билдирип жатышат. Март айынан бери пневмония менен жаткырылган 97 бейтап кайтыш болду.

XS
SM
MD
LG