Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 09:25

«Мураттын баскан жеринде гүл өсчү»


Мурат Жумабеков.

Акыркы бир нече суткада каза болгон дарыгерлер улам көбөйүп баратат.

Ноокатта жана Бишкекте бирден медайым, профессор, медицина илимдеринин доктору Исхар Фунлоэр, баш калаадагы «Веданта» менчик клиникасынын башкы дарыгери, мурда №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун жетектеген Мурат Жумабеков коронавирустун курмандыгы болду.

Мурат Жумабеков жубайы Айнура Жумабекова менен.
Мурат Жумабеков жубайы Айнура Жумабекова менен.

56 жаштагы Мурат Жумабеков 1988-жылдан бери баш калаадагы бейтапканаларда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жетекчилик кызматтарда иштеген. Өзү амбулатордук хирургия, өпкө оорулары боюнча адистешкен дарыгер эле. Июнь айынын аягында коронавирус диагнозу коюлуп, эки өпкөсү тең пневмония болуп, 1-июлда Бишкекте көз жумду. Анын жубайы Айнура Жумабекова азыр коронавируска кабылып, дарыланып жатат. Ал маркум жолдошу «айылга көчүп кетип, үй салып жашайм» деген кыялы ишке ашпай калганын айтат:

«Эки кыз, бир уулдун ата-энеси элек, 36 жыл чогуу жашадык. Абдан ак көңүл, чыгармачыл адам болчу. Эл «Мурат баскан жерден гүл өсүп турат» деп айткандай эле бар адам болчу. Ушул оору чыкканы такыр жаны тынбай иштеди. «Министрлик менчик ооруканаларды да коронавирус бейтаптарына даярдаш керек» деп, өзү жетектеген «Веданта» клиникасын даярдап, бүткөнү калганда ооруп, көз жуумп калбадыбы. Коронавирустан корккон жок, ооруган адамдарды карап, дайыма иштеп жатты.

Азырынча бийлик же Саламаттык сактоо министрлигинен бирөө чалып, жардам колун суна элек.

Болгону, «Веданта» клиникасынын ээси, Эл аралык университеттин жетекчилиги эле абалыбызды сурап жатат. «Пенсияга чыксам, айылга көчүп кетип, жер там салып, жер иштетип жашайм» деп кыялданчу. Кыялы ишке ашпай калды. Өмүр бою айлыкка иштедик. Байлыкка деле кызыккан эмеспиз. Шаардагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун жетектеп, ал жакты аябай оңдоду. Базардын ортосундагы шарты начар бейтапкананы гүлдөтүп койду. Ал жактан да Муратты көрө алышпай, иштен кетиришпедиби. Анан жеке менчик тарапка кетип, ийгиликтүү эле иштеп жаткан. Эми ошол ишинин үзүрүн көрбөй калды».

Мурат Жумабеков үй-бүлөсү менен.
Мурат Жумабеков үй-бүлөсү менен.

Мурат Жумабеков саламаттык сактоо тармагынын мыкты кызматкери, жогорку категориядагы дарыгер катары балдардын бронхиалдык астмасы, пульмологиядагы орчундуу маселелер жаатында бир топ илимий изилдөөлөрдү жетектеген.

«Барган жерин шаңга бөлөчү»

Мурат Жумабеков 2005-2017-жылдары Бишкек шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда башкы дарыгер болуп иштеген. Кесиптеши Жумакан Акунова анын уюштуруучулук чеберчилигин айтып эскерди:

«Мен Мурат Назарович менен беш жыл чогуу иштедим. Андан айрылганыбыз өтө оор болду. Абдан адамкерчиликтүү, өз кесибин мыкты билген, шайыр адам эле.

«Барган жерин шаңга бөлөчү»
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00

Уюштуруучулук жагы өтө күчтүү болчу. Кандай гана кыйын абал болбосун биздин маселелерди оңой эле чечип, кыйналып турсак абалыбызды шаңга бөлөп, көйгөйдү унуттуруп койчу. Ырдаганды аябай жакшы көрчү эле. Басса-турса бийлеп, ырдап эле жүрчү. Мурат агай менен иштеген өтө жеңил, жагымдуу эле. Кандай гана кырдаал болбосун тамада сыяктуу тамашага салып, баарыбыздын маанайыбызды карап турар эле».

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вируска миңден ашык медициналык кызматкер кабылды. Алардын ичинен төрт дарыгер кайтыш болду.

"Мураттын баскан жерине гүл өсчү"
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:05 0:00
Түз линк

Медайымдардын өлүмү

1-июлда Ноокатта бир, Бишкектеги Ак-Өргөө конушунда бир медайым вирустун курмандыгы болушту. Бишкектик медайымды 2-июлда жерге беришти. Бирок анын туугандары акыркы сапарга узата алышкан жок. Кайниси Дастан 55 жаштагы жеңесинен айрылып калышканына дагы эле ишене албай жаткан чагы.

«Мындан 4-5 күн мурда башы ооруптур. Эми өзү медайым болгондон кийин дароо эле оорунун белгилерин байкап, дарылана баштаптыр. Бирок кант диабети менен да ооручу. Анысы кошул-ташыл болуп, кыйналып, эки күндөн кийин ооруканадагыларга кайрылса, дароо эле реанимацияга алып кетишиптир. Биз эми мунун баарын телефондон эле угуп жаттык. Коронавирус болгондон кийин «үйгө келбегиле» деп, же «бара калалы» десек болбойт. Айтор, аябай кыйналыптыр, байкуш жеңем. Шекери 27 ммоль болуп көтөрүлүп кетиптир. «Бир жагынан дем ала албай, акырында эки өпкөсүн чапкылап кыйналды» деп айтышты. Ошо, кечээ жаман кабарды уктук.

Катуу кыйналып каза болуптур. Биз барып, акыркы сапарга узаталы десек, дарыгерлер "жолобогула" дешти. Айла жок, туруп калдык.

Туугандардан 3-4 эле киши барып, 2-июлда түшкү саат 12де жерге беришти. Жеңем аябай жароокер эле. Артында үч кызы калды. Минтип тез эле жоготуп аларыбызды билбей калдык. Бир чети акыркы сапарга кыргыздын салты менен узата албаганыбызга ичибиз ачышып жатат».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ооруган медициналык кызматкерлердин 35% ашыгы – дарыгерлер. Ал эми 65% - орто билимдүү медициналык кызматкерлер жана оорукананы тейлеген техникалык адистер. Вирус башталгандан бери канча медайым ага чалдыгып, каза болгону тууралуу азырынча министрликте так маалымат жок. Ноокаттагы «Барын» үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 60 жаштагы медайымы 1-июлда коронавирустан көз жумду.

Ноокаттагы дарыгерлер.
Ноокаттагы дарыгерлер.

Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Мариповдун айтымында, ал ооруну үйүнөн, Бишкектен кайтып барган уулунан жугузуп алган.

«Бул медайым мурда Орусияда иштеп жүрүп, жакында Ноокатка келген, - деди ал. - «Барын» аттуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ооруган адамдарга бюллетень жазып берип иштечү. Бишкектеги уулу аз күн мурда эле Ноокатка келиптир. Ал коронавирус менен ооруп келип, апасыныкында бир жума турган экен. Анан экөө тең катуу ооруп, ооруканага жаткырдык. Маркум 60 жашта эле. Кан тамыр, бөйрөк, боор оорулары, ашыкча салмак менен да жабыркачу. Ушул оорулардын баары кошулуп, вирусту көтөрө албай, 1-июлда көз жумду. Сөөгүн изилдесек, өпкөсү капкара болуп жарабай калыптыр. Колубуздан келген аракетти кылсак да сактап кала албадык».

Ушул оор күндөрү дарыгерлер дагы бир мыкты кесиптешинен ажырашты. Бишкекте медицина илимдеринин доктору, профессор Исхар Фунлоэр кайтыш болду. Мындай маалымат 2-июлда кыргызстандык дарыгерлердин «Фейсбуктагы» Doctor KG+ баракчасына жарыяланды.

Ал Улуттук госпиталдын урология корпусунун кабыл алуу бөлүмүндө көз жумганы айтылып, «эң өкүнүчтүүсү, ага орун табылганча үзүлүптүр» деп жазылды.

Профессордун өлүмүнө эмне себеп болгону айтылган жок, бирок азыркы тапта урология бөлүмүндө коронавируска чалдыккан бейтаптар дарыланууда.

Окуу жайынан жана Саламаттык сактоо министрлигинен азырынча расмий маалымат жарыялана элек.

79 жаштагы Фунлоэр Чүйдүн Милянфан айылында туулган. 1967-жылы Бишкектеги Мамлекеттик медицина академиясын, 1972-жылы Ленинграддагы клиникалык ординатураны аяктаган.

Чүй облустук ооруканасында хирург дарыгер, Бишкектеги Республикалык клиникалык ооруканада бөлүм башчы болуп иштеген. Медициналык академияда, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде сабак берчү. 150 илимий иши, анын ичинде алты монографиясы жана үч ойлоп табуу эмгеги жарыяланган.

Исхар Фунлоэр.
Исхар Фунлоэр.

Казакстандын Дунгандар ассоциациясынын расмий сайтында профессор тууралуу 2010-жылы жарыяланган макалада ал өмүрүн медицинага арнаган адам экени, дүйнөлүк медицина тарыхында алгачкы жолу эхинококкоз болгон боорго операция жасоодо лазер колдонуу ыкмаларынын бирин ойлоп тапканы, бул методика боюнча кийин Бишкекте, Ошто жана Орусиянын эки шаарында хирургдар иштеп жүргөнү жазылган.

Жердештеринин "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, маркумдун сөөгү бүгүн, 2-июлда Милянфан айылындагы көрүстөнгө коюлду.

Буга чейин миңден ашык медкызматкер вируска чалдыгып, беш дарыгер көз жумду, канча медайым жашоо менен кош айтышканын министрлик тактай элек.

Ал арада баш калаа Бишкекте дарыгерлер, медайымдар жетишпей, ыктыярчылар тартылууда. Буга чейин ооруган ар бир дарыгерге өкмөт 200 миң сомдон, каза болуп калган догдурдун үй-бүлөсүнө бир миллион сом төлөнөрүн жарыялаган эле. Бул кенемтенин канчасы төлөнгөнү тууралуу азырынча так маалымат жок. Бирок азыр кызыл зонада, вирус болгондор менен иштеп жаткандар да, катардагы дарыгерлер да пандемия бүткүчө акы төлөнүп, төлөнбөсө деле нөөмөттү таштап кетпей турганын кайталап айтып жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (7)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG