Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Тумоо маалында өз алдынча дары ичпеңиз


Акыркы бир жумада дарылардын баасы кескин кымбаттады.

Вирус күчөгөн сайын дарыканалардын текчесинде ар түрдүү дарылар азайып, буга кошумча алардын баасы да асмандады. Коомчулук бийликтен дары-дармектин баасын көзөмөлдөөнү талап кылууда.

Дары салгычта эмне болушу керек?

Ушу тапта дарыканалардын алдында кезек күткөндөр көбөйдү. Негизинен эл аскорбин кычкылын, “Арбидол”, “Эргоферон”, парацетамол жана антибиотиктин түрлөрүн алып жатканы айтылууда.

Бирок тумоонун бул жаңы түрүнөн коргонуу үчүн дары-дармекти үйүп-жыйып сатып алуу туурабы? Эмнеге Кыргызстанда вируска каршы дарылар түгөнүп калды?

Деги эле пандемия маалында үйдөгү дары салган кутуда эмне болушу керек?

Бишкекте үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштеген Айганыш бул суроого мындай жооп берди:

“Сөзсүз парацетамол болушу керек, андан сырткары вируска каршы деп “Ингаверин” дарысын жазып жатабыз. Кан басымынан кыйналгандардын дары салган кутусунда антикоагулянттар болгону жакшы. Жүрөгү ооруса же башка дагы өнөкөт оорулары болсо, сөзсүз мурда ичип жүргөн дарыларын запастап алып койгону дурус. Оорусу күчөгөндөргө антибиотик жазып жатабыз. Ошондой эле нервди эс алдырган дарылардын да зыяны жок”.

Өткөн жумадан бери Бишкектин жашоочулары мурда арзан сатылган дарылар кымбаттап, ошого карабай эл талап жатканына күбө болушту. Айрымдар "дарыны алдын-ала даярдап койгон эмес" деп мамлекетти сынга алышты.

Ал арада Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) дары-дармектердин, медициналык каражаттардын, беткап жана антисептик баасынын жогорулашына жол бербөө боюнча дарыканаларда рейд өткөрүп жатканы белгилүү болду.

"Чет өлкөлөр сатпай жатат"

Кыргызстанга чет өлкөдөн дары ташып келген “Фарватр” компаниясынын жетекчиси Жантөрө Турдубаев Орусия жана Беларуста дары өндүрүү токтогондуктан Кыргызстанда да ушундай абал өкүм сүрүп жатканын маалымдады:

“Негизи антибиотиктер менен вируска каршы каражаттар Орусиянын өзүндө да тартыш. Себеби, ал жакта эпидемия катуу жүрүп жатпайбы. Бизде дарыларды алып келгенге бардык мүмкүнчүлүк бар. Кимдин колунан келсе, алып келет. Бирок дары өндүргөн өлкөнүн өзүндө дары тартыш болсо кыйын экен. Маселен, “Арбидолду” Орусиядан сурап эле жатам. Бар десе, дароо алып келебиз. Алардагы ири фармакологиялык компаниялар биринчи кезекте дары менен өз өлкөсүн камсыз кылышы керек. Андан кийин гана экспортко чыгат. Ушул себептен улам айрым дарылар табылбай, жетпей калып жатат”.

Жөн эле дары иче берген туура эмес.

Азыркы тапта коронавирус жугуп, ооруканага жаткан бейтаптарды дарылоо мамлекеттин эсебинен жүрүп жатат.

Үйдөн эле үй-бүлөлүк дарыгерден кеңеш алып, өз алдынча дарыланып жаткандар да арбын. Айрымдар оорубаса да профилактика иретинде антибиотик же дагы башка дары-дармек ичкен учурлар катталууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин коронавируска каршы күрөшүү боюнча илимий-консультативдик кеңешинин төрагасы Талантбек Сооронбаев дары-дармекти өзүм билемдикке салып ойгелди иче бербөөгө чакырды:

“Оорубаса деле кезекке туруп, толтура препараттарды сатып алуунун кажети жок. Азыр коронавирустун алдын-алган бир да дары чыга элек. Паникага алдырбай, жалпы гигиеналык нормаларды сакташ керек. Маселен, беткап кийип, колду самындап жууп, социалдык аралыкты сактап дегендей. Ошентсе да аны жалгыз ишке ашырбай, кайсы жерде каттоодо болсо, ошол жердин үй-бүлөлүк дарыгери менен байланышып, эмне дары ичиши керек экенин сурап алсын. Өз алдынча дары-дармек ичкенге болбойт. Оорусу кандай өнүгүп жатканын улам айтып турганы оң. Дем алуусу кыйындаса, жөтөл токтобосо өпкөнү компьютердик томографиядан текшертип, пневмония барбы же жокпу, билиш керек. Болбосо азыр пневмониядан өлүп калгандар көбөйдү. Антибиотиктерди оорунун алдын-алып же “профилактика үчүн” деп догдурдун рецепти жок ичкен туура эмес. Бул тескерисинче, ооруну күчөтөт”.

Көз карандысыз эксперттер Кыргызстанда абал барган сайын курчуп бара жатканын белгилешүүдө. Ал арада социалдык тармактарда ар түрдүү дарылоо схемасын, дары-дармектердин атын таркаткандар күчөдү.

Коронавирус жаңы оору болгондуктан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аны дарылоо боюнча клиникалык протоколду улам өзгөртүп жатат.

Саламаттык жаатындагы эксперт Айбар Султангазиев мындай шартта өлкө бийлиги соода борборлорун, стадиондорду ооруканаларга айлантса болмок деген ойдо:

“60-70 керебет ачтык деп мактанбай, азыр соода борборлорду, стадиондорду ооруканаларга айлантуу керек. Германия, Англия деле ушундай кылып, элин сактап калды да. Коронавирустун орточо жана оор формасы менен үйдө жатып дарылангандар айыга албайт! Аларга медициналык жардам керек. Экинчиден, антикоагулянттык, канды суюлтуучу дары-дармектерди сатып алуу зарыл. Июлда 10 миң киши ооруй турган болсо, ошого жеткидей дары-дармектер керек. Аны биздин министрлик алдыбы? Запастарды карап чыгып, эгер жок болсо мамлекет акча бөлүшү зарыл. Андан тышкары, дүйнөлүк практикада колдонулуп жаткан “Ремдесивир”, “Фарипавир” деген эксперименталдык дарыларды да пайдаланыш керек. Албетте, алардын таасирин иликтеген учурлар аз. Ошентсе да, өнүккөн өлкөлөр пайдаланып жатышат. Бул дарыларды бийлик алдыбы же алган жокпу белгисиз”.

Беткап кийүү маанилүү!

Адистер коронавирустун белгилери байкалбаган адамдарга социалдык обочолонуу менен жеке гигиенаны сактап, коомдук жайларда, көчөдө беткап тагынып, аны эки саат сайын тазасына алмаштырууга, санитайзер колдонуп, колду самындап жуугандан тышкары күнүгө 7-8 саат уктоону сунушташат.

Уктаар алдында телефон, компьютер сыяктуу гаджеттерди колдонбоого, жаман кабарларды окубаганга чакырышат. Анын ордуна күнүгө бир сааттык кыймылдоо, активдүүлүк иммунитетти көтөрө турганын эскертишет.

Эки литрден кем эмес суу ичип, жашылча-жемиш менен азыктанган адамдын организми вирус жукса да оңой көтөрө турганын белгилешет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG