Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:24

Финпол дарыканаларды дары-дармектердин баасын негизсиз көтөрбөөгө чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) дары-дармектердин, медициналык каражаттар менен беткап, антисептиктердин баасынын жогорулашына жол бербөө боюнча дарыканаларда рейд өткөрүп жатат.

Мекеме кабарлагандай жогорудагы товарларга бааны негизсиз көтөргөндөр аныкталган жана катуу чара көрүлөт. Финансы полициясы ишкерлерге, дарыкана ээлерине абалдан пайдаланып медициналык каражаттардын баасын көтөрүүгө болбой турганын эскертти.

Ошондой эле макеме элге кайрылып, дары-дармек негизсиз кымбат сатылып жаткан окуялар боюнча Финансы полициясына 1955 номуру аркылуу чалып же receivefinpol.gov.kg@gmail.com кат жазууну өтүндү.

Соңку күндөрү Кыргызстанда дарыканага кезек күткөндөр көбөйүп, негизинен вируска каршы дарылар жок болуп жатканын жана дарылар кымбаттап кеткенин социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жазып жатышат. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG