Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:13

Бишкекке аймактардан 100дөй дарыгер жардамга келет


Бейтапты карап жаткан дарыгер. Бишкек.14-июнь, 2020-жыл.
Бейтапты карап жаткан дарыгер. Бишкек.14-июнь, 2020-жыл.

Бишкектеги медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүш үчүн аймактардан 100гө жакын ыктыярчы-дарыгер келет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 2-июлда республикалык штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн кечинде Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан, 3-июлда Баткен жана Жалал-Абад облустарынан дарыгерлер келиши күтүлүүдө. Алардын баары Бишкектеги медицина кызматкерлери жетишпеген ооруканаларга бөлүштүрүлөт. Бир бөлүгү 118 кеңеш берүү кызматынын ишине тартылат.

«Бишкекте дарыгерлер жана медайымдар абдан жетишпей жатканын түшүнүп турабыз. Ошондуктан аймактардан ыктыярчыларды тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Келген ар бир кызматкер кайда жөнөтүлөрүнө карабастан, эмгек акы жана кошумча төлөм алат. Алардын жашай турган жери даяр. Эртең алар ишке киришет», - деди Боронов.

Жыйында бейтаптар үчүн дагы 700дөн ашуун орун даяр болору айтылды. Айрым окуу жайларынын жатаканалары убактылуу ооруканага айландырылууда. Өкмөт башчы күн сайын аз дегенде 500дөн керебет-орун даярдоого тапшырма берди. (BTo)

XS
SM
MD
LG