Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Иниси оорукана алдында көз жумган адам агасы да кайтыш болгонун кабарлады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте оорукананын алдында иниси жан берген адам эми ооруган агасынан айрылды. 1-июлда кечке жуук Данияр Эрназаров аттуу тургун кайтыш болгонун «Азаттык» радиосуна анын иниси Баймурат Эрназаров билдирди:

«Бир апта ичинде эки бир тууганымдан айрылдым. Агам инимден эрте ооруп баштаган экен. Ал Орусиядан ооруп келген. Абалы кескин оорлошуп кетти. Тести таза чыккан».

Бул үй-бүлөнүн окуясын «Азаттык» 27-июнда баяндаган. Бишкек шаарынын тургуну Баймурат Эрназаров өпкөсү сезгенип, ооруп калган иниси Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн короосунда дарыгерлерге жетпей жан бергенин билдирген. Инисинин дене табы 22-июнда көтөрүлгөн. Адеп коронавируска тапшырган анализи таза чыкканы менен абалы жеңилдеген эмес. Мындан улам туугандары аны Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга, Чүй облустук ооруканасына алып барышканы менен бирөө да кабыл албай койгон.

Кыргызстанда кийинки күндөрү өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооругандар көбөйдү. Март айынан бери коронавирус деген диагноз коюлган 66 бейтап, ал эми пневмония менен жаткырылган 97 бейтап кайтыш болду.

Ооруканада орун жок, орун болсо дарыгер жетишсиз болгондуктан медициналык жайга жетпей каза болгондор көбөйгөнүн социалдык түйүндөргө жарыяланып жаткан видеолордон көрүүгө болот. (AiA)

Кененирээк: Эки бир туугандан ажыраткан пандемия

XS
SM
MD
LG